Гульнара Макешева: «Мезгил менен үзөңгүлөш баруу үчүн, Интернетке кирүү жетиштүү»

2021-ж., 24-June

Интернет  жана социалдык тармактар Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды  (МКЮЖ) кызматкерлерине кардарлар, юристтер жана жарандык сектордун активисттери менен иштөөгө жакшы жардам берет.   Кыргызстандын алыскы аймактарында онлайн баарлашуу азырынча жакшы өнүкпөй жатканы маселе болуп калууда. Нарындагы юрист Гульнара Макешева  ушундай деп эсептейт. Ал Ысык-Көлдө 17-июндан 23-июнга чейин өткөн МКЮЖ КБ кызматкерлери жана бейөкмөт уюмдар, алардын өнөктөштөрү үчүн семинар-тренингдин катышуучусу.  

Гульнарага тренингдин экинчи күнү абдан жакты: ишемби күнү 19-июнда катышуучулар соцтармакта баарлашуу көндүмдөрүнө үйрөнүштү. Аны эмне үчүн ушул предмет кызыктырып калганын ал мындайча түшүндүрүп берди:

- Мен Нарын областы боюнча Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун координаторумун жана бул уюмдун жалгыз кызматкеримин. Элестетсеңиз, жалпы аянты 45 миң 200 чарчы километр келген, калкы 289 миң адамдан ашкан кичинекей эмес аймак. Болгону бир адамды түзгөн МКЮЖ КБнын “командасы”,  башкача айтканда, мен. Бардык ишти жалгыз мен аткарышым керек: эл менен баарлашуу, муктаж болгондорду консультацияга жиберүү, ал эми колунда жок камактагыларды - акысыз жактоочуларга жиберип туруу керек,  биздин областта андай он жактоочу бар. Нарын шаарында жашайм, бирок кызматымдын мага таккан милдетинин аркасында бүт областтын  тургундары менен баарлашам.

- Автомашинада көп жүрсөңүз керек, бензин арзаy эмес болуп жатат го. Сиз, өз кесибиңиздин аркасында соцалдык тармактын активдүү катышуучусу болуп жатсаңыз керек.

 

- Албетте, менин акчама көп нары бери  жүрө албайсың. Ары бери жүрбөй, негизинен отурууга туура келет. Бирок муну бир нече виртуалдуу мейкиндикте - Фейсбукта, «Одноклассникте», «Инстаграммда», «Whatsappта» жүргүзүү керек.

- Нарын областынын көпчүлүк жашоочулары, өзгөчө сиздин кардарлар өздөрүнө компьютер сатып ала алышат деп ойлобойм.

- Албетте, көбү эмес. Бирок, уюлдук телефон дээрлик баарында бар. Биздин областта байланыш жана Интернет дагы жакшы иштейт. Негизинен, баарлашууну да, консультация берүүнү да онлайн жүргүзсө болот. Мен ушундай кылам: өзүмдүн карамагымдагыларга консультация берем, аларды жактоочуларга жана юристтерге жөнөтөм. Юристтер да консультацияларын онлайн беришет.

- Болуп жатабы?

- Биз каалаганчалык болбой жатат, анткени бул жерде эки проблема бар. Алардын бири, менин көпчүлүк жердештерим нарындыктар, глобалдык тармакта баарлашууга көнүшкөн эмес. Ооба, уюлдук телефондор бизде жаңылык эмес. Алар аркылуу виртуалдуу мейкиндикке кирүү да кыйын эмес. Азыр муну беш жаштагы бала да жасай алат. Бирок мүмкүнчүлүккө ээ болуу - башка, ал эми аны колдоно билүү башка. “Жапайы оюнчук”, Интернет көнүмүш адатка айланып, күнүмдүк турмушка сиңип кетиши үчүн убакыт керек. Биз өз психологиябызды өзгөртүшүбүз керек.

- Экинчи проблема кайсы?

- Экинчиси, мен өзүм да өзүмдү, өз уюмумду, анын ишмердүүлүгүн, МКЮЖ системасын социалдык тармактарга жарнамалап, пиар кылууга устат эмесмин, ошондой эле адамдарга алар аркылуу акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айта албайм. Мына ушуга семинардын бир күнү багытталды, ушул менин эсимде көбүрөөк сакталып калды.

- Тренингде кайсы темаларды окудуңар?

- Биринчи кезекте, албетте, социалдык тармактарды, каналдарды колдонуу. Максаттуу аудиторияны тандоо, стратегияга чөмүлүү. Контентти түзүү жана колдонуу, таргеттелген жарнаманын ыкмалары. SMM,  тексттерди жана таасир этүүнүн визуалдык шаймандарын колдонуу. Өзүнчө, абдан кызыктуу тема - колдонуучулар - ар кайсы социалдык тармактын өкүлдөрү менен баарлашуу, гендердик сезимтал лексиканы колдонуу.  Учурдан пайдаланып, тренингдин уюштуруучуларына БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбооруна чоң ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Бул долбоор биздин мамлекетте  МКЮЖ системасынын өнүгүшүнө жана калыптанышына зор салымын кошуп келет.  Адвокаттарга, МКЮЖ КБ кызматкерлерине окууларды өткөрүүдө, укуктук жардам борборлорун ачууда, МКЮЖ субъекттери менен өз ара кызматташууну орнотууга жардам берүүдө.

- Сиз өзүңүздүн максаттуу аудиторияңызга - Нарын областынын жашоочуларына эмне каалап кеткиңиз келет?

- Көбүрөөк маалымдуу жана коммуникабелдүү болуу, өзүнүн жарандык укуктарын жакшы  билүү. Анан албетте, мезгил менен үзөңгүлөш жүрүү. Азыр, жыйырма биринчи кылымда, муну бөлмөдөн чыкпай эле аткарып коюуга болот. - болгону виртуалдуу мейкиндикте баарлашуу искусствосун өздөштүрүү жетиштүү.