Биздин тренинг - иштегендер үчүн!

2021-ж., 22-June

Укук коргоочуларды жигердүү иштөөгө үйрөтүү, жактоочуларга  жана юридикалык кызматтарга муктаждарга жардам берүү – Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ КБ) кызматкерлери жана алардын өнөктөштөрү, бир катар коомдук уюмдардын активисттери үчүн Ысык-Көлдө 18-июндан 23-июнга  чейин  өткөн тренинг-семинардын максаты.

18-июнда, жума күнү, жолугушуунун уюштуруучулары катышуучулар менен аналитикалык отчетторду түзүүнүн сырлары менен, ал эми кийинки күнү - Интернеттеги социалдык тармактар ​​жана максаттуу аудитория менен иштөө ыкмалары, үгүттөө ишинде тексттер жана визуалдык куралдар социалдык жарнама, ошондой эле ар кандай курактагы жана жыныстагы жана социалдык топтордогу баарлашуунун кылдаттыктары менен бөлүшүштү. Ал эми жекшемби күнү, 20-июнда, өнөктөштөр кызматташуунун мындан аркы пландарын талкуулашты. Жолугушуу "эки коенду бир ок менен атууга" мүмкүнчүлүк түздү: биринчиден, бейөкмөт уюмдардын активисттерин жана МКЮЖ КБ кызматкерлерин алардын ишине керектүү көндүмдөр жана билимдер менен камсыз кылуу. Экинчиден - экөөнө тең бири-бири менен жолугушууга, биргелешип иштөө үчүн зарыл болгон жеке байланышты түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү, деп эсептейт семинардын уюштуруучуларынын бири, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун адиси Бакыт Кадыралиева:

- Биздин өнөктөштөр, коммерциялык эмес уюмдар МКЮЖ КБ менен өз ара кызматташуусу абдан маанилүү. Бул максаттарга жетүү үчүн, биздин долбоордун көмөгү алдында МКЮЖ КБнын бейөкмөт уюмдар (БӨУ) жана юридикалык клиникалардын өкүлдөрү менен координациялык жолугушуусу уюштурулду. Анын натыйжасында түзүлгөн Координациялык кеңешке бүт республикадан сексенден ашык БӨУлар кирген. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өз ара кызматташуу туурасында макулдашууга кол коюлган.

Башында биз мүмкүн болушунча көбүрөөк өкмөттүк эмес уюмдарды тартууну каалаганбыз. Бирок кийинчерээк, жигердүү иштеген, аракеттерди координациялаган, кардарларды  МКЮЖ КБга  кайра жиберген уюмдар өтө аз экенин түшүндүк, жана бул негизги кыйынчылык болуп калды. Кийинчерээк, биз сандан сагы сапат маанилүү экенин түшүндүк.

- Ага эмне жолтоо болуп жатат?

- Биринчи кезекте аймактар менен байланыш жетишпей жатат. Анткени,  башкаларга караганда жигердүү иштеген БӨУлар Бишкекте жана Чүй областында топтолгон. Биздин көңүл чордондон - Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын сыяктуу башка аймактар чыгып калды. Негизги кыйынчылык ушунда болуп жатты. Буга байланыштуу, Координациялык кеңештин Катчылыгы борборду аймактар менен байланыштырган бейөкмөт уюмдардын негизин түзүүнү чечти.

 Ушул жылы Катчылыктын мүчөлөрү аймактарда бир катар жолугушууларды өткөрүштү.  Алардын ар биринин жүрүшүндө Координациялык кеңештин башкаларга салыштырмалуу активдүү катышуучулары тандалып алынды, алардын ар бири БӨУ менен МКЮЖ КБнын байланышын камсыз кылып турат. Биз ар бир аймактан, кеминде ушундай эки уюмду тандоого аракет кылдык.

- Сиздин пикириңизде, семинардын жүрүшүндө жасалгандардын ичинен эң маанилүүсү кайсы?

Биз тренингдердин темаларын катышуучулардын  арасында суроо талапты эске алуу менен тандайбыз. Аларды биринчи кезекте консультация жана интервью берүү темалары кызыктырды: анткени алар күн сайын өз кардарлары менен баарлашат, алар бул баарлашууну натыйжалуу жүргүзүшү керек, мүмкүн болушунча көбүрөөк жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Алар СММ боюнча тренингден да өтүштү. Мындай тренингдердеги керектөөлөр жана аларды жүргүзүү боюнча сурамдар бейөкмөт уюмдардын өкүлөрү тарабынан дагы , МКЮЖ КБ нын өкүлдөрүнөн да келип түштү. Ошондуктан, биз “бир ок менен эки коенду атуу менен” аларды бириктирүүнү чечтик: биринчиден, аларды бирге окутуу, экинчиден - алардын ортосунда натыйжалуу коммуникацияны куруу керек.

Ошондой эле катышуучулар коммуникациядагы жаңылыштыктар боюнча тренингден өтүштү, пландаштырууну үйрөнүштү. Менин оюмча, бул абдан маанилүү бөлүгү, анткени окууда бардык аймактын келген катышуучулар бар.

- Эгер проблемалар туурасында айта турган болсок, МКЮЖ КБ нын жана анын өнөктөштөрүнүн ишине эмне көбүрөөк жолтоо кылат?

- Негизги  проблема - Макулдашууга катышып жаткан Бейөкмөт уюмдардын саны көп болгон  учурда, алардын ишинин сапаты жетишпей жатканында болду.  Бул алардын жана МКЮЖ БК нын ортосунда байланыштын жоктугунан  келип чыкты. Менин оюмча, биз бул боштукту  толтура алдык. Ошондой эле, биздин жолугушууга катышкан БӨУлар эми өзүнө окшогон башка бейөкмөт уюмдар менен байланышты камсыз кылып турушат.

  Тренинг Чок-Тал айылында, БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин "КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу алдында өтүүдө. Катышуучулар -  МКЮЖ КБнын кызматкерлери жана БӨУ өкүлдөрү.