Жанара Жакыпова – УДАС 3.0дүн жаштар добушу

«Мен үчүн климаттык аракеттер бул жөн гана тренд эмес, бул зарылчылык», – дейт Нарын шаарынан келген активист Жанара Жакыпова, климатка кам көрүү анын жеке миссиясына айланган.

2025-ж., 24-July
Three photos of a young woman in blue sweatshirts, engaging in different activities.

Жанара Жакыпова, УДАС 3.0дүн жаштар добушу

Жанара Жакыпованын өздүк архивинен

Жанара өзгөрүүлөрдү күтпөйт, ал аларды өзү жаратат. Жанара экологиялык демилгелерге катышып, климаттык багыттагы стартаптарды өнүктүрүп, билимин жана тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүп келет. Жанара 2030-жылга чейин өзүнүн туулган Нарын шаарын жашыл, таза жана климаттык кыйынчылыктарга туруктуу шаар катары көрүүнү кыялданат.

Кыргыз Республикасынын жаңыртылган Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын (УДАС3.0) улуттук консультацияларынын алкагында Жанара климаттык лидерлердин аң-сезимдүү, активдүү жана жигердүү муунунун өкүлү катары өз салымын кошту.

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Climate Promise» демилгесинин алкагында БУӨПтун техникалык жетекчилиги менен координацияланып жаткан ОНУВ 3.0дү жаңыртуу процесси улуттук деңгээлдеги «бирдиктүү Бириккен Улуттар Уюму (БУУ)» принцибинин алкагында жүрүп жатат. Бул стратегия Жанара сыяктуу жаш активисттердин активдүү катышуусу менен иштелүүдө, алар келечек үчүн бүгүнтөн тартып аракет кылууда.