Эмгек чөйрөсүнүн татыктуу келечегин камсыз кылуу үчүн БУУӨПнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү STEM тармагында аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

2023-ж., 11-February
«Биз баарыбыз заманыбызда ачыла элек эбегейсиз талантты ачыктоого өз салымыбызды кошо алабыз, аны класстарды, лабораторияларды жана иш бөлмөлөрдү илимпоз аялдар менен толтуруудан баштоо кажет»
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш

2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы 11-февралды «Илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнү» деп жарыялаган. Бул маанилүү окуяга байланыштуу БУУӨПнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн STEM тармагындагы (илим, технология, инженерия жана математика) гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча аракеттери жөнүндө айтып, ошондой эле келечекке даяр болуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерибиз менен кандай салым кошо аларыбызды талкуулап кетсек.

STEM эмгек чөйрөсүнүн келечегин кантип түзөт?

STEM тармактары (илим, технология, инженерия жана математика) эмгек чөйрөсүнүн келечегинде өзгөчө маанилүү роль ойнойт. COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризистин натыйжасында жумуш орундарынын кыскаргандыгына карабастан, STEM тармактарындагы жумушчуларга суроо-талап өстү жана келечекте анын андан да тез өсүшү күтүлүүдө. Дүйнөлүк экономикалык форумдун «Жумуш орундарынын келечеги» (2020) аттуу баяндамасына ылайык, Индустрия 4.0 (Төртүнчү өнөр жай революциясы тууралуу айтылууда) ишинин перспективалары STEM көндүмдөрүнөн көз каранды болот. Эмгек рыногундагы тез өзгөрүүлөрдөн улам 97 миллион жаңы жумуш орундары түзүлүп, 85 миллион жумушчу орундары эскирип калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Мисалы, генеративдик жасалма интеллект, 5G жана жалпы эле Интернет нерселери сыяктуу технологиялардын жана инновациялардын өнүгүшү таптакыр жаңы жумуш орундарын жаратып келүүдө жана маалымат, инженерия жана информатика жөнүндө илим тармагында квалификациялуу жумушчуларга болгон муктаждыкты күчөтүүдө. Адатта аялдар басымдуулук кылган кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жана мейманкана бизнесиндеги жумуш орундары автоматташтырылып эскирүүдө, андыктан жакынкы келечекте жумуш орундарынын 90 пайызы STEM көндүмдөрүн талап кылып калат.

Жаңы санариптик доордо аялдар четте калышкан эмеспи?

STEM тармактарында, айрыкча чечимдерди кабыл алуу менен байланышкан жетекчилик кызматтарда негизинен мурдагыдай эле эркектер басымдуулук кылат. Келечекке даяр болуу үчүн тынымсыз КАЙРА КВАЛИФИКАЦИЯЛАНУУ жана КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ зарыл. Эмгек чөйрөсүнүн келечеги, албетте, эркектерге да, аялдарга да таасирин тийгизет, бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдардын 30-50% кайра квалификациялануу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн эркектерге караганда интернетти жана технологияларды азыраак колдонушат.

Кыргызстандын шартында бул абал тынчсыздандырбай койбойт. Ар бир үчүнчү кыз гана компьютердик сабаттуулукка ээ (ЮНИСЕФ, 2022). Андан да STEM программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн 31,1% гана кыздар (Дүйнөлүк банк, 2018). Аялдардын жана кыздардын коомдогу социалдык нормалардан жана системалык тоскоолдуктардан улам STEM тармагындагы сабактар жана карьера менен алектенүүгө ишенимдери жетиштүү эмес.

2008-жылдагы глобалдык финансылык рецессиянын кесепеттери менен салыштырганда, COVID-19 кризисинен улам келип чыккан учурдагы экономикалык төмөндөө алда канча олуттуу жана учурдагы теңсиздикти күчөтүшү ыктымал. Дүйнөлүк экономикалык форумдун (ДЭФ) акыркы отчётуна ылайык, биз гендердик теңчиликке карай узак жол боюнча артка кайтып бара жатабыз. Эми экономикалык гендердик ажырымды жоюу үчүн 268 жыл керек болот (ДЭФ, 2021). Адамзаттын жарымын келечекте эмгек чөйрөсүндө ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга биз кантип жол бере алабыз?

Эгерде аялдарга STEM тармагында даражага жетүүгө жана адистикти алууга колдоо көрсөтүлсө, анда алардын материалдык абалы эле жакшырбастан, экономика да өсүшкө ээ болот. Жалпы баарыбыздын аялдардын эмгек чөйрөсүнүн келечеги үчүн инвестициябызды тездетүүгө чара көрүүбүз абдан маанилүү!

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2022-жылдагы Глобалдык саммитте сөз сүйлөдү 

2022-жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2030-жылга чейинки мезгилде билим берүү системасын кайра түзүүгө Кыргыз Республикасынын милдеттенмеси жөнүндө Улуттук билдирүүсү менен сөз сүйлөгөн. Бул милдеттенме «жашоо, жумуш жана туруктуу өнүгүү үчүн окуутууга жана көндүмдөргө», ошондой эле «санариптик окутууга» инвестиция тартууну камтыйт. 

Мындан тышкары, БУУӨПнын «Санариптештирүү шарттарында гендердик теңчилик» глобалдык саясаты STEM тармактарына жана технологиялык инновацияларга бирдей катышууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Бул келечекте эмгек чөйрөсүндө ийгиликке жетүү үчүн аялдардын жана кыздардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылып, STEM чөйрөсүндө алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерине шайкеш келет.

STEM тармагындагы демилгелерибизде биз эки негизги принципке таянабыз 

STEM тармагындагы жумушту иштеп чыгууда жана ишке ашырууда эки негизги принципке таянабыз: 

 

 

 

Women Empowerment Theory of Change

1) Аялдардын укутарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөр теориясы: 

  • Ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу: анын ичинде билим берүү, финансы жана технология, ошондой эле STEM тармактарындагы ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө байланыш түйүндөрүнө жана маалыматка жетүү.
  • Ыңгайлуу чөйрөнү түзүү: аялдар жана кыздар STEM чөйрөсүндө карьерасын улантуу үчүн басмырлоого же тоскоолдуктарга дуушар болбостон, өздөрүн шыктандырган жана мүмкүнчүлүк берген жагымдуу чөйрөнү түзүү. Бул аялдарга жана кыздарга карата инвестицияларды көбөйтүүгө түрткү бере турган саясатты иштеп чыгууга, ошондой эле басмырлоого каршы мыйзамдардын жүзөгө ашырылышына да тиешелүү.
  • Потенциалды жогорулатууну камсыз кылуу: анын ичинде аялдарга жана кыздарга STEM чөйрөсүндө жана келечектеги жумуш орундарында ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн окутуу, насаатчылык жана башка колдоо.

Ушул үч компонентти интеграциялоо менен биз аялдарга жана кыздарга санариптик технологиялар доорунда өсүп-өнүгүү үчүн зарыл болгон ресурстарды, колдоо жана керектүү көндүмдөрдү камсыздай алабыз. Комплекстүү ыкма менен гана биз гендердик теңчиликке жетишүүдө чындап алдыга жыла алабыз.

 

 

2) «Аккан түтүк» концепциясы аялдардын жана кыздардын бардык билим берүү жана кесиптик жолунда: негизги билим алуудан баштап, андан ары жогорку билим жана эмгек рыногу аркылуу, жетекчилик кызматтарга чейин STEM тармактарындагы тоскоол болуучу системалык бөгөттөрдү жоюуга багытталган. Мен бул концепция тууралуу биринчи жолу БУУӨПнын региондук конференциясы: STEM4ALL – Гендердик теңчиликти илгерилетүү иш-чарасында билдим. STEM тармагындагы предметтерди окуп-үйрөнүп жаткан аялдардын жана кыздардын санын көбөйтүү менен эле алардын мындан аркы ийгилигин камсыз кылуу жетиштүү ЭМЕС. Системалуу ыкманын жардамы менен «түтүктүн» ар бир этабындагы бөгөттөрдү жана тоскоолдуктарды жоюу маанилүү.

 

 

Кыргызстандагы БУУӨП өкүлчүлүгү STEMге кандай инвестиция кылган? 

Биздин өзгөрүү теориябызда бул системалуу ыкманы түшүнүү менен Кыргызстандагы БУУӨП 2022-жылы төмөнкүдөй натыйжаларга жетишти: 

1. Биз ар түрдүү тармактардагы кызыкдар тараптарды дайыма тажрыйба алмашуу үчүн бир столдун үстүнө чогултуу менен STEM-коомчулугун түзүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. БУУӨП бардык негизги кызыкдар тараптар менен жоопкерчиликти бөлүшүү үчүн фасилитатордун ролун ойнойт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 32 STEM-уюму БУУӨПнын региондук платформасынын жана ЮНИСЕФ STEM4ALL колдоосунун астында STEM-коомчулугун өнүктүрүү ишин аткарат.

 

 

 

2. Биз STEM тармагында үлгү боло турган адамдардын окуяларын баяндоо менен, медиа кампаниялардын жардамы менен коомго жигердүү жайылтабыз. STEM тармагында үлгү болчу айымдардын жетишкендиктерин көрсөтүү менен, биз STEM тармагында аялдар менен байланышкан стереотиптерди жана жаңылыш түшүнүктөрдү жок кылууга умтулабыз жана аялдарды бул тармактарда шыктануу менен алектенүүсүн улантышын колдоого алабыз. Окуяларды баяндоо форматындагы медиа кампаниялардын жардамы менен биз Кыргызстанда аялдар менен кыздар өздөрүнүн кыялдарын жана потенциалын ишке ашыра ала турган жана өз коомчулугуна жана бүт дүйнөгө оң таасирин тийгизе турган кыйла инклюзивдик жана түрдүү STEM коомчулугун түзүүгө ниеттенебиз. 

 

3. Биз COVID-19 контекстинде Кыргызстандагы STEM аялдарынын муктаждыктарына баалоо жүргүздүк, жыйынтыктоочу отчёт 2023-жылдын апрелинде жарыяланат. Негизги маалымат берүүчүлөр менен жүргүзүлгөн сурамжылоолорго жана интервьюларга кошумча иретинде тыянактарыбызды ырастоо үчүн, ошондой эле чечимдерди биргелешип иштеп чыгуу үчүн STEM-коомчулугунун мүчөлөрү менен дизайн-ой жүгүртүү боюнча семинар уюштурдук (бул окуя менен бул жерден таанышыңыз):

 

 

Биз STEMдин кызыкдар тараптарынын картасын түзүү үчүн социалдык түйүндөрдү талдоо методун пайдаландык, бул бизге таасирибизди кеңейтүү үчүн өнөктөштүктүн мыкты мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого мүмкүндүк берди. Толук отчёт англис, кыргыз жана орус тилдеринде 2023-жылдын апрель айында жеткиликтүү болот (жаңылыктарды www.undp.org/kyrgyzstan сайтынан караңыз).

 

 

Биз STEM чөйрөсүндө иштеген аялдардын туш болгон үч негизги көйгөйлөрдү аныктадык:

1) STEMдин маанилүүлүгү жөнүндө кызыкдар тараптардын алган маалыматынын төмөндүгү аялдардын жана кыздардын STEMге катышуусунун чектелишине алып келет;

2) Аялдар жана кыздар STEMде ийгиликке жетүүдө өз жөндөмдөрүнө ишенишпейт;

3) Азыркы таптагы гендердик саясаттын жана аны практикалык ишке ашыруунун ортосундагы ажырым аялдардын STEMге катышуусуна тоскоолдук кылып келет.

Биздин изилдөө көйгөйлөрдү талдоого гана эмес, ошондой эле STEMдеги кызыкдар тараптар менен чечимдерди биргелешип иштеп чыгууга багытталган.

 

 

4. Кыргызстандагы БУУӨПнын акселератор лабораториясы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен  БУУӨП Digital X программасы тарабынан тандалып алынган. Биз STEM тармагындагы аялдар үчүн санариптик насаатчылык платформасын иштеп чыгуудабыз. Платформанын ишке кириши 2023-жылдын апрелинде күтүлүүдө.

 

 

Биз жасаган иштин 2022-жылдагы анализинин жыйынтыгы боюнча 2023-жылга карата иш-чаралардын планын иштеп чыгып (изилдөөлөрдүн натыйжалары), иштешкибиз келген өнөктөштөрдү (STEM-коомчулугу) тандап, алар менен кантип иштешибиз керек экенин аныктадык (чечимдердин негизинде эксперименттер менен насаатчылык программасы).

 


 

 

Учурда биз башкы отчётту жарыялоонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле, азыркы тапта санариптик насаатчылык платформасын, насаатчылык программасын жана эксперименттердин портфелин иштеп чыгуудабыз. 2023-жылдын апрель айында Кыргызстандагы БУУӨП бардык каалоочуларды STEMге арналган конференцияга катышууга чакырат, анда биз отчётту жарыялоону, негизги тыянактарды сунуштоону жана насаатчылык платформасын ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Алты айдын ичинде насаатчылык программасы жана сунушталган чечимдерди текшерүү боюнча эксперименттер ишке ашырылат. Жылдын аягында өзүбүздүн жетишкендиктерди белгилеп, алган билимибиз жана алдыңкы тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз.

Масштабдарды Кыргызстандан баштап бүт дүйнөгө чейин кеңейтүү 

Кыргызстандагы БУУӨП санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүүнү Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле региондук жана глобалдык платформаларда да камсыз кылат:

2022-жылы Кыргызстандагы БУУӨП жергиликтүү “BalaTech” аттуу стартапты глобалдык рынокко алып чыгууга жардам берди. БУУӨПтүн Башкы санариптик кеңсесинин жана Япония өкмөтүнүн биргелешкен колдоосу менен дүйнөнүн 57 өлкөсүндө (ал эми азыр 81 өлкөдө) 52 000ден ашык жаштар программалоо жөндөмүнө ээ болушту. STEM тармагындагы программалоо боюнча олимпиадаларда жана башка сынактарда кыздардын катышуусу жетишсиз санда экени жалпыга белгилүү. Биз мектептерде жана жамааттарда кыздардын арасында максаттуу түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бардык окутуу модулдары, маркетингтин мазмуну жана баарлашуу тилдери гендердик көз карашты эске алуу менен иштелип чыккан. STEM менен алектенген аялдарга олимпиада өткөрүүнүн алдында бир катар тренингдерде ой-пикирлери менен бөлүшүү сунушталган. Акыры, БУУӨПтүн колдоосу менен BalaTech платформасынын колдонуучуларынын 41 пайызын кыздар түздү!

STEM4ALL платформасы бар, биз ага дайыма Европадан жана Борбордук Азиядан STEM чөйрөсүндөгү аялдарды чакырабыз. Өткөн жылы Стамбулдагы БУУӨПтүн Региондук борбору аялдардын стартаптары жана уюмдары үчүн социалдык таасирдин инновациялары боюнча BOOST акселерация программасын өткөргөн. Финалга чыккан 8 финалисттин экөө Кыргызстандан, тактап айтканда, “Кыргыз космостук программасы” жана “WeinCrypto” болуп, анан алардын ар бири бүткүл региондо өз таасирин кеңейтүү үчүн 10 000 доллардан алышты.

 

 

БУУӨП «STEM Moonshot» демилгесин ишке киргизүүгө чакырат!

Мен өз блогумду «Кыргыз космостук программасынын» кыз-келиндеринин билдирүүлөрү менен аяктагым келип жатат. Кыргызстан космоско спутник учурат деп ким ойлоптур? Андан да таң калыштуусу, бул космостук миссия жалаң кыздарды камтыган STEM командасы тарабынан түзүлгөн. Алар, спутникти учурууга караганда, алар башкарып жаткан коомдук кыймыл аялдарды жана кыздарды STEMди үйрөнүүгө, STEMде иштөөгө жана эбегейсиз кыялданууга шыктандыруусу өзгөчө маанилүү экендигин белгилешти!

 

 

Кыргызстандагы STEM чөйрөсүндө аялдардын көптөгөн окуяларынан шыктанган БУУӨП Кыргызстандагы эртеңки жаңылыктардын аталышын: «Келгиле, «STEM Moonshot» демилгесин чогуу ишке киргизели?!» ,-  деп элестетүүнү сунуштайт.

 

 

Суроолор жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү үчүн төмөнкү даректерге кайрылыңыздар:

Женни Жеңиш кызы (Энси Цзие), БУУӨПнын Акселератор лабораториясынын эксперименттер бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандагы STEM активисти: ensi.tszie@undp.org 

Тиффани Спрэг, БУУӨП-ЮНИСЕФ STEM4ALL платформасынын координатору: tiffany.sprague@undp.org 

Айнагүл Абдрахманова, Кыргызстандагы БУУӨПтүн байланыш бөлүмүнүн башчысы: ainagul.abdrahmanova@undp.org 

*Мен STEM4ALL компаниясынан Тиффани Спрэгге бул блогдо баалуу эксперттик рецензия бергени үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Маалымкат: «Moonshot» – бул, адатта, ийгиликке жетүү же татаал тапшырманы жеңүү максатын көздөгөн көрөгөч жана амбициялуу долбоорду сыпаттоо үчүн колдонулган термин. Бул термин алгач «Аполлон» программасына жана ал кезде кыйын жана иш жүзүндө мүмкүн эмес деп эсептелген Айга адамды кондуруу максатына карата колдонулган. Кийинчерээк, бул термин илим, технология жана башкалар сыяктуу ар кандай тармактардагы ушуга окшогон батыл долбоорлорду сыпаттоо үчүн колдонулуп баштаган.

STEM4ALL – бул гендердик теңчиликти тездетүүгө жана аймактагы эмгек чөйрөсүнүн келечегинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн аялдар менен кыздардын STEM тармагында өкүл болуусун жогорулатууга багытталган Европадагы жана Борбордук Азиядагы БУУӨП менен ЮНИСЕФтин биргелешкен платформасы. STEM4ALL платформасы – аялдардан жана кыздардан баштап саясатчыларга жана жеке сектордун өкүлдөрүнө чейинки кеңири аудиторияга багытталган. Бул региондо жана анын чегинен тышкары жерде гендердик теңчиликти жана STEMге катышууну илгерилетүүгө адвокация, изилдөөлөр жана жаңылыктар үчүн виртуалдык, коомдук мейкиндик.

STEM4ALL воркшоптон сүрөттөр 

STEM дизайн воркшоптон сүрөттөр 

STEM дизайн воркшоптон видеолор

STEM-чемпиондор менен видеолор

STEM-чемпиондор менен карточкалар (англ) 

STEM-чемпиондор менен карточкалар (кырг)