Кыргызстандын «алтыны» айылдарды кайра жандандырып, жерди коргой алат: чайырдын кайра жаралышынын баяны
2025-ж., 5-August
Авазкан Чотбаев 70 жашта, ал Баткен облусунда туулуп, өскөн. Бул кургак адырлар жана жайыттардын арасында эл күчтүү жыты бар жапайы өсүмдүк– чайырды 200 жылдан ашык убакыт бою колдонуп келишкен. Ал суук тийүүдө, тамак сиңирүү жана жүрөк-кан тамыр ооруларына жардам берген. Ал эми бүгүнкү күндө фармацевтика жана парфюмерияда абдан баалуу болуп саналат. Баткенде чайырдын үч түрү өсөт: ак, сары жана сасык.
Бирок акыркы он жылдарда чайыр жоголуп кетүү коркунучуна дуушар болду. 2017-жылдан тартып Кара-Булак айылынын 1,5 миңден ашык тургуну өсүмдүктүн тамырынан чайыр алуу максатында, кайра өсүү мүмкүнчүлүгүн калтырбай массалык түрдө казып башташкан. Тамыры жок чайыр урук бербейт жана өспөйт.
«Мен бала кезимден эле чайырдын чогултулушун көргөм. Аны табигый дары катары колдонушкан. Бирок 2017-жылдан баштап, мен коркунучтуу тенденцияны байкадым – эл аны тамыры менен массалык түрдө казып ала баштады. Бул коркунучтуу сигнал болчу. Мен экология тармагында иштегендиктен мен коңгуроо кага баштадым»,– деп баяндайт Авазкан.
Ал жергиликтүү бийликтерге, токой чарбаларына кайрылып, элге маалыматты жеткирүүгө аракет кылды. Акырында, ал чайырды казууга тыюу салууга жетишти. Бирок жөн гана тыюу салуу – бул иштин жарымы эле болчу. Алтернатива сунуш кылуу керек болчу.
Ал бул алтернативаны тапты. Авазкан чайырды айыл чарба өсүмдүгү катары өстүрүүнү сунуш кылды. Бул идея дээрлик мүмкүн эмес сыяктуу сезилген. Региондо мурда эч ким аны өстүргөн эмес. Ал өзү эксперименттерди жүргүзө баштады. Чайырды ар түрдүү шарттарда: тоолордо, дарыя жээктеринде, кунарсыз топурактарда отургузду. Ар түрдүү отургузуу ыкмаларын сынады. Жыл сайын жаңы участкаларда отургузуп, өсүмдүктөрдүн өнүгүшүн көзөмөлдөп турду. 2018–2019-жылдары отургузулгандар бул жылы гана биринчи толук түшүм берди. Чайыр чыдамкайлыкты талап кылат. Ал тез түшүм бербейт, бирок анын баасы убакыт өткөн сайын өсөт. Туруктуу натыйжа алуу үчүн, аны жыл сайын отургузуу керек. Бул ишти уланта бермекчи.
2023-жылы «Балдарды жана энелерди коргоо» коомдук фонду ГЭФ БУУӨПтун Чакан гранттар программасынан грант алды. Бул бурулуш чекити болду. Долбоордун колдоосу менен Кара-Булак айылынын 17 фермер үй-бүлөсү чайырды өз участкаларында өстүрүү үчүн урук алды. 50 гектар аянтта коргоого алынган энелик участок – келечек муундар үчүн «урук банкы» – түзүлдү.
Авазкан фермерлерге эл аралык тажрыйбаларын үйрөтүү боюнча тренингтерди өткөрдү. Өзбекстанда, Иранда жана башка өлкөлөрдө чайырды кантип өстүрүшкөнүн көрсөттү. Эл ишене баштады. Фермерлер өсүмдүктүн сугарылбаган, башка өсүмдүктөр өспөгөн жерлерде өсө аларын, 4–5 жылдан кийин бир өсүмдүктүн бир килограммга чейин чайыр берерин, ал жүн же дандан бир нече эсе кымбат экенин билишти. Алар чайырдын жайыттарын калыбына келтирип, топуракты бекемдегендигин гана эмес, чыныгы киреше алып келгенин түшүнүштү.
Кара-Булактын тажрыйбасы туруктуу мамиленин ийгиликтүү мисалы болду, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024–2028-жылдарга Кыргызстанда чайыр өстүрүү боюнча улуттук Программаны бекитти. Документте так максаттар көрсөтүлгөн: жоголуп бараткан түрдү сактоо, чайырды – гальбанумду – экспорттук товарга айландыруу, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү үчүн өсүмдүктү пайдалануу жана алыскы айыл аймактарга инвестицияларды тартуу. Программада өстүрүү жана фермерлерди колдоо гана эмес, мыйзамдарды өзгөртүү, илимий изилдөөлөр, чийки затты иштетүү технологияларын киргизүү жана Кытай, Индия жана Европа Союзу кошулган эл аралык рынокторго чыгаруу чаралары да камтылган.
2025-жылы Авазкандын жетекчилиги астында 1000 гектарга жакын чайыр отургузулду, 2026-жылы 2000–3000 гектарды камтышмакчы. Бул иш Баткендин ландшафтын гана өзгөртпөстөн, киреше гана эмес, жерге кам көрүү биринчи орунда турган жаңы айыл чарба түрүн түзүүдө.
Кыргызстанда чайырды кайра жандандыруу программасы бул уникалдуу өсүмдүктү туруктуу плантацияларды түзүү аркылуу жоголуп кетүүдөн сактоого багытталган. Ал чайырды жергиликтүү фермерлер үчүн киреше алып келүүчү экспорттук товарга айландырууга, өсүмдүктүн чыдамкайлыгын пайдаланып деградация болгон жерлерди кайра жандандырууга жана тармакка инвестицияларды тартууга аракет кылат.
Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн төрт негизги багыт боюнча чаралар иштелип чыккан. Нормативдик жөнгө салуу бөлүгүндө өсүмдүк дүйнөсүн коргоо жана айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү, ошондой эле чайырды өстүрүү жана жыйноо тартибин бекитүү каралган. Өстүрүү тармагында 2024–2028-жылдар аралыгында 11 600 гектар төмөн өндүрүмдүү жана деградацияланган жерлер чайыр үчүн бөлүнүп, 250 гектарга тамчылатып сугаруу киргизилип, өндүрүүчүлөрдү кооперациялоо үчүн «Чайыр» кластери түзүлөт. Мамлекеттик колдоо өсүмдүктү өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын үйрөтүү, жеңилдиктеги кредиттерди берүү, эл аралык инвестицияларды тартуу, сырткы рынокторду изилдөө жана экспортту жылдырууну камтыйт.
Кызыктуу факт: байыркы заманда чайырды табигый антисептик катары колдонушкан, ал эми бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү алдыңкы фармацевтика лабораторияларында рак жана Альцгеймер оорусуна каршы перспективалуу дары катары изилденүүдө.
Бул долбоор табигый байлыктарга кам көрүүчүлүк экономикалык өнүгүү жана экологиялык жандануунун фактору боло аларын көрсөтөт.