Көзгө көрүнбөгөндөрдү коргоо: "Көчө юристтери" адамдардын укуктарын кантип калыбына келтирет

Көп учурда адам өмүрүнө маанилүү болгон медициналык жардамды дары-дармек жоктугунан эмес, жөнөкөй эле документтердин жоктугунан улам ала албай калат. "Биз адамды элементардык түрдө паспорту жок болгондуктан, каттооого тургуза албай койгонбуз", — деп эскерет параюрист (укук коргоочу) Сергей өзүнүн укук коргоо тармагындагы жолу кандайча башталганы тууралуу.

2026-ж., 18-August
Close-up of hands with a pen writing in a notebook on a wooden desk, laptop nearby.

Ал бул тармакка көп убакыт мурун, ВИЧ менен жашаган адамдарды колдоо долбоорлорунда иштеп жүргөндө келген. Денелик жана медициналык жардам укуктук маселелерди чечпей туруп туңгуюкка кептелерин дал ошол кезде түшүнгөн. Сергей жана анын кесиптештери коомдук коргоочулардын расмий статусу пайда боло электе эле, өз демилгеси менен кардарларына паспорт алууга жана алардын укуктарын коргоого жардам беришкен.  

"Биз юридикалык долбоорлордо иштебесек дагы, укуктук маселелер менен алектенчүбүз. Жөн гана акысыз жардам көрсөтүп, бул жумушту эч кандай акысы жок жасачубуз", — дейт ал ошол мезгил жөнүндө. "Көчө юристтери" долбоору калыптана баштаганда, Сергейди командага кошулууга чакырышкан.  

Бүгүнкү күндө ал бир эле учурда эки багытта иштейт: "РАНС Плюс" коомдук фондундагы шприц алмаштыруу пунктунда жана "Ганеш" коомдук фондунун зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн кризистик борборунда. Анын кардарларынын арасында түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдар жана башка негизги топтордун өкүлдөрү бар. Ар бир кайрылуунун артында татаал адамдык тагдыр жана көп учурда коомдун түшүнбөстүгү жатат.  

Ал өзүнүн күнүмдүк жумушунун так жана боёксуз сүрөтүн мындайча сүрөттөйт:  

"Көйгөйлөр күнүмдүк эле нерселер: паспорттоштуруу, документтерди калыбына келтирүү, — деп тизмектейт Сергей. — Биз соттук отурумдарга катышабыз, абактан чыккан адамдарга жардам беребиз. Башкача айтканда, кардар иш жүзүндө юридикалык жардамга муктаж болгон бардык жерде болобуз".  

Бул жардам үзгүлтүксүз иштеши үчүн параюристтер мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү нөлдөн баштап курууга туура келген.  

“Алдынкы убакта, баарын бир нукка салып алгыча бир топ кыйын болду, — деп мойнуна алат ал. — Адамдарды издеп таап, ар кандай ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары менен таанышып, кырдаалды түшүндүрдүк: кайда, кандай адамдар жана кайсы топтор менен иштей турганыбызды айттык. Жыйынтыгында алар бизди колдоп, кадамдарды жасашты". 

Параюристтердин өздөрүнүн да кесиптик деңгээли өсүүдө. Алардын өнүгүүсүнө эл аралык өнөктөштөр жана тажрыйбалуу насаатчылар чоң салым кошууда. Зомбулук же жашы жете электердин укуктарын коргоо менен байланышкан татаал иштерде кесипкөй адвокаттар көмөккө келишет.  

"БУУнун Өнүктүрүү программасы дайыма тренингдерди өткөрүп, квалификациябызды жогорулатып турат. Мыйзамдар өзгөрөт, мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби, арыздарды жана даттанууларды берүү эрежелери жаңыланат. Окутуу учурунда биз көптөгөн жаңы өзгөчөлүктөрдү үйрөнөбүз,” — деп баса белгилейт Сергей. — “Координациялык кеңештер түзүлүп, анда биздин юристтер татаал иштерди чечишет. Алардын аркасында биз өстүк, алар бизге өздөрүнүн билимин жана күч-аракетин жумшашты".  

Ай сайын Сергей телефон аркылуу ондогон суроо-талаптарды кабыл алат жана башка республикада төрөлгөн жарандын жоголгон документтерин калыбына келтирүү же кимдир бирөөнү мыйзамсыз аракеттерден коргоо сыяктуу бир нече татаал иштерди колго алат.  

Өзүнүн күнүмдүк татаал жумушунун жыйынтыгын ал жөнөкөй жана чынчылдык менен чыгарат:  

"Албетте, бардыгына кудуретибиз жетпесе керек, бирок колубуздан келгендин баарын жасайбыз".  

Бул материал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте, АИЖВ, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каржылык колдоосу астында ишке ашырылып жаткан БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасында АИЖВны жана КУну натыйжалуу көзөмөлдөө» долбоорунун алкагында даярдалды.