Кыргызстан туруктуу инвестицияларды тартуу үчүн ТӨМ инвестор картасын ишке киргизди

2025-ж., 19-June
Colorful flags and icons representing sustainable development goals with "#UNDPKG" displayed prominently.
БУУӨП Кыргызстан

Бишкек, 19-июнь, 2025 — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен өнөктөштүктө Кыргызстан ТӨМ  Инвестор картасын расмий түрдө ишке киргизди.

ТӨМ Инвестор Картасы - бул Туруктуу өнүгүү максаттарына  жана өлкөнүн улуттук өнүгүү артыкчылыктарына шайкеш келген артыкчылыктуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү аныктаган рыноктук чалгындоо куралы. Ал инвесторлорго приоритеттүү тармактар, рыноктун керектөөлөрү жана потенциалдуу өнөктөштөр жөнүндө толук маалымат менен камсыз кылып, негизделген инвестициялык чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бул курал буга чейин бир нече өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырылган жана узак мөөнөттүү туруктуу инвестицияларды тартууда натыйжалуулугун далилдеген. Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча 47 өнүгүп келе жаткан рынокко кошулуп, бул дүйнөлүк таанылган методологияны колдонгон Борбордук Азиядагы биринчи өлкө болду.

Улуттук инвестициялык агенттиктин (УИА) жетекчилиги астында жана БУУӨптүн техникалык колдоосу менен иштелип чыккан Карта энергиянын кайра жаралуучу булактары, инфраструктура, тамак-аш жана суусундуктар, кызмат көрсөтүүлөр жана билим берүү сыяктуу секторлордо жеке сектордун капиталы өлчөнгөн экономикалык, социалдык жана экологиялык кирешелерди бере ала турган 9 Инвестициялык Мүмкүнчүлүктөрдүн Аймактары  (ИМА) камтыйт. Кошумча үч  ИМА келечектеги чалгындоо үчүн потенциалдуу аймактарды белгилеп, «жаңылануучу» деп белгиленген.

Бизнес жана өкмөт өкүлдөрү ТӨМ Инвестор картасынын потенциалын туруктуу өнүктүрүүдө негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн эффективдүү курал  катары белгилешти. «ТӨМ Инвесторлор картасы Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу, туруктуу өсүшкө жана өнүгүүгө көмөктөшүүчү негизги курал  болоруна ишенебиз», - деди УИАнын директору Фархат Иминов.

Кыргызстандын ТӨМ Инвесторлор картасы эми ТӨМ  Инвесторлор Платформасы аркылуу жалпыга жеткиликтүү болуп, ТӨМгө ылайыкталган инвестициялык чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматка негизделген түшүнүктөрдү берет. Жыйынтыктар алардын актуалдуулугун камсыз кылуу үчүн эки жылда бир каралып, жаңыртылып турат.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева бул демилгенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындай деди: «ТӨМ Инвесторлор картасы жеке капитал менен улуттук өнүгүү максаттарынын ортосунда стратегиялык көпүрөнү сунуштайт. Бул инвестиция тартуунун практикалык куралы  болуп саналат, ал киреше гана алып келбестен, адамдарга жана планетага туруктуу таасирин тийгизет».

ТӨМ  Инвесторлор картасын ишке ашыруу инвестициялык процесстин ачыктыгын күчөтөт жана эл аралык инвесторлордун Кыргызстанга болгон ишенимин жогорулатат. БУУӨП  жана УИА платформада бардык инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен өлкөгө инвесторлорду тартуу боюнча аракеттерин улантат.