Бизнесте адам укуктарынын урматталышына укук коргоочулардын салымы
2024-ж., 5-January
Бизнесте адам укуктарынын сакталышына укук коргоочулардын маанилүү салымын Адам укуктары боюнча ишкердик ишмердүүлүктүн жетектөөчү принциптери да тааныган. Алардын адам укуктары жаатында талаптагыдай этияттык көрсөтүүдө, кызыкдар тараптардын бул багыттагы тобокелдиктерди талдай билүүсүндөгү маанилүү ролу баса белгиленет.
Атап айтканда, Жетектөөчү принциптер:
- ишкерлерди адам укуктары багытындагы кырдаал тууралуу эксперттик булак катары көп чыгып жүргөн укук коргоочулар менен акылдашууга чакырат, алардын байкоочу, коргоочу жана ортомчулук ролу баса белгиленет;
- мамлекетти укук коргоочулардын мыйзамдуу ишмердигине тоскоолдуктардын жаралышына жол бербөөгө үндөйт.
“Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фондунун, “Бир дүйнө-Кыргызстан укук коргоо кыймылы” коомдук уюмунун укук коргоочулары менен баарлаша алдык. Укук коргоочулар Кыргызстандагы бизнес жана адам укуктары күн тартибине кошкон салымдары боюнча айтып беришти.
“Адилет” укуктук клиникасы маселенин бардык өңүтүндө жарандардын укугун коргоону көздөйт. Укук коргоочулардын ишинин басымдуу бөлүгүн мамлекеттик органдардын алдында качкындардын кызыкчылыгын коргоого байланыштуу. Адистер мамлекет тарабынан кабылданып жаткан мыйзамдарды талдоо, саясаттарын иштеп чыгуу багытында да иш алпарышат.
“Биз бизнес жана адам укуктары жаатында изилдөө жүргүзүп, анын негизинде өз пикирлерибизди даярдап, өкмөткө сунуштарды киргизебиз. Иш жалпы жонунан адам укуктары, аларды сактоодо бизнестин ролуна багытталган. Өлкөбүздө ар бир субъектинин – мейли бул соттук карообу, мамлекеттик органдардын алдында же ишкананын өз деңгээлинде кызыкчылыгыбы, айтор, укуктар корголууга тийиш, – деген пикирин билдирет юрист Наталья Сергеева.
Кыргызстанда адам укуктары жаатындагы бизнес темасы – азырынча жаңылык. Мындай кеп расмий деңгээлде алгач ирет Акыйкатчынын 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча даярдалып, парламентке жолдонгон докладында айтылган. Анын негизинде былтыр июнь айында Жогорку Кеңештин токтомуна Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу сунушу Министрлер кабинетине сунулган. Бул демилгени Экономика жана коммерция министрлиги колдогон, анткени дал ушул мекеме ишкердик ишмердүүлүккө, бул тармактагы саясатты иштеп чыгууга жооптуу эмеспи. Ал бизнес ассоциациялары менен тыгыз иш алпарып, мамлекеттик чараларды жөнгө салат.
Теңата өнөктөшү – Акыйкатчы аппараты. Бул – мыйзам бузууга кай тарап барбасын, мейли бизнес, мейли мамлекет же балким башка бир киши болсун, адам укуктарынын корголушуна байкоо сала турган укук коргоочу орган. Ушул тапта Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн мекемелер аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациялардын, укук коргоочу уюмдардын, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү кирген.
“Жумушчу топтун биринчи отуруму 2023-жылдын 25-январында өткөн. Экинчи ирет алар өткөн жылдын 3-февралында чогулушкан. “Адилет” укуктук клиникасы бул ишке Кыргызстанда бизнес жана адам укуктары күн тартибинин азыркы абалы, мында бизнес менен өз ара алака жана анын адам укуктарына тийгизген таасири боюнча изилдөө менен алектене турган аналитикалык топ катары катышууда. Ушул изилдөөнүн алкагында эки ири топтом талданып жатат”, – дейт юрист.
Биринчи топтом: мамлекеттин адам укуктарын коргоо боюнча милдеттенмелери
Суроолордун бул топтому мамлекеттин адам укуктарын сактоо жана жарандардын укуктарын, анын ичинде бизнестин терс таасиринен коргоо үчүн бардык чараларды көрүү боюнча милдеттенмелеринин компонентине багытталган. Ошондой эле бул мамлекет тарабынан бизнеске адам укуктарын сактоо жана коргоого милдеттендирип, сунуштап, кеңеш берген кандай чаралар көрүлүп жатканына жооп берүүгө үндөйт. Дал ушул топтомго мамлекеттик деңгээлде административдик тартипте жана бизнес тараптан укуктук коргоо каражаттарын талдоо да кошулду.
Экинчи топтом: Кыргызстанда адам укуктары бизнес тарабынан сакталышы
“Бул тажрыйбалык иштерге арналган. Мында биз веб-сайттарды изилдөө менен алек, интервью, фокус-группаларды өткөрүп, ар кандай компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн ишкана тандалды. Бизнес бизде БУУнун Жетектөөчү принциптерин ишке ашырууга канчалык даяр, мындай дараметке ээлик кылабы, мүмкүнчүлүктөрү барбы, дегеле компаниялардын мамлекеттин бул демилгесине кандай карай турганын билүү үчүн тийиштүү инструменттердин дээрлик баары колдонулду.
Бизнес жана адам укуктары жаатындагы Улуттук иш-аракеттер планы Кыргызстандагы шарттарга кыйла ылайык, бизнеске да, анын кызматын же өндүрүмүн пайдаланган эл, ишмердиги жашоосуна таасир эткен жамааттар үчүн да пайда келтиргидей болсун деген ниетте процесске бардык тараптар тартылды”, – деп түшүндүрөт Наталья.
“Бизнес тарапта мамлекеттин демилгелери дайым эле биз күткөндөй аяктабайт деген кооптонуу бар. Жакшы максаттар кээде ортодо бузулуп калат. Ушундай алешемдиктерге жол бербөө үчүн тең салмактуулукту сактоого аракет кылабыз”, – дейт укук коргоо уюмунун өкүлү.
Кыргызстанда ири ишкерлик анчейин деле арбын эмес, негизинен өлкөнүн экономикалык тармагы – чакан жана орто бизнес. Адам укуктары жаатындагы саясатты ишке киргизүү үчүн белгилүү бир ресурстар зарыл, анын ичинде бул багыттагы тийиштүү маалыматтарды алууга шарт түзүлүшү керек. Ошол ресурстар менен мамлекет камсыз кыла алат.
“Бизде балким, ишканалар адам укуктарын коргоого даяр, бирок аны кантип билдирүү керектигин, адам укуктары саясатына эмнени чагылдырууну, тобокелдиктерди азайтуу үчүн кайсы механизмдерди киргизүүнү, даттанууларды кароонун жолдорун канткенде майнаптуу кылууну, кайтарым маалыматты алууну билишпейт чыгар. Мында бизнестин пайдасы анын кыйла туруктуу болорунда”, — деп кошумчалайт Наталья Сергеева.
“Адам укуктары урматталган компанияда кызматкерлер иштөөгө ынтызар, алар өсүп-өнүгүүгө, иштөөнү улантууга умтулушат. Андай ишкана менен кызматташууга ашыгышат, камсыздоочулардын, жаңы кардарлардын катары калыңдайт. Кеңейип, кыйла туруктуу боло түшөт. Бул – бизнес жана адам укуктары күн тартибинин ишкерликтин өзүнө да пайда келтирип, ошол эле убакта жарандардын укуктарын коргоого өбөлгө боло турган бир эле элементи. Жарандар да кокус укуктарына терс таасир эткен жагдай жаралса, кайда, кантип кайрылуу керектигинен кабардар, ошону менен бирге эле компаниянын өз деңгээлинде кечирим суроодон баштап кандайдыр материалдык компенсацияга чейинки чара көрүлөрүнө кепилдиктин болушу да чоң мааниге ээ”, – деп түшүндүрөт эксперт.
Адам укуктары бузулган шартта укук коргоочулардын ролу
«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы – “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун укук мураскери. Кыймыл 1998-жылдын 20-майында “Кумтөр” алтын кен ишканасынын айынан Ысык-Көл облусунун Барскоон айылындагы болгон цианид кырсыгынан жабыркаган адамдарга да укуктук көмөк көрсөтүп келет.
“Цианид кырсыгынын кесепетинен беш айылдын жашоочулары жапа чегип, алигүнчө жабыр тартып келишет. Биздин юрист “Кумтөр” ишканасы жана КР өкмөтүнө каршы сот жараяндарында Барскоон айылынын активисттерине жардам берген. Ошол сот процесстеринде адам укуктарын сактоо, экологиялык коопсуздукту, инфраструктураны өнүктүрүү боюнча Ысык-Көл облустук фондунун ишиндеги ачыктыкты талап кылышкан”, – деп эскерет кыймылдын директору Төлөйкан Исмаилова.
“Бир дүйнө Кыргызстан” тоо-кен ишканаларынын ачыктыгы боюнча Бейөкмөт уюмдардын консорциумунун мүчөсү. Коомдук фонддун адистери тоо-кен компанияларына лицензия берүү боюнча бийликтин чечимдери жабык экенин белгилеп, натыйжада ишканалар иш баштаган жер-жерлерде жаңжал жаралары жашыруун эмес. Мисалы, Кумтөр, Жер-Үй, Чаткалдагы ишканалар.
“Жаңжалдарды жай чечүү же ар кыл деңгээлдеги соттордо жергиликтүү активисттердин укугун коргоо үчүн ортомчу болууга туура келген. Адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенме жана стандарттар форматындагы иштин маданияты али чабалдык кылат. Жергиликтүү муктаждык, керектөөлөр эске алынбайт, бийликтин бардык бутактарында чечим кабыл алуу процесси жабык түрдө жүрөт”, – деп өз тажрыйбасынан бөлүшөт коомдук уюмдун башчысы.
Укук коргоочу соңку жылдары өлкөдө креативдүү экономика же аялдар ишкерлигин колдоо өңдүү саамалыктар пайда болуп жатканын белгилейт.
“Бул жакшы нерсе, бирок кемчилиги борбор калаада мунун баары орус тилинде жүрүп, адам укуктары жаатында жоопкерчиликтүү жүрүм-турум стандарттарын сактоо менен бизнести өнүктүрүүгө жаңы ыкма, ошондой эле жергиликтүү да, глобалдык да бизнес үчүн окутуу программаларынын жоктугунда. Тоо-кен ишканалары иш жүргүзгөн жерлерде дайым тобокелдик, кырсык болот. Жер-жерлердеги эл менен бийликтин бардык бутактарында дале ажырым бар”, – деп белгилейт Төлөйкан Исмаилова.
Жемкорлукка каршы аракеттердин жана чакан бизнести өнүктүрүүнүн мааниси
Коомдук фонддун директорунун айтымында, Адам укуктары жаатындагы ишкердик ишмердүүлүк боюнча БУУнун жетектөөчү принциптеринин форматында күн тартибин сунуштагандар аз. Конференциялар өткөрүлүп, бирок алар жагымдуу өзгөрүүлөргө сүрөөчү инструменттерди бере албайт.
“Маселен, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын алдындагы аталган мекеме совет убагын эске салат. Жемкорлукка каршы институт түзүлгөнү менен, ал виртуалдык бойдон калууда.
БУУ сунуштагандай, калктын муктаждыгын аңдап билүү, теңата катышуу керектигин түшүнүү менен жергиликтүү жана майнаптуу бизнести өргө сүрөө үчүн ар тараптуу ыкманын болгону оң. Ал жемкорлукту азайтууга жол ача алмак. Азырынча бул багытта айрым гана бейөкмөт уюмдар иш алпарууда” — деп түшүндүрдү Төлөйкан Исмаилова. Анын баамында, өлкөдө таза жана натыйжалуу бизнести өнүктүрүү жана колдоо боюнча жогорку стандарттарды ылайыктоо үчүн чечим кабыл алган адамдардын саясий эрки болууга тийиш.
“Салык тутуму жана ачык улуттук бюджеттин реформаланышы кажет. Парламент чакан инновациялык бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө боло турган дурус демократиялык мыйзамдарды кабыл алууга тийиш”, – деп кебин жыйынтыктайт «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.
Макала Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияны коштоо үчүн Япония өкмөтүнүн каржылоосу менен БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укуктары» (B+HR) долбоорунун алкагында даярдалды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.
Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.
ЖМК үчүн байланыш:
Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси