Үй-бүлөлүк салттан заманбап ишкерчиликке чейин

2025-ж., 5-September

Жибергүл Акунова

Сүрөт: Жибергүлдүн өздүк архивинен

Жибергүл Акунова кол өнөрчүлөрдүн  үй-бүлөсүндө төрөлгөн — анын апасы чебер кол өнөрчү болгон жана кызына кол өнөргө болгон сүйүүнү ашыктырган. 1991–1993-жылдары Жибергүл С. Чокморов атындагы кесиптик окуу жайында жыгач жана терини иштетүү адистиги боюнча окуп, кызыл диплом менен бүткөн.

Жибергүл келечектеги жолдошун окуу жайында жолуктурган. Алар чыгармачылык өнөктөштөр да болгон. Ысык-Көл облусунда, Жети-Өгүз районунда алар балдарын тарбиялап, аларга кол өнөрчүүлүккө болгон сүйүүнү берип — балдары да жыгач жана терини иштетүүнү үйрөтүштү.

Жибергүлдүн жетекчилиги астында «Мурас» тобу түзүлдү — жети адамдан турган жамаат: беш аял жана эки эркек кол өнөрчү. «Мурас» деп аталган топ алардын салттуу кол өнөрчүүлүктү сактоо миссиясын чагылдырат.

Усталар кийиз жана теринен буюмдар жасашат: жол жаюучтар, отургучтар, улуттук оюу-чийме менен сырдалган декоративдик панно, брелоктор жана ар түрдүү аксессуарлар. Ар бир буюм жогорку сапат менен айырмаланып, салттуу мотивдерди заманбап муктаждыктар менен айкалыштырат.

БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунда катышуу ал үчүн чоң жетишкендик болду. Программа жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты: кол өнөрчүлөр заманбап өндүрүш стандарттарын үйрөнүштү, иштин сапатын жакшыртышты жана ассортиментти кеңейтишти. Ошко жана Чоң-Алайга тажрыйба алмашуу турларына кесиптеш- кол өнөрчүүлөр менен байланыш түзүүгө жол берип, катышуучуларга туруктуу кирешени камсыз кылды.

Жибергүл амбициялуу пландарга толгон. Ал «Мурас» тобунун өнүгүүсүн көп деңгээлдүү процесс катары көрөт. Азыр ал жаңы усталарды тартып өндүрүштү масштабдоого, жаш кол өнөрчүүлөр үчүн устаттык программасын түзүүнүн үстүнөн иштеп жатат, бул салттуу билимдерди берүү менен катар эле салттуу техниканы жакшыртуу үчүн инновацияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

«Өнүгүү — бул тынымсыз процесс. Дайыма үйрөнүп, өз ишинде кемчиликсиздикке умтулуу маанилүү. Эгер чыныгы каалоо жана сапаттуу иштөөгө даярдык болсо, кооз буюмдарды гана эмес, өзү үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да кадырлуу келечекти куруу мүмкүн. БУУӨПтүн долбоору сыяктуу өнүктүрүү программалары — бул жаңы мүмкүнчүлүктөргө көпүрө. Алар билимди гана эмес, өз күчүнө ишенимди да берет»,
— дейт Жибергүл.

Салттуу кол өнөрчүүлүктөн заманбап бизнеске

БУУӨП Кыргызстанда кол өнөрчүүлүктү өнүктүрүү үчүн күчтүү платформа түзгөн. Демилгенин алкагында 4 кичи жана орто бизнес ишканасы, 40дан ашык кол өнөрчүүлөрдү  камтыган 7 кол өнөрчүүлөр  тобу жана 2 кол өнөрчүүлөр ассоциацияларын бириктирди.

БУУӨП кол өнөрчүүлүктү колдоо аркылуу аялдардын ишкердигине олуттуу салым кошуп, аялдар үчүн жумуш орундарын түзүп келет, алардын басымдуулугу мурда туруктуу кирешеси жок болгон.

Кол өнөрчүүлөр  жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнүн катализаторлоруна айланып, салттуу көндүмдөрдү сактап, аларды заманбап базар талаптарына ылайыкташтырып жатышат. 28 кол өнөрчү окуу турларынан өтүп, өз продукцияларын туризмге жана экспортко интеграциялоонун мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүштү. Катышуучулар продукцияны жайылтуунун заманбап куралдарын, анын ичинде электрондук соода жана санариптик маркетингди, ошондой эле ишкердиктин негиздерин, баа коюуну жана каржылык сабаттуулукту үйрөнүштү.