Чыгармачылыктан санариптик өсүшкө: Toiart электрондук коммерция аркылуу бизнесин кантип өнүктүрүүдө
2026-ж., 26-February
Гүлжан Назарова, Toiartтын тең негиздөөчүсү
2026-жылы Аялдардын эл аралык күнү «Аялдар жана кыздар үчүн укуктар. Адилеттүүлүк. Иш-аракеттер» деген глобалдык ураандын алдында белгиленүүдө. Бул тема аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жана санариптик куралдарга тең жеткиликтүүлүгү инклюзивдүү өнүгүүнүн ачкычы экенин баса белгилейт. Гүлжан Назарованын тарыхы бул принциптердин конкреттүү иш-аракеттерде кантип ишке ашырылып жатканын айкын көрсөтөт.
«Мен Toiartтын негиздөөчүлөрүнүн биримин. Бул – керамика толук кандуу ишкердик модель болуп калган чыгармачыл бизнес. Биз устакананы, өндүрүштү жана окутууну айкалыштырабыз. Мен үчүн чыгармачылыктын системалуу жана туруктуу болушу маанилүү», – дейт Гүлжан.
Гүлжан БУУӨП Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан «Жаңырейшн Санарип» электрондук коммерция боюнча инкубациялык программасына катышты.
«Мурда “Жаңырейшн” долбооруна катышып, электрондук коммерция платформаларына чыгуу темасын тандагам. Биз үчүн товардык багытты кеңейтүү маанилүү болчу. Сатууну интуиция менен эмес, стратегиялык негизде кантип курууну түшүнгүбүз келди», – деп түшүндүрөт ал.
Программа Кыргызстандагы ишкерлерге салттуу бизнес моделдеринен санариптик моделдерге өтүү үчүн керектүү куралдарды, билимди жана колдоону берүү максатында ишке киргизилген. Демилге Улуттук өнүгүү стратегиясы – 2040 жана 2024–2028-жылдарга карата Санариптик трансформация концепциясынын алкагында өлкөнүн санариптик өзгөрүүсүн колдоого багытталган.
16 жума ичинде 43 ишкер, алардын жарымынан көбү аялдар, бизнесине санариптик чечимдерди киргизүү боюнча өз алдынча стратегияларды иштеп чыгышты.
Окутуу модулдары, менторлук колдоо, мастер-топтор жана практикалык сессиялар аркылуу катышуучулар санариптик маркетинг, логистика, онлайн сатууларды башкаруу жана кардарлар менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Программага санариптик экономика тармагындагы 22 эксперт тартылып, алар эл аралык маркетплейстер менен иштөө, процесстерди автоматташтыруу, санариптик маркетинг жана санариптик аналитика боюнча колдоо көрсөтүштү.
Гүлжан үчүн бул программа стратегиялык көз карашты өзгөртүүгө түрткү болду.
«Маркетплейстердин кантип иштей турганын түшүндүм: экономикасы, товар карточкалары, логистикасы, аянтчалардын талаптары. Эң баалуу сабак – иштин көлөмүн жана өзүнчө команда керек экенин аңдоо болду. Бул ресурстарыбызды реалдуу баалоого жардам берди»,деп белгилейт Гүлжан
БУУӨПтун колдоосу менен Toiart чопо экструдерин сатып алып, өндүрүш процессин кыйла жаңылап жана жеңилдетти.
«Мурда чопону даярдоо толугу менен кол менен жасалчу. Азыр экструдерди мастер-класстарда жана товардык өндүрүштө активдүү колдонобуз. Бул процессти ылдамдатууга, заготовкалардын сапатын жакшыртууга жана эмгек чыгымын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берди».
Бүгүнкү күндө студия социалдык тармактар жана издөө сервистери аркылуу активдүү сатууда: кардарлар мастер-класстарга келип, андан кийин онлайн заказ беришет. Ошол эле учурда команда маркетплейстерге өнөктөштүк модель аркылуу чыгуу стратегиясын иштеп чыгууда.
«Маркетплейстер өзүнчө системалуу мамилени талап кылган багыт экенин түшүндүм. Бул менин масштабдоо тууралуу көз карашымды толугу менен өзгөрттү», – дейт Гүлжан.
Электрондук коммерциядагы нарк түзүү чынжыры инклюзивдүү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүп, айрыкча аялдар жетектеген чакан жана орто бизнестин санариптик экономикага кошулушуна мүмкүнчүлүк берет.
Структуралык тоскоолдуктарды жоюп, ишкерлерге практикалык куралдарды берүү аркылуу программа региондор ортосундагы айырмачылыктарды кыскартууга, жумуш орундарын кеңейтүүгө, глобалдык рынокторго интеграцияланууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөктөшөт.
Санариптик трансформация туруктуу өнүгүүнүн негизги багытына айланган шартта, ушундай масштабдалуучу демилгелер экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана узак мөөнөттүү туруктуулук үчүн бекем негиз түзөт.
Toiartтын тарыхы «Аялдар жана кыздар үчүн укуктар. Адилеттүүлүк. Иш-аракеттер» урааны укуктарды коргоо менен гана чектелбестен, рынокторго, технологияларга жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну да камтый турганын көрсөтүп турат.