Толкунбек Исаков - майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары жана юридикалык жардам фондунун президенти. Көп жылдан бери майыптыгы бар адамдар менен иштешүүдө.
БУУ майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик органдардын мыйзамдарына жана практикасына таасир берүүчү куралдарды алууга жардам берди
2025-ж., 16-December
Сүрөттүн борборунда Толкунбек Исаков, майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары
Толкунбек Исаков - майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары жана юридикалык жардам фондунун президенти. Көп жылдан бери майыптыгы бар адамдар менен иштешүүдө.
Октябрдан майга чейин ал бир нече этаптардан турган, алардын арасында майыптыгы бар адамдарды тарбиялоо, аларды актуалдуу маселелерди талкуулоого жана мыйзамдарды өзгөртүүгө тартуу боюнча БУУӨПтүн долбоорунун бир бөлүгү болуп келет.
Иш БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун логикасында жүргүзүлдү, алар мамлекеттен майыптыгы бар адамдардын укуктарын, жеткиликтүүлүгүн жана катышуусун коргоого системалуу мамилени талап кылат.
Биринчи жолу колдонмо билим берген тренингдер
Тренингдерге, консультацияларга жана талкууларга майыптыгы бар 300гө жакын адам келген. Аларга жалпысынан 15ке жакын ведомстводон мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери кошулду. Бейөкмөт уюмдардан 40ка жакын адам катышты. Географиялык алкак да кеңири болду. Алсак: Чүй облусу беш, Ысык-Көл облусу төрт, Ош облусу үч уюм, ал эми Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарынан экиден уюм кошулган. Негизи өлкөдөмайыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча семинарлар үзгүлтүксүз өтүп турганы менен көптөгөн адамдар биринчи жолу келип жатат.
Бирок бул тренингдердин негизги айырмачылыгы алардын актуалдуулугунда. Адамдар буга чейин болбогон нерсени — майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жана улуттук мыйзамдын принциптерине ылайык өз укуктарын ишке ашырууга жардам берген колдонмо маалыматты алуу үчүн келишкен.
Бирок бул тренингдердин негизги айырмасы алардын актуалдуулугунда, ошондуктан алар көп сандагы катышуучуларды чогулткандыр. Адамдар мурда болбогон нерсени - колдонмо маалыматты алуу үчүн келишти.
«Бизге жылдар бою эле ошол эле уюмдар келип жүрчү, — дейт Исаков. — Форматы алдын ала эле белгилүү болчу: сунуштарын айтышып, анан тарап кетишчү, баары мурдагы калыбында эле калчу. Же болбосо биз ансыз деле билген темаларда лекцияларды угуп отурчубуз».
Бул жолу темалардын топтому кеңирээк жана тагыраак болду: эл аралык жана улуттук укук, стратегиялык пландоо, мониторинг, фандрайзинг, климаттык тобокелчиликтер, өзгөчө кырдаалдар.
Ар бир тема өзүнчө тренинг катары уюштурулуп, катышуучулар алгач ирет чындап эле пайдалуу маалыматтарды ала алышты.
«Тренингден кийин бир катышуучу жаныма келип, үйүнө барары менен дароо эле «өзгөчө кырдаал сумкасын» даярдай турганын айтты. Мурда адамдар мунун эмне экенин да билишчү эмес. Эми болсо аларда өзгөчө кырдаал учурунда өзүн жана жакындарын кантип коргоо керектиги боюнча так көрсөтмөлөр бар», — дейт ал.
Жыйынтыктар баштапкы жана соңку тесттин жардамы менен катталып турду. Билим деңгээли укуктар боюнча да, коопсуздук боюнча да, каржылык туруктуулук боюнча да туруктуу өсүп жатты.
«Ысык-Көл облусунан келген катышуучулар кургакчылык маалында нымды сактап туруучу суу аккумуляторлору — гранулалар тууралуу лекцияга өзгөчө кызыгышты. Адамдар бул технологияны үйүнө кайтары менен дароо колдонууга ниеттенип жатышат. Мындан башка да ачылыштар болду. Майыптыгы бар балдардын айрым ата-энелери иш берүүчү аларды белгилүү бир убакта жумуштан бошотуп турууга милдеттүү экенин алгач ирет угушту. Бир нече адам ошол эле укугун эртеси күнү эле пайдаланып көрүшкөн. Укук бузуулар болгон, ал эми тренинг аларга керектүү инструменттерди берди», — дейт Исаков.
Ал ошондой эле күтүлбөгөн аудитория да болгонун белгилейт — ведомстволордун өкүлдөрү катары келген мамлекеттик кызматкерлер талкуу жүрүп жатканда өздөрүнүн майыптыгы бар туугандары тууралуу айтып кетишкен: «Кээде тренингдерде айрым аткаминерлердин өз үй-бүлөсүндө майыптыгы бар адам бар экени белгилүү болуп, бирок ошол эле учурда алар мыйзам боюнча ага кандай жеңилдиктер жана кепилдиктер каралганын билишчү эмес», — дейт Исаков.
Ачык сүйлөшүүдөн изилдөөгө карай: катышуучулардын өздөрү атаган көйгөйлөр
Эгер тренингдер инструменттерди берсе, тегерек столдор адамдарга мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө да өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Чынында, БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын талабы дал ушундай ишке ашат. Анда майыптыгы бар адамдарды өздөрүнө тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууга активдүү тартуу каралган.
Биринчи «тегерек столдо» катышуучулар конкреттүү көйгөйлөрдү тизмелешти. Алар: майыптыгы бар адамдарды эвакуациялоо механизмдеринин жоктугу, медициналык жардамга жетүүнүн кыйынчылыктары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурлары, мыйзамдар менен аларды райондордо жана айылдарда колдонуудагы айырмачылыктар.
Бул даттануулардын топтому эмес эле. Бул талдоону талап кылган фактылар топтому. Экинчи тегерек столдо баары сүйлөшүүдөн изилдөөгө жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өтүштү.
Биринчи талкуудан кийин адистер үч мыйзамды белгилешти. Анда норма менен практика арасындагы ажырым артыкча сезилерлик болгон: жарандык коргоо жөнүндө мыйзам, саламаттыкты сактоо жөнүндө мыйзам, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук тууралуу мыйзам.
Чоң масштабдагы изилдөөнү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Жалпысынан 700 адам - майыптыгы бар адамдар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери сурамжыланган. Изилдөө расмий документтерде каралбаган кырдаалдарды сүрөттөп берди. Мисалы: эгер эвакуация планы арабада олтурган адамды эсепке албай калса, ал жер титирөө учурунда имараттан кантип чыгышы керек.
Жыйынтыктар ушунчалык айкын болгондуктан, мындан улам ӨКМ биринчи жолу ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүгө, ички нускамаларды ачык жарыялоого жана жарандык коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярдык баштоого макулдук берди.
Өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча, анын ичинде майыптуулугу бар адамдар үчүн тоскоолдуктарды жоюу жана кызмат көрсөтүүлөрдү адаптациялоо каралган "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын нугунда иштер жүрүп жатат.
Майыптыгы бар адамдардын иштерин караган Кеңеш 5 жыл жаңыланбай тургандан кийин иштин форматын өзгөртүп жатат
Долбоор Исаков иштеген Кеңештин ишин да өзгөрттү. Кеңештин жобосу 2020-жылдан бери жаңыланган эмес. Бул аралыкта мамлекеттик органдардын аталыштары жана ыйгарым укуктары өзгөргөн, бирок негизги көйгөй мында деле эмес болчу.
«Биздин чечимдер сунуш мүнөзүндө эле болчу. Алар же эске алынчу эмес, же кабыл алынса да райондорго жана айылдарга жеткенде бурмаланып же аткарылчу эмес», — дейт Исаков.
Азыр жаңы жобо долбоору даярдалды, ага ылайык Кеңештин чечимдери сөзсүз түрдө аткарылууга милдеттендирилет. Курамга биринчи жолу аймактардын өкүлдөрү киргизилди (мурда Бишкек жана Чүй гана катышчу), алыскы аймактар үчүн отурумдар онлайн форматта жеткиликтүү болот. Кеңеш майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу бардык мыйзам долбоорлорун парламентке киргизилүүдөн мурда көзөмөлдөө ыйгарым укугун алууну пландоодо.
Документ коомдук талкуулардан өтүп, азыр Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кол коюу процессине келип жеткен.
БУУӨПтүн колдоосу: күнү - түнү байланышын үзбөгөн эксперттер
Исаков белгилегендей, БУУӨПтүн командасы тренингдерди түз жүргүзгөн эмес, бирок бардык этаптарда методикалык, эксперттик жана консультациялык колдоо көрсөтүп турган.
«Керек болсо түнү менен да алар менен байланышса болот эле. Алар жардам берип, багыттап, техникалык тапшырмаларды аткарууну көзөмөлдөштү. Иштөө абдан ыңгайлуу болду», — дейт ал.
Исаков эмоционалдуу адам эмес, бирок негизги жыйынтык жөнүндө сураганда ал: пайда болгон билимдерди адамдар дароо колдонуп жатышат, өзгөрүүлөр пайда болду, алар Жогорку Кеңешке жетип, мыйзамдарды өзгөртө алат; Кеңеш чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн керектүү инструменттерди алууга жакындады; мамлекеттик органдар өз иштерин карап чыга баштады деп жооп берет.
«Мурда көйгөйлөрдү кимдир бирөөнүн жеке кыйынчылыгы катары талкуулайт элек, чогулуп сүйлөшүп, кейип, тарачубуз, — дейт Исаков. — Бул долбоордо биз аларды системалык маселелер катары карадык. Ал эми бул кийинки боло турган бардык иштерди өзгөртөт».