"Ордо" жаштар борбору. Фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан
Бишкек, Кыргыз Республикасы / 2021-жылдын 25-февралы – Кечээ, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин, мэриянын жана БУУнун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрүнүн катышуусунда жаштар борборунун салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү.
Бул борбор – коомдун социалдык-экономикалык жана коомдук турмушуна жаштарды кеңири тартуу максатында Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттиги жана тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташуу аркылуу Япония өкмөтүнүн каржылоосунда БУУӨПтүн колдоосу астында ачылган 10 борбордун бири.
Кызыл тасма кесүү салтанаты. фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан
Айылдар менен шаарларда ачылган бардык пилоттук жаштар борборлорунда жергиликтүү жаштардын демилгелүү топтору иштеп, алар жаштарды өнүктүрүү боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү жаштардын биргеликте иштеп чыккан пландарын иш жүзүнө ашырууга колдоо көрсөтүшмөкчү. Демилгелүү жаштардын топтору жергиликтүү деңгээл жергиликтүү өзүн башкаруу органдары жана жаштардын алакасын камсыздайт деп күтүлүүдө.
«Жаштар борборлорун түзүү Кыргыз Республикасынын жаштар саясатынын артыкчылыктарына туура келет. Ачылган жаштар борборлору жаштар менен дагы да тыгыз иштешүүгө, алардын жергиликтүү деңгээлде туруктуу жана бейпил өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт деп үмүт кылабыз», - деп айтып өттү өз сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Канат Шабданбеков.
фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан
«Япония өкмөтү буга чейин да Кыргыз Республикасына жардамын берип келген: БУУӨП менен биргелешкен шайлоону колдоо долбоору, табигый кырсыктардын алдын алуу жана башка долбоор, жана жергиликтүү коомчулуктарды жигердүүлүккө багыттоо. Учурдагы колдоо, жаштардын өз алдынчалыгын колдоо, Кыргыз Республикасынын туруктуулугу үчүн маанилүү долбоор деп ишенем.
Коронавирустук инфекциянын таркашынан улам, жумушсуздук Кыргыз Республикасында орчундуу көйгөйгө айланды. Бул борбордун ачылышы жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга, коомдун жашоосуна жигердүү катышуусуна тирек болоруна үмүт артам», - деп жиберген куттук сөзүндө Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси МАЭДА Сигеки билдирди.
БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Томица Паович фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан
“Япония өкмөтү тарабынан каржыланган долбоор мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана жаштар борборлорун ачуу, жумуш орундарын түзүү, өнүгүү боюнча биргелешкен пландарын ишке ашыруу сыяктуу социалдык жана экономикалык жагымдуу мүмүнчүлүктөрдүү түзүү аркылуу жаштардын жергиликтүү коомдун өнүгүүсүнө каттышуусуна багытталган. Бул жаштарга өзүн өзү көрсөтүүсүнө жана өз айылынын туруктуу өнүгүшүнө катышуусуна мүмкүнчүлүк берет”, - деп БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Томица Паович түшүндүрүп өттү.
Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан
Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө орчундуу салымын кошуп жаткан эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирди. Ал бир катар уюмдардын четте калбай, жаштардын «Ордо» борборун ачууда колдоо көрсөткөнүн белгилеп өттү.
Долбоордун алкагында 31 социалдык долбоорго колдоо көрсөтүлүп, жергиликтүү жаштардын демилгелерине колдоо фондунан жалпысынан 55 миң доллар, 47 стартапка жана жаштардын ишкерлик долбоорлоруна 270 миң АКШ доллары өлчөмүндө колдоо көрсөтүлгөн. Натыйжада 225 жаңы жумуш оруну түзүлгөн, анын 25 пайызы аялдар үчүн болсо, 12 жумуш оруну калктын аярлуу катмарларына кирген жаштарга жана 5 жумуш оруну мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилген. Мындан сырткары, 4 миңден ашуун өспүрүм кыздар менен балдар укуктук маселелер, социалдык көндүмдөр, конфликтология, дин таануу жана ишкерлик боюнча окутуу тренингдеринен өтүштү.
Жаштар борборлорун түзүү Япония өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбор Азиядагы зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун жана аймактык кызматташтыгын бекемдетүү» аймактык долбоорунун алкагында демилгеленген.