Салыктык жеңилдиктер Кыргызстанда ТӨМгө жетишүүгө жардам берет

2022-ж., 3-August

Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович менен Комплекстүү улуттук каржылоо механизмдери жана салык жеңилдиктерди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аркылуу Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин приоритеттүү багыттары тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн маектештик.

 

Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) 2018–2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарына шайкеш келет жана адам капиталын жана айлана-чөйрө менен гармонияда инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган. Алар өлкөнүн негизги стратегиялык документтеринде, 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасында камтылган. Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын концептуалдык идеясы - өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, антикризистик чараларды ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү максаттарга ийгиликтүү жетүү үчүн негиздерди түзүү аркылуу жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга басым жасоо болуп саналат. Мындан тышкары, фискалдык системаны реформалоонун алкагында Улуттук өнүктүрүү программасы салык саясатынын негизги багыттарын, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди чагылдырат, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук өнүгүү артыкчылыктарына жана ТӨМгө жетүүдөгү натыйжалуу инструменттеринин бири болуп калууга тийиш.

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өнүктүрүү реформаларын ишке ашырууда көмөк көрсөтөт жана эл аралык деңгээлде макулдашылган ТӨМгө, анын ичинде Комплекстүү Улуттук Каржылоо Механизмдерин (КУКМ) түзүү аркылуу өнүгүүнү колдойт, алар салыктык жеңилдиктер системасын оптимизациялоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өнүктүрүү пландарын ишке ашырууну тездетүүгө жардам берет. Бул демилге Кыргызстанга жаңы каржылоо булактарын ачууга жана өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын каржылоо үчүн мамлекеттик жана жеке ресурстарды бириктирүүгө жардам берет.

Салыктык жеңилдиктер. Алар Кыргызстанга эмне үчүн маанилүү?

2022-жылы Кыргызстанда бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарына шайкеш келишин көзөмөлдөө максатында Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынган. Мындай мамиле бийлик органдарына ар бир салык жеңилдиктин натыйжалуулугун үзгүлтүксүз баалоого жана алардын актуалдуулугу же жокко чыгаруу боюнча тийиштүү жана өз убагында чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын приоритеттерин каржылоо үчүн көбүрөөк киреше алууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жеке инвестицияларды тартууга мүмкүн болгон жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизүүгө мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгууда айрым салык жеңилдиктерин жоюу жана айрым жеңилдиктерди берүүнүн мөөнөттөрүн белгилөө маселесин кароо пландаштырылган.

“Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жеңилдиктер экономиканын белгилүү бир тармагын өнүктүрүүнү колдоо үчүн да, салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн да берилип жатат. Ошондой эле бардык салык төлөөчүлөргө бирдей таасир этүүчү стимулдар бар: атап айтканда, киреше салыгы боюнча стандарттык чегерүүлөр же киреше салыгы боюнча чегерилүүчү чыгашалар, ошондой эле экспорттук жеткирүүлөр үчүн кошумча наркка салыктин нөлдүк ставкасы. Кээ бир жеңилдиктер, чындыгында, бюджеттин жоготууларына алып келет, экинчи жагынан, салык төлөөчүлөрдүн убактылуу гана үнөмдөөсүнө алып келет. Салыктык жеңилдиктердин болушунун кесепеттери бюджеттин тикелей жоготуулары гана эмес, ошондой эле башкаруунун татаалдыгы, ошондой эле салык төлөөдөн качуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат». – деп түшүндүрөт Кубанычбек Абдимуталипович.

«Салыктык жеңилдиктерди жана преференцияларды «максат» - «натыйжа» позициясынан баалоо керек, бул биринчиден, мамлекеттин күч-аракети багытталган так аныкталган параметрлердин болушун, экинчиден, коюлган максаттарга жетишүүнү чагылдырган белгиленген артыкчылыктардын натыйжалуулугун билдирет. Бирок, азыркы учурда берилген артыкчылыктардын бардыгы эле эффективдүү эмес жана алдыга коюлган максаттарды чагылдырбайт. Ушуга байланыштуу, улуттук өнүктүрүү стратегиясынын приоритеттерине ылайык келе турган салыктык жеңилдиктерди берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында БУУӨП Экономика жана коммерция министрлигине (ЭКМ) КУКМ долбоорунун алкагында колдоо көрсөттү, — дейт Кубанычбеком Абдимуталипович.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын артыкчылыктарына жетишүүгө багытталган салыктык жеңилдиктерди баалоонун комплекстүү системасын түзүү экономикалык иштин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн приоритеттерине ылайык келген гана жеңилдиктреди берүүнү координациялоого мүмкүндүк берет.

Бул иштин негизги жетишкендиктерин баса белгилеп, Кубанычбек Абдимуталипович Салык кодексинин жаңы редакциясында салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун үзгүлтүксүз баалоо системасын түзүүчү норма камтылганын белгиледи. Ошентип, КР Салык кодексинин 14 беренесине ылайык, Салыктык жеңилдиктер төмөнкү максаттар үчүн берилет:

  1. Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө колдоо;
  2. туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестицияларды жана каржылоону тартуу;
  3. өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги приоритеттерине жетишүү;
  4. калкты социалдык жактан колдоо;
  5. коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иштерине дем берүү

 

Салыктык жеңилдиктер, КУКМ жана ТӨМ ортосунда кандай байланыш бар?

Салыктык жеңилдиктерди берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги БУУӨП менен биргеликте КУКМ программасынын алкагында салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо системасын киргизүү жана  2016-2020-жылдары берилген салыктык жеңилдиктерди,  бошотууларды жана преференцияларды ТӨМгө жетишүүгө тийгизген таасирин талдоо боюнча иштерди жүргүздү.

«2016-2020-жылдарга сунушталган салыктык жеңилдиктерди, бошотууларды жана преференцияларды талдоодо, мисалы, жеңилдиктердин 40%ы ТӨМ 8 - татыктуу эмгекке жана экономикалык өсүшкө жетишүүгө, 1-ТӨМ боюнча жеңилдиктердин 33% - жакырчылыкты жоюу, бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ТӨМгө жетишүү үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча күч-аракетин көрсөтүп турат. Саламаттыкты сактоо (ТӨМ 3) жана өнөр жайды өнүктүрүү (ТӨМ 9) тармагы  9% жана 8%га жакын жеңилдиктерди алышты. Саламаттыкты сактоо тармагы үчүн жеңилдиктер (ТӨМ 3) 2020-жылы COVID-19 эпидемиясынан улам бир кыйла көбөйдү. Башка ТӨМ каралып жаткан мезгил ичинде пайданын 11% дан азын алышкан. – деп түшүндүрдү Кубанычбек Абдимуталипович.

 

Салыктык жеңилдиктер ТӨМгө жетишүүгө кандай салым кошо алат?

Салыктык жеңилдиктерди берүү - ТӨМгө жетишүүгө салым кошкон инструменттердин бири болуп саналат. Алар салык салуу функцияларын ишке ашыруунун, жөнгө салуунун жана стимулдаштыруунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат, анын маңызы - мамлекет кайра бөлүштүрүү процесстеринин активдүү катышуучусу катары кайра өндүрүшкө таасир этет, анын темптерин стимулдаштырат же чектөөгө, капиталдын топтолушун чыңдоого же алсыратууга, калктын эффективдүү суроо-талаптарын кеңейтүү же азайтууга аракет кылат. Мындан тышкары, салыктык жеңилдиктер өндүрүштү өнүктүрүүгө, анын тармактарын жана аймактык түзүмүн жакшыртууга, зарыл инфраструктуралык объектилерди түзүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга таасир этиши мүмкүн.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жеңилдиктер экономиканын белгилүү бир тармагын өнүктүрүүнү колдоо үчүн да, салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн да берилет. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Салык мыйзамдарында каралган салыктык жеңилдиктер жана бошотуулар болжолдуу түрдө 32,3 млрд сомду же ИДПга карата 5,4%ды түздү. Бул олуттуу сумма, ошондуктан салык жеңилдиктердиннатыйжалуулугун жогорулатуу маселеси актуалдуу маселе болуп саналат».

“Талдоо көрсөткөндөй, ТӨМ каржылоону жеңилдетүү үчүн берилген салыктык жеңилдиктердин көлөмү 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча болгону 32 073,5 миллион сомду түзсө, 2016-жылдан 2020-жылга чейин жалпысынан 132 723,9 миллион сомду түздү. Берилген салыктык жеңилдиктер жана бошотуулар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү 13 максатты (17ден) камтыйт. 2016–2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык берилген салыктык жеңилдиктердин жана бошотуулардын жалпы көлөмүндө туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына ылайык салыктык жеңилдиктердин үлүшү орточо 99,1%ды түзөт.»- дейт Кубанычбек.

Бул, салык жеңилдиктери ТӨМ 13тө чагылдырылган калктын колдогу кирешесин жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, калкты таза суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу, айыл чарба секторун жана өндүрүүчүлөрдү колдоо, формалдуу эмес секторду кыскартуу, калкка мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, татыктуу эмгек жана билим берүү, калктын саламаттыгын коргоо, анын аялуу категорияларын коргоо, жарандардын маданий турмушка активдүү катышуусу ж.б.  дегенди билдирет. Демек, берилген салыктык жеңилдиктердин олуттуу бөлүгүнүн айтылган максаттары ТӨМ менен шайкеш келет.

Кубанычбек Абдимуталиповичтин айтымында, учурда такталып жаткан салыктык жеңилдиктерди баалоо методологиясы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин туруктуу онугуу принциптерине ылайык салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун үзгүлтүксүз баалоого мүмкүндүк берет.

Бул макалада баяндалган иш-чаралар Бириккен Улуттар Уюмунун ТӨМгө жетишүү боюнча Биргелешкен Фонду тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасында БУУӨП менен ЮНИСЕФ тарабынан биргелешип ишке ашырылган КУКМ демилгесинин алкагында жүзөгө ашырылат. Бул өнөктөштүк 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык Күн тартибин ишке ашырууда БУУ тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу колдоосунун уландысы болуп саналат.