Дүйнөлүк базарга жол: Кыргыз балынын эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу
2025-ж., 28-May
Эмма Савитская
Бишкек шаарынын борборундагы чакан бал дүкөн текчелеринде продукциялар дүйнөлүк базарды багынтып жатканын элестетүү кыйын. Бирок, бул ийгиликтин артында жергиликтүү ишкерлердин талыкпаган эмгеги, туруктуу өнүгүүгө болгон аракети жана албетте, ишенимдүү өнөктөштөрдүн колдоосу турат.
«Дары Тянь-Шаня» компаниясынын директору Эмма Савитская башында бал аарычылыкты жандандырууну максатында аарычылар коомуну түзгөн. Кыргыз балын дүйнөлүк базарга сатуу кыялыбызда да болгон эмес, дейт ал. Бирок, БУУӨПтүн «Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү» долбоору баарын өзгөрттү.
Финляндия Өкмөтү каржылаган бул долбоор, биздин компания үчүн жаңы мүмкүнчүктөрдү ачты, деп сөзүн улады Савитская. Ал Кыргыз Республикасынын 2025-2028-жылдарга карата Экспортту өнүктүрүү программасына, 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына жана Президенттин Агроөнөр жайды өнүктүрүү боюнча Жарлыгына толугу менен шайкеш келет.
Эмма айым долбоордун жардамы менен эмнелерге жетишкендиктерин төмөнкүчө сүрөттөйт: «Бизде эл аралык стандарттарга жооп бергенге, рыноктун талабын түшүнгөнгө билимибиз да, тажрыйбабыз да жетпейт экен. Долбоордун аркасы менен биз көп нерсени үйрөндүк».
Анын айтымында, алар азык-түлүк коопсуздугу, «жашыл» технологиялар, электрондук коммерция жаатында жаңы билимдерге ээ болуп, өндүрүштү модернизациялашкан. Натыйжада, «Дары Тянь-Шаня» эл аралык сертификаттарга ээ болуп, бүгүнкү күндө 30дан ашык өлкөгө бал экспорттоп жатат.
Бул долбоор бал өндүрүү тармагында эле 166 ишкерди камтыды. Алардын арасында балды кайра иштетүү жана экспорттоо менен алектенген 8 чакан жана орто ишкана, 135 аарычы, 11 тейлөө кызматкери жана 12ден ашык адистештирилген мекемелер бар. Алардын баары аарычылыкты өнүктүрүү, бааны аныктоо, таңгактоо, маркалоо жана эл аралык талаптарга жооп берген сертификаттарды алуу боюнча көндүмдөрдү үйрөтүшөт.
Долбоордун жардамы менен 34 жаңы жумуш орду түзүлүп, алардын 19ун аялдар ээледи, экспорттун көлөмү орточо эсеп менен 10%га, ал эми өндүрүмдүүлүк 25%га жогорулады.
БУУӨП жана Финляндиянын биргелешкен бул демилгеси Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Эмма Савитскаянын ийгиликке тарыхы – стратегиялык өнөктөштүк менен бирге максаттуу колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргызстанды дүйнөлүк экономиканын бир бөлүгүнө айлантууга болорунун анык далили.