Маалымат системалары жергиликтүү аймактарда кызмат алууну жеңилдетет

2021-ж., 2-September

Кароол АО Кызмат көрсөтүү борбору / Фото: БУУӨП

Күндүзгү саат эки, а айыл өкмөтүнүн имаратында бир дагы кайрылып келген киши жок. Мамлекеттик органдарына караштуу адаттагыдай эл топтолуп, түртүшүү жок. Кыргызстандыктар керектүү адистин колу коюла турган кичинекей кагаз үчүн узун кезекке турууга аябай көнүшкөн.

Бул Өзгөн районунун Кароол айылдык округунда, алар эңсеген күбөлүктү алуу үчүн бир кабинеттен экинчисине чексиз кирип чыгууларды унутуп деле калышкан. 2018-жылы айыл өкмөтүнүн имаратында «Бирдиктүү терезе» ыкмасы менен Кызмат көрсөтүү борбору ишке киргизилген.

 

Справкалар – эки мүнөт ичинде

Азыр керектүү документтерди бир кабинеттен саналуу мүнөттөрдө алууга болот. Салыктарды да ошол жерден төлөөгө болот. Бул ишкерлердин убактысын кыйла үнөмдөйт.

«Биз муниципалдык кызматтарды алууну жеңилдетүү менен адамдардын жашоосун да жеңилдеткибиз келди. Мурда адамдар справка үчүн бир күнүн коротчу, ал тургай кийинки күнү да кайтып келишчү. Мунун кандай болорун өзүңүз билесиз», - дейт Кароол айыл өкмөтүнүн  МКТ (Маалымат жана коммуникация технологиялары) боюнча адиси Алмаш Маматжунус кызы.

Кароол жалпы 17 миң калкы бар төрт айылды бириктирет. Өзгөндүн башка жыш жайгашкан айылдарына салыштырмалуу өтө кичинекей конуш болуп саналат. Жергиликтүү тургундар негизинен дыйканчылык менен алектенишет, көбүнчө жумуштан колдору бошобойт. Азыркы учурда жашаган жер тууралуу справка алуу, үй-бүлөнүн курамы же салык декларациясын толтуруу маселе жаратпайт.

Ал эми айыл өкмөтүнүн жетекчилиги муниципалдык кызматтарды алууну жөнөкөйлөтүү максатында, тургундар кайрылуу үчүн WhatsApp номерин ачып, андан да алдыга жылышты. Документация боюнча кеңеш сурап эле тим болбостон, айылдагы сел же башка көйгөйлөр тууралуу да кабарласа болот. Мамлекеттик кызматкерлер менен байланыш минимумга жеткирилип жатат.

«Мен Шерали айылынан келдим. Кызмат көрсөтүү бир топ жакшырды, мамлекеттик кызматтарды алуу эми баш оору болбой калды. Керектүү документтер бир заматта берилет. Буга чейин, алар керектүү кагаздарды тапканга, журналдарын окуганга чейин, бул көп убакытты талап кылчу. Азыр алар компьютерди ачып, керектүү нерселерди берип, коё беришет», - дейт түшкү тыныгуудан кийин келген жалгыз кардар Уултай Матиева.

 

Донордук жардам – келечекке инвестиция

БУУӨП жергиликтүү администрациянын ишин түп-тамырынан бери кайра түзүүгө жардам берди, ал өзүнүн «Ош облусунун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен иш техниканы сатып алды, орунжайды жабдып, адистерди даярдады. Бардык кызматтар бизнес процессинин негизинде «Бирдиктүү терезе» методун колдонуу менен документ жүгүртүүнү автоматташтырылган башкаруу системасын (АСКИД) жана «Айыл» автоматташтырылган маалымат тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт.

«Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу баштапкы деңгээлден башталышы керек. Таза коомду бир күндө куруу мүмкүн эмес. Сиздер өзүңүздөрдөн баштаганыңыздар, айыл өкмөттөрүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуудан баштаганыңыздар өтө жакшы», - деди депутат Аида Касымалиева Кызмат көрсөтүү борборунун ачылышында.

Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Орозалы Рысалиев айткандай "Компьютерлештирүү кызматкерлердин өздөрүнүн ишин бир топ жеңилдетти. Кол менен көп нерсени жазууга туура келчү. Бирок маалымат системасынын ишке кириши менен мунун баары артта калды. Эң башкысы - биз карапайым элдин жашоосун жеңилдете алдык. Жергиликтүү тургундар абдан кубанды», - деп ал бөлүштү.

 

Региондорду санариптештирүү: канчалык тез болсо, ошончолук жакшы болот

Кароол айылы көбүнө үлгү болду. Чакан айылдык округда «Бирдиктүү терезе» ишке киргенден кийин, чоңураак айылдардын өкүлдөрү санариптештирүүнүн пайдасын өз көзү менен көрүү үчүн бул жерге келе башташты. Акыркы жылдардын ичинде окшош системалар дээрлик бардык коңшу айыл өкмөттөрүндө пайда болду.

Аймактар акырындык менен жогорку технологияларды өздөштүрүүдө. Көз карандысыз эксперттердин божомолуна ылайык, 10 жылдан кийин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн эски ыкмалары бүткүл Кыргызстан боюнча унутулат. Бул эң алыскы региондордогу шаарлардын жана тургундардын жашоосун бир топ оңой кылат жана иретке келтирет, коррупцияны азайтып, калктын социалдык коопсуздугун жогорулатат. Бул процессти тездетсе болот, буга Кароолдун үлгүсү жакшы жана пайдалуу прецедент.