Кыргызстандагы эки университет жана институт эл аралык билим берүү сервисине кошулду

2020-ж., 24-November

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы эки университет жана институт  эл аралык билим берүү кызматтарына кошулууга мүмкүнчүлүк берди. Университеттер алган мүмкүнчүлүктөрдүн арасында ресурстарга коопсуз кирүү, көлөмдүү электрондук сактагыч, кеңсе программаларына лицензиясы бар ресурс, видео конференция кызматтары кирет.

Ошентип, БУУӨП И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин (КГТУ), М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин алдындагы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра иштетүү институтун Google Education Suite, Microsoft 365 кызматтарына кошту, жана билим берүү тутумдарын өркүндөтүү максатында  Eduroam кызматына кошту.  

Бул иш-чаралар БУУӨПтүн «Санариптик экономика шартында санариптик өнөр жана жаштарды жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Ошондой эле бул ресурстарды колдонуу максатында БУУӨП тарабынан окутуу тренингдер 19-21 Октябрь айында өткөрүлгөн. Тренинге тутумдун администраторлору жана университетттердин мугалимдери катышты. Жалпысынан 29 адам тренингге катышты. Билим берүү программасын даярдоо, конфигурациялоо боюнча окутуу программасы катышуучулар тарабынан абдан жакшы пикирлерди алды.

Онлайн ресурстар тууралуу маалымат

Eduroam – бул илимий изилдөө, жогорку билим жана үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү менен алектенген адамдар үчүн эл аралык роуминг кызматы. Анын жардамы менен илимпоздор, окутуучулар жана студенттер ар кандай билим берүү мекемелеринде оңой жана коопсуз тармакка кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Microsoft 365 – бул каттонун негизинде таркатылган веб кызматтарынын жыйындысын бириктирген бүтүндөй программалык продукт. Анын ичинде 25 гигабайт бош мейкиндиги бар skydrive pro сактагычы, почта үчүн 50 гигабайт бош мейкиндиги бар электрондук почта жана онлайн режиминде видео-конференция кызматы бар. Албетте мындай билим берүү пакетине катталуу үчүн акы төлөнөт, бирок бул көйгөй БУУӨПтүн каржылоосу менен чечилди.

Google Suite for Education – коммерциялык эмес орто жана жогорку билим берүү уюмдары, анын ичинде үйдө иштегендер үчүн акысыз булут шаймандарын камтыйт. Жеткиликтүү кызматтарга Gmail, Google Диск, Календарь и Класс сыяктуу колдонмолору кирет. Бул тиркеме колдонмо администраторлор үчүн кошумча корпоративдик функцияларын жана өркүндөтүлгөн аналитикалык куралдар менен касыз кылат.

Бул демилге Россия Федерациясынын финансылык каржылоосу астында жана БУУӨПтүн «Санариптик экономика шартында санариптик өнөр жана жаштарды жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Долбоордун негизги максаты – санарип экономика шартында жаштардын жумуш менен камсыз болушун жогорулатууга багытталган.