Ошто кантип балчылыкты өнүктүрүп, чет өлкөлөргө экспорттун көлөмүн көбөйтүп жатышат?

2021-ж., 2-September

Мээрим Маметова, Оштогу «Алайку Органикс» компаниясынын тышкы байланыштар жана экспорт боюнча менеджери / Фото: БУУӨП

Кыргыз балы эбак эле дүйнөлүк брендге айланган жана аны тааныштыруунун кереги жок. Ата мекендик продукциялар өзүнүн даамы жана башка маанилүү сапаттары үчүн бир нече жолу дүйнөдөгү эң мыкты деп табылган. Ошого карабастан, өлкөдө балчылык мурунку өндүрүш көлөмүнө кайтууга аракет кылып, оор күндөрдү башынан кечирүүдө.

Мурун, СССР кезинде, чогултулган балдын көлөмү боюнча Кыргызстан Россия менен Украинадан кийин үчүнчү орунду ээлечү. Республикада дээрлик 500 миң аары колониялары болгон. Жыл сайын өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 12 миң тоннага жетип, бал чет өлкөлөргө экспорттолчу.

Бүгүнкү күндө сандар алда канча аз. 2020-жылы өлкө 490 тонна гана бал экспорттогон, анын баасы 1,7 млн доллар түзгөн.

«Экспортко чыгуу өтө кыйын, анткени атайын сертификаттар жана документтер керек. Балды коңшу өлкөлөргө сатсак болмок, бирок алардын өзүлөрүндө бал жетиштүү», - дейт Оштогу «Алайку Органикс» компаниясынын тышкы байланыштар жана экспорт боюнча менеджери Мээрим Маметова.

Балды экспорттоодо чоң көйгөй – бул туруктуу сатуу рынокторун табуу, бирок чоң сатып алуучулар керектүү көлөмдөгү туруктуу жеткирүүнү жана бардык заманбап стандарттарга ылайык келүүсүн талап кылат. Ал эми бул үчүн чоң инвестицияларды, атайын билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган толук өндүрүштүк циклди түзүү зарыл.

«Акыркы продукт чийки заттан да маанилүү. Бул таңгакты уюштуруу, дизайнын иштеп чыгуу, этикетканы басып чыгаруу керек. Жалпысынан алганда, продуктка даяр товардык көрүнүш бериш керек», - деп белгилейт Маметова. Анын компаниясы балды кайра иштетүүнүн жана өндүрүүнүн бүт циклин түзүүгө жетишкен саналуу компаниялардын бири.

 

Ийгилик тарыхы

«Алайку Органикс» компаниясы «Курут» суусундугу менен бүткүл өлкөгө белгилүү болду. Бирок андан сырткары компания сүт азыктарын, улуттук жана салкындаткыч суусундуктарын, ал тургай пивону камтыган көптөгөн продукцияларга ээ. Бүгүнкү күндө «Алайку Органикс» – бул жакшы жабдылган өндүрүш цехтери бар чоң ишкана. Өндүрүш Ош шаарынын четинде негизделген.

2019-жылы компания бал өндүрүү боюнча линияны ишке киргизген, ал үчүн Ош облусу боюнча сапаттык сертификаттары бар 200 балчы менен келишим түзүлгөн. БУУӨП «Ош облусунун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен заманбап жабдууларды сатып алууга жардам берди. Ошентип «Алайку Органикс» бүтүндөй ырааттуулукту түздү: балчылар - балды таңгактоочу цех - сатуу.

«Цехтин кубаттуулугу – күнүнө 500 кг, бирок азырынча өндүрүштүн көлөмү төмөн, анткени биз ички рынокто гана иштейбиз. Азыр биз HACCP жана ISO сертификаттарын алуунун үстүндө иштеп жатабыз, андан кийин экспортко чыгабыз», - дейт «Алайку Органикс» компаниясынын тышкы байланыштар жана экспорт боюнча менеджери Мээрим Маметова.

Жаңы продукт – жаңы перспективалар

Заманбап жабдуулар өндүрүш менен эксперимент жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Компаниянын адистери эл арасында «сары май» деп аталган май менен кадимки балды аралаштырууга аракет кылышкан. Жыйынтыктар бардык күтүүлөрдөн ашып түштү. Ошентип «Алайку Органикс» супермаркеттердин жана фирмалык дүкөндөрдүн текчелеринен табууга боло турган уникалдуу «Балмай» продукциясын чыгара баштады.

Цехтин ачылышы менен беш жумуш оруну пайда болду, анын үчөөсүндө аялдар эмгектенет, 200дөн ашык балчылар туруктуу кардарын табышты. Компаниянын кийинки кадамы продукцияны экспорттоо боюнча эл аралык сертификаттарды алуу болот.

Өкмөттүн колдоосунун жоктугуна жана өндүрүштүн көлөмү салыштырмалуу төмөн болгонуна карабастан, кыргызстандык балчылар оптимисттик маанайда. 2021 -жылдын 5 айында бал экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 43% га өстү. Мамлекет чет өлкөлөргө жалпы суммасы 76 миллион сомго 221 тонна бал экспорттогон.

Кыргызстанда балчылык активдүү түрдө өнүгүп, мурдагы өгүтүн эле калыбына келтирбестен, айыл чарба тармагынын локомотивдеринин бири болуу үчүн бардык шарттар бар. Бул мүмкүнчүлүктү  колдон чыгарбоо керек, айрыкча бул продукттун дүйнөлүк рынокто популярдуулугу өсүп жатканда.