Ишканада даттануу механизми: анын натыйжалуулугун арттыруу жолдору

2024-ж., 4-January
Plustic windows producer

Чакан бизнес ээси пластек терезе чыгаруучу жабдуусун иштетип жатат

БУУӨП Кыргызстан

Даттанууларды кароонун майнаптуу механизми туурасында баш катырган компаниялар бир же бир нече көйгөйгө тушугушу мүмкүн:

› компаниянын даттанууларды кароо механизми жок;

› механизм түзүлгөнү менен арыз түшпөйт;

› жемкорлукка каршы күрөш үчүн ишеним телефону иштейт, бирок адам укуктарына тийгизген таасири боюнча ага кайрылган киши жок;

› даттануулар системалуу түрдө эмес, кырдаалга жараша каралат;

› компаниянын даттанууларды караган кызматкери/бөлүмү жок;

› даттануулар мыйзам бузулгандан кийин гана каралып, механизм болжолдуу мыйзам бузуулардын алдын албайт;

› бир эле даттануу кайра-кайра түшө берет;

› компанияда бузулган укуктарды калыбына келтирүү жол-жоболору жок;

› түшкөн даттануулар жөнүндө маалымат чогултуу, иреттөө жана мониторинг жүргүзүү жолго коюлган эмес.

Эгерде тизмеден компанияңызды кабатырга салган себеп көзүңүзгө урунса, анда бул макала ишканаңыздын түпкү демилгесин эске алуу менен туура мамилени түзүүгө көмөкчү болот.

ДАТТАНУУЛАРДЫН ДУРУС МЕХАНИЗМИ ЭМНЕЛИКТЕН БИЗНЕС ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Адам укуктары боюнча даттануу механизмдери эң оболу көйгөйлөрдү эрте аныктоого жол ачып, элге жагымсыз таасирдин алдын алууда маанилүү ролду ойнойт. Тилекке каршы, көптөгөн ишканалар “даттануу” түшүнүгүн терс кабылдайт. Ал эми бул көйгөйдү туура чечүүгө жолтоо болушу ыктымал.

Даттануу механизмдери компаниянын бизнес процесстерин жакшыртып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө боло турган маалымат жана коммуникация каражаты катары караган оң. Даттануу механизмдери ишканага бул себептерден улам пайда келтирери ажеп эмес:

Эрте эскертүү системасы катары кызмат кылат. Даттануу механизмдери көйгөйлөрдү эрте аныктап, кечеңдетпестен чечүүгө көмөкчү болот. Кесепеттерин натыйжалуу жоюп, зыянга учурап калуудан сактайт. Алар системалык көйгөйлөрдү аныктап берет;

  • Түшкөн арыздарды тыкыр териштирип, туура чара көрүү даттануулардын олуттуу жана создуккан жаңжалдын тутанып кетүү коркунучун басаңдатууга шарт түзөт. Антпесе, бул жагдай соттук териштирүү, иш таштоо, талаштуу жагдайларга кептеп коеру турулуу эмеспи;
  • Ченемдик талаптардын аткарылып, кызыкдар тараптардын күткөнү жүзөгө ашырылышына түрткү болот. Даттануу механизмдери ишканалардын адам укуктары боюнча тобокелдиктерди аныктап, аларды жигердүүлүк менен жөнгө салуусун шарттайт. Ошентип, алар компаниянын адам укуктары жаатындагы этияттыгынын ажырагыс бөлүгүнө айланат. Бул өз кезегинде бизнестин улуттук жана эл аралык мыйзамдарга дал келишин, ошондой эле кызыкдар тараптардын жана инвесторлордун күткөнү менен шайкештигин камсыздоого көмөкчү;
  • Даттанууларды кароонун дурус жолго коюлган механизми ишкананын коомчулуктун маселелерине олуттуу кароого даяр экенин айгинелейт. Ошондой эле ал кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө бачым чара көрүп, атаандаштарынын арасында айырмалана аларын туюндурат.

КОМПАНИЯДА КАНДАЙ ЖҮЙӨЛӨР КЕЛТИРИЛИШИ МҮМКҮН?

Ири ишканалардын жетекчилигин жана бүтүндөй жамаатын даттануу механизминин натыйжалуулугу үчүн күч жумшоо арзый турганына ынандырууда же зарыл болуп-болбогону жөнүндөгү күмөнсүнүүнү жоюуда төмөнкү жүйөлөрдү келтирүүгө болот:

Тобокелдиктердин алдын алуу

«Даттануу механизмдери чакан көйгөйлөрдүн ири чыр-чатакка айланып кетпестигине ишендирет. Алар маселени эң башында аныктап, түпкү себебин жоюу менен кайрадан кайталанышын бөгөттөөгө көмөктөшөт».

✓ Маалымат топтоо

“Даттануу механизмдери биздин бизнес процесстер/нарк белгилөө түйүнүбүз жөнүндө түшүнүк бере турган маалыматтарды чогултат. Алар ишибизге байкоо салып,  кызматкерлерибиз жана кызыкдар тараптардын бизди туура аракет көрүп жатат деп эсептеп-эсептебей турганын билүүгө көмөкчү болот”.

✓ Тобокелдиктерди тизгиндөө

«Даттанууларды кароо механизмдери — бул анык жана болжолдуу таасирлерди аныктоочу, ошондой эле тобокелдиктерди тизгиндөөнүн кыйла майнаптуу куралдары».

«Эгер биз чакырыктарды башында эле тактап алсак, маселелер бизнесибизди олуттуу көйгөйгө тушуктурганча эле чечип кое алабыз».

✓ Чыгымдар

«Даттанууларды натыйжалуу кароо – жумуштагы жагдай жана маанайды жакшыртууга өбөлгө. Бул өз кезегинде кадрлардын алмашуусун азайтып, бөөдө кырсыктардын санын кыскартып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат».

«Кокус талаш-тартыш курчуп кетсе, чоң чыгымга кириптер кылары ырас».

"Биз ошондой эле кызматкерлер, камсыздоочулар менен диалогду жакшырта алабыз".

✓ Стратегиялык мамиле

«Даттанууларды кароонун майнаптуу механизмдери ишмердик жүргүзүүгө социалдык тастыктама алуу жана аны сактап калууга жардам берет».

«Алар бизге инвесторлордун ишеничин актоого шарт жаратат».

«Алар бизге жумуш берүүчү катары брендибизге көмөкчү болушат».

✓ Көзөмөл

«Билбестик көйгөйдү жоюп салбайт. Бул жөн гана тобокелдиктин көзөмөлдөн чыгып бара жатканын туюндурат».

«Эмне үчүн тагдырыбызды башкалардын колуна тапшырабыз? Андан көрө ишкананын ичиндеги тобокелдиктерди же айыптоолорду аныктап, жоюу үчүн чара көрүү оң чыгар?"

✓ Жөнгө салуу

«Ыктыярдуу жана милдеттүү стандарттардын көбөйүп баратышы бизден адам укуктарынын бузулушу боюнча даттанууларды кароонун механизмдерин ыкчам түрдө түзүүнү талап кылууда».

✓ Баалуулуктар

«Биз аракет көрүүгө тийишпиз, анткени баалуулук жана жамааттык маданиятыбыздын талабы ушул».

✓ Туруктуулук

«Даттанууларды кароо механизмдери көйгөйлөрдү чечүүгө жергиликтүү тургундарды да тартууга жардам берет».

ДАТТАНУУ МЕХАНИЗМДЕРИНЕН КИМ ПАЙДАЛАНА АЛАТ?

Жаралган көйгөйдүн мүнөзүнө жараша даттануулар ар кыл топтордон келип түшүүсү мүмкүн:

  • Эмгекти уюштуруу маселелери (иш убактысы, эмгек маянасы, басмырлоо, жумушта асылуу ж.б.) боюнча – компаниянын кызматкерлери, сырттагы жумушчулары, камсыздоочулар жана өнөктөштөрдүн кызматкерлери.
  • Саламаттык  жана коопсуздук (эмгекти коргоо/имараттардын коопсуздугу) -  компаниянын кызматкерлери, сырттагы жумушчулар, камсыздоочулар жана өнөктөштөрдүн кызматкерлери, коноктор, кардарлар.
  • Айлана-чөйрө (кооптуу заттар, ызы-чуу/жарык/жыт көйгөйлөрү, суу аркылуу өткөн жол, деңиз жана кургактыкка таасири) - өндүрүшкө жакын жашаган жамааттар, жалпы коомчулук.
  • Өндүрүмдүн таасири - компаниянын кызматкерлери, керектөөчүлөр, коомчулук. Компаниянын даттануу механизмдери ушул топтордун баарына тегиз жеткиликтүү түзүшү маанилүү.

ДАТТАНУУ ҮЧҮН КАЙСЫ КАНАЛДАРДЫ ПАЙДАЛАНГАН ОҢ?

 Ишеним телефону (кызматкерлердин же кардарлардын даттануулары үчүн / этика жана талаптардын сакталышы боюнча / эреже бузуулар тууралуу билдирүүлөр же жалпы маселелер боюнча ишеним телефондору)

  • Электрондук почта
  • Даттануулар кутусу
  • Ачык эшик саясаты/маалымдоо саясаты 
  • Эмгек жамаатын сурамжылоо
  • Катышуучулар өз кооптонууларын ачык билдире ала турган жалпы чогулуштар 
  • Иш процессине байланыштуу жыйындар (мисалы, нөөмөттү өткөрүү)
  • Байланыш боюнча дайындалган  киши
  • Талаш-тартышты жөнгө салуу комитети
  • Кесиптик кошуундар
  • Акыйкатчы
  • Тармактык/көп тараптуу демилгелер аркылуу даттанууларды кароо тутуму
  • Жабдуу түйүнүндөгү ишеним телефондору.

Кыргызстандагы өрнөктүү үлгү

Кыргызстанда өз ишине кызматкерлер жана кардарлар үчүн даттануулар механизмин киргизген соода-өнөр жай компаниясы бар. “ТПК Аман” ЖЧКсынын АРБ департаментинин директору Чынара Малик өзүнүн иш тажрыйбасынан бөлүштү.

Өзүңүздүн компанияңыз жана анын укуктук түзүмүндөгү өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берсеңиз?

- «ТПК Аман» холдинги Кыргызстандын рыногунда 10 жылдан ашык иштейт, 13 туунду ишканасы бар. Алардын ар бири өзүнчө ишмердүүлүк тармагына багыт алган. Башкаруунун өзү бизнес акселерат болуп саналат, жыл сайын экиден стартап чыгарат. 

«ТПК Аман» ЖЧКсынын баалуулуктары: ишкананын кызматкерлери Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эрежелери жана принциптерин аткарышат. Командадагы мамилеге, кардарлар, камсыздоочулар жана өнөктөштөр менен кызматташууга алар түздөн-түз таасир этери бышык.

Компания да өз ишмердигинде БУУнун негизги принциптерин жетекчиликке алат:

- эркин эмгекке укук жана мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу;

- биригүү эркиндиги жана кесиптик бирликтерди түзүү укугу;

- бирдей эмгек үчүн бирдей акы алуу укугу;

- адилеттүү жана жагымдуу эмгек шарттарына укук;

-балдардын эмгегине тыюу салуу;

-гендердик теңчилик ж.б.

b) мыйзамдарды сактоого жана адам укуктарын сыйлоого милдеттүү коомдун адистештирилген органдары катары адистештирилген функцияларды аткаруучу компаниялардын ролу;

c) укуктарды жана милдеттерди, алар бузулган учурда тийиштүү жана эффективдүү коргоо каражаттары аркылуу камсыз кылуу зарылдыгы.

“ТПК Аман” ЖЧКсынын АРБ департаментинин директору Чынара Маликтин айтымында, даттанууларды кароо механизминин максаты – кызматкерлердин, кардарлардын, контрагенттердин жана башкалардын даттанууларын ачык-айкын, ыкчам жөнгө салууну камсыз кылуу. Кароо мөөнөтү: 7 жумуш күнү. Документ жеткиликтүү жана ал тууралуу баары кабардар. Даттануулар социалдык медиа же почта аркылуу келип түшөт. 

“Эң негизгиси ар бир кызматкер, өнөктөш жана ташуучуга туура жеткирүү. Ар бири өзүнүн укуктарын жана милдеттерин так билген жакшы жагына. Бузуулар болгон учурда даттанууларды кароо механизми аркылуу жетекчиликке билдире алышат”, - дейт ал.

ИШКАНАДА ДАТТАНУУЛАР МЕХАНИЗМИ КАНДАЙ ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРИШИ ШАРТ?

Даттанууларды кароонун натыйжалуу механизмин камсыздоо үчүн компания төмөнкүлөргө кепилдик берүүгө тийиш, анын:

  1. МЫЙЗАМДУУЛУГУНА

Компания өзү үчүн кеминде эле төмөнкү суроолорго жооп бериши керек (ооба же жок):

  • Даттанууларды кароо ыкмасын чагылдырган процесс арыз ээлери үчүн так жана түшүнүктүүбү?
  • Даттануулар менен иштөөгө жооптуу кызматкерлердин милдеттери так белгиленип,  тийиштүү, анын ичинде адам укуктары боюнча окуудан өткөрүлдүбү?
  • Арыз менен кайрылган адамдар басмырлоого кабылбай, жазага тартылбастыгы туурасында так билдирүү барбы, анын аткарылышы көзөмөлдөнөбү?
  • Арыздарды кароодо жеке маалыматтарды коргоо механизми барбы?
  1. ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮНӨ

- Потенциалдуу даттануучулар арыз берүүнүн болжолдуу жолдорунан кабардарбы жана аларды пайдалана алышабы?

  1. АЛДЫН АЛА БЕЛГИЛҮҮЛҮГҮНӨ

- Даттанууларды кароо процесси болгонбу, мөөнөтү жана чечимди издөөгө өбөлгө боло турган ыкмалар алдын ала иштелип чыгып, потенциалдуу колдонуучуларга билдирилдиби?

  1. АДИЛЕТТҮҮЛҮГҮНӨ

- Потенциалдуу арыздануучулар даттануу механизмин иш жүзүндө колдоно алышы үчүн зарыл колдоо көрсөтүлөбү (атап айтканда, консультациялар, зарыл болгон учурда тилмеч жалдоо ж.б.у.с.)?

  1. АЧЫКТЫГЫНА
  • Даттанууларды кароо жол-жобосунун жүрүшү жөнүндө арыз ээлерине маалымдалабы?
  • Даттануулар механизмдеринин натыйжалуулугуна байкоо салынабы жана ал жарыяланабы?
  1. АДАМ УКУКТАРЫ ЖААТЫНДАГЫ ЧЕНЕМДЕРГЕ ШАЙКЕШТИГИНЕ

- Адам укуктарынын одоно бузулушу боюнча арыздар башка даттанууларга караганда артыкчылыкка ээлик кылабы?

- Жабыркаган адамдардын муктаждыктарына жараша чечимдер жана түзөтүүчү чаралары иштелип чыктыбы?

7.  ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ОКУТУУГА

- Даттанууларды кароо механизминин тажрыйбасы аны барган сайын жакшыртуу, башкаруунун тийиштүү башка процесстерин ылайыктоо үчүн колдонулабы?

8.  ДИАЛОГГО НЕГИЗДЕЛИШИНЕ

- Потенциалдуу колдонуучулар даттануу механизмдерин иштеп чыгуу жана натыйжалуулугун баалоого катышабы?

- Даттануу процессинде сүйлөшүүгө негизделген ыкмалар пайдаланылабы?

Эгерде кеминде эле бир бир суроого жообуңуз терс болсо, анда ишканаңызда жакшырта турган жагдайлар бар экенин бөркүңүздөй көрүңүз.

ДАТТАНУУ МЕХАНИЗМДЕРИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТЫН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮНӨ КАНТИП ЖЕТИШҮҮГӨ БОЛОТ?

Төмөнкү чараларды көрүү менен кызматкер, өнөктөш жана камсыздоочулар чынжырынын кызматкерлери, жамаат же керектөөчүлөр (анын ичинде аялуу топтор) үчүн маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырсаңыз болот:

  • Даттануу механизми тууралуу маалымат булактары сапатты кыдырып көзөмөлдөөчү адистердин жана аудиторлордун визиттик карталарында жазылат;
  • Компаниянын же камсыздоочулардын сайтына жайгаштырууга боло турган, тиешелүү тилде жазылган даттанууларды кароонун жол-жоболору туурасында маалымдаган жөнөкөй кооздолгон плакаттар;
  • Кантип даттануу керектиги жазылган чакан брошюра;
  • Кутучага бата тургандай, бардык кызыкдар тараптар жибере алгандай даттануунун жөнөкөй формалары;
  • Тиешелүү кызыкдар тараптар менен ачык жолугушуу жана талкуулар;
  • Компаниянын өз кызматкерлери же камсыздоочулар үчүн семинарлар.
  • Компаниянын сатып алуу бөлүмүнүн жана/же  камсыздоочулардын кызматкерлерин даттанууларды кароодо жергиликтүү механизмдердин маанилүү экенин үйрөтүү.
  • Өндүрүмдөрдө даттануу үчүн ишиним телефондорун же байланыш маалыматтарын басып чыгаруу.

Макала Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияны коштоо үчүн Япония өкмөтүнүн каржылоосу менен БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укуктары» (B+HR) долбоорунун алкагында даярдалды.