Кыргыз Республикасы Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (УДАС) жаңыртылган версиясы — УДАС 3.0 документин иштеп чыгууну соңуна чыгарып жатат. Бул документ Париж келишиминин алкагында өлкөнүн климаттык саясатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктаган негизги стратегиялык инструмент болуп саналат. Процесс Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациясы астында, БУУӨПтүн Climate Promise глобалдык демилгеси аркылуу техникалык жетекчилиги менен ишке ашырылууда.
Кыргызстан климаттык амбицияларын күчөтүүдө: УДАС 3.0 даярдоонун жүрүшү
2025-ж., 15-July
Кыргыз Республикасындагы УДАС боюнча консультациялары
Бүгүнкү күнгө карата жетишкендиктер:
Тараптар аралык макулдашуулар жана эксперттик талкуулар эске алынып, УДАС боюнча чаралар жана артыкчылыктарды картага түшүрүү аяктап жатат.
Митигация жана адаптация багыттарында амбициялуу, реалдуу жана макулдашылган чараларга басым жасалган УДАС 3.0дүн биринчи долбоору даярдалууда.
Энергетика, өнөр жай, айыл чарба, суу ресурстары, саламаттык сактоо, соода, гендердик маселелер жана башка тармактарды камтыган 11 негизги багыт боюнча сектор аралык консультациялар өткөрүлдү.
УДАС 2.0нин аткарылышына терең анализ жүргүзүлүп, жетишкен жыйынтыктар, тоскоолдуктар жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү аныкталды.
Парник газдары боюнча аналитика финалдаштырылып, прогрессти чагылдырган тараптар аралык матрица макулдашылды.
БУУнун агенттиктери, эл аралык жана улуттук өнөктөштөр менен бирге 10дон ашуун тематикалык вебинарлар жана диалог өткөрүлдү.
2025-жылдын 13–24-майында өлкөнүн 7 облусун камтыган Жаштар климаттык кербени өткөрүлүп, коомдук колдоо жана жаш муундун климаттык аң-сезимин калыптандырууга маанилүү салым кошту.
Процесс Кыргызстандагы БУУнун системасынын координациясы менен, “Бирдиктүү БУУ” (One UN Approach) принцибин сактоо аркылуу коштолот. Негизги эл аралык өнөктөштөр төмөнкүлөр:
🔸UNICEF – балдардын укуктары жана муктаждыктарын, климаттык билим берүү маселелерин интеграциялоо боюнча;
🔸 UNITAR – технологиялык муктаждыктарды баалоо (TNA), синергия жана билим берүү боюнча;
🔸 БУУӨП HQ/IRH – абанын сапаты боюнча;
🔸 Азия Өнүктүрүү Банкы (ADB) – туруктуу шаар өнүгүүсү жана таштандыларды башкаруу боюнча;
🔸 Европа Биримдиги (EU) – жүгүртүүчү экономика маселелери боюнча;
🔸 IRENA – жеке секторду кайра жаралуучу энергия өнүгүүсүнө тартуу боюнча;
🔸 NDC Partnership – процессти координациялык жактан колдоо боюнча.
Айзада Бариева, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү улуттук УДАС боюнча иш-чарасында
Ошондой эле мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтык жүрүп жатат.
УДАС 3.0дүн максаттарын ишке ашырууну күчөтүүчү кошумча демилгелер:
UNITAR тарабынан каржыланып, БУУӨПтүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан климаттын өзгөрүшү боюнча билим берүү программасы адистердин жана кеңири коомчулуктун климаттык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Жашыл климаттык фонддун (GCF) каржылоосу менен “Улуттук финансылык институттардын жашыл жана климаттык каржылоого жетүү жана пайдалануу жөндөмүн жогорулатуу” долбоору ишке киргизилип, өлкөнүн климаттык инвестицияларга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган.
Улуттук адаптациялык план (НАП), Улуттук биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо стратегиясы жана иш-аракеттер планы (НБСАП) жана жердин деградациясынын нейтралдуулугу (LDN) боюнча максаттар УДАС 3.0дүн түзүмүнө интеграцияланып, климаттык жооп кайтаруунун комплекстүү мүнөзүн камсыздайт.
Алдыда УДАС 3.0дүн биринчи долбоорун коомдук талкууга коюу, ачык коомдук консультациялардын сериясы жана кошумча эксперттик пикирлерди киргизүү пландалууда. УДАС 3.0 Кыргызстан үчүн 2035-жылга чейинки туруктуу климаттык трансформациянын негизи болот.
Биз бул маанилүү улуттук процесске катышып жаткан бардык өнөктөштөргө, эксперттерге жана адистерге ыраазычылык билдиребиз жана коомчулукту бул маанилүү диалогдун активдүү катышуучусу болууга чакырабыз.