Өмүркан Саякбаева: Кочкор-Атанын жаштарын шыктандырып жаткан климаттык активист

Өмүркан Кыргызстанда климаттык келечекти калыптандырып жаткан жаңы муундун өкүлү. Анын климаттык жана экологиялык жоопкерчилиги маалымат берүү менен эле чектелбестен, активдүү аракеттерди, жеке катышууну жана лидерлик позицияны камтыйт.

2025-ж., 14-July
A collage featuring a woman holding a certificate, gardening tools on soil, and a smiling girl.

Омуркан Саякбаева, Кочкор-Атанын жаш климаттык активист

Өмүркан Саякбаеванын өздүк архивинен

«Мен үчүн климат жөн гана кызыгуу эмес. Бул — жашоо образы. Ар бир жаран өзүнүн короосуна, көчөсүнө жана келечегине жоопкерчилик алганда гана биз жашообузду жакшы жагына өзгөртө алабыз деп ишенем», — дейт Өмүркан.

Экологиялык тренингдерди өткөрүүдөн тартып жаштардын ыктыярдуу демилгелерин уюштурууга чейин, Өмүркан өзүнүн туулуп-өскөн аймагындагы жаштарды таштандыларды сорттоого, сууну жана электр энергиясын үнөмдөөгө, ишемби тазалоо күндөрүнө жана «жашыл» акцияларга катышууга шыктандырат. Ал өз ишин Кыргызстандын Париж келишиминин алкагындагы климаттык максаттарына жетүүгө багытталган УДАС 3.0дүн процесстерине кошкон салымы катары көрөт.

Анын кыялы кыялында өлкөдө таза аба жана көлөкөлүү парктар кадимки көрүнүшкө айланган учур. Таштандылар — бул керексиз нерсе эмес, кайра иштетүүгө мүмкүн болгон ресурс. Планетага кам көрүү — бул өзгөчө учур эмес, көнүмүш адат. Климаттык билимди жайылтып, жаштарды катышууга үндөп жана өзү үлгү болуу менен бирге, Өмүркан бизге УДАС 3.0 жөн гана документ эмес, бул — дал ушундай адамдар алга сүрөп жаткан кыймыл экендигин эскертип турат.

Өмүркан 2025-жылдагы Жаштар климаттык кербенинин катышуучуларынын бири. Бул демилге өлкөнүн жети облусунан жаштарды бириктирген жалпы улуттук платформа болуп саналат. Тренингдер, дискуссиялар жана коомчулук менен болгон диалогдор аркылуу Кербен жаштардын климат боюнча сабаттуулугун жогорулатып, УДАС 3.0 үчүн алардын сунуштарын топтоду. Бул документ Кыргызстандын расмий климаттык стратегиясы катары кабыл алынган.

УДАС 3.0дү жаңылоо процесси Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилиги алдында ишке ашырылып, өлкөнүн Париж келишиминдеги климаттык милдеттенмелерин чагылдырат.

БУУӨП «Climate Promise» глобалдык демилгесинин алкагында Кыргызстанга инклюзивдүү, амбициялуу жана ишке ашырылуучу климаттык багытты иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө көмөктөшүп келет. Бул саясат бардык жарандардын, өзгөчө жаштардын, кызыкчылыктарын эске алган саясат болууга багытталган.