"Аялдар эркектерге караганда он эсе жакшыраак иштеши керек" - Эльвира Сурабалдиева

2022-ж., 1-July

2015-жылдагы биринчи шайлоо өнөктүгүм дагы деле эсимде. Мен талапкер катары пландарымды айтуу үчүн барган мечиттин алдына 200дөй адам чогулду. Колумду сунуп, чогулган диний жетекчилерге жакындадым. Алар мени кол алышып учурашкыча менин колум беш мүнөттөй жоопсуз турду.

Ошондон бери ушундай жагдайларга көп жолугуп, катуу сынга кабылдым. Коомубузда калыптанып калган нормалардан улам аялдардан “өзүн-өзү алып жүрүү” жана “өз ордунда калуу” күтүлөт. Эгер сиздин жеке пикириңиз болсо, саясатчынын аброюн жоготуп алуу коркунучу бар. Эркектердин жаман жүрүм-туруму же каталары көбүнчө кечирилет, ал эми аялдардын каталары катуу сынга кабылат.

Саясатта аялдардын азчылыкты түзүшүнүн бирден бир себеби ушул экенине ишенем. Кыргызстанда мыйзамда эркек жана аял өкүлдөрү парламентте 30 пайыздан кем эмес өкүл болушу керек деп жазылган. Бирок бул аткарылбай жатат. Мисалы, Жогорку Кеңештин азыркы (жетинчи) чакырылышында 87 депутаттын 19 гана (21 пайыз) аял. Бул аткаруу бийлигине да тиешелүү: шаарларда аял мэрлер жок. Алтургай вице-премьер-министрлик кызматты көбүнчө аялдар ээлеши керегине карабай ошол жерде дагы эркектер ээлеп алган.

Бирок биздин маанилүү жетишкендиктерибиз бар. Тарыхыбызда биринчи жолу аялды Акыйкатчы кылып шайладык жана КМШдагы биринчи аял президент Роза Отунбаева болгон жалгыз өлкөбүз. Бул аялдар биздин коомдогу аялдарга каршы иштеген салттуу стереотиптердин дубалын бузуп, башка аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачышкан.

2015-жылдагы биринчи шайлоодо, шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп, аларга эмне кылгым келет жана аны кантип жасайм деп ынандырдым. Аял болгонум үчүн ишенбестик сезими бар болсо да, СДПКдан талапкер катары 30% гендердик квотанын артынан жеңишке жетиштим.

Гендердик квота аялдарды саясатка шыктандырат жана колдойт деп эсептейм. Мага Жогорку Кеңешке депутаттык мандат кепил болгону менен, өз округум жана шайлоочуларым менен иштешип, 12 миңден ашык добуш менен жеңдим.

2022-жылы экинчи мөөнөткө Биринчи Май шайлоо округунан көптөгөн добуш менен шайландым, анткени өткөн чакырылышта социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты болгом.

Коомдук турмушта кесипкөй карьерабызды жана үй-бүлөбүздү башкарууга милдеттүүбүз - аялдарга көп убакыттан бери болгон чоң кыйынчылык. Ошондон уламбы, айымдар парламентте социалдык маселелерди чечип, көбүрөөк боорукердик, камкордук көрсөтүү, ошондой эле ар кандай деңгээлде сүйлөгөндү үйрөнүшөт.

“Эркектер жасаган ишине 25 пайыз энергиясын жумшаса, аял 250 пайызын бериши керек” деген кеп бар.

Ал эми мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды демилгелеп, өз ордубузду табууга аракет кылып жатканыбыз менен, коомдо көбүнчө терс көрүнүштөр бар. Мисалы, эки аял парламентарийдин ортосунда кызуу пикир алмашууга кабылышса, жаңылыктын аталышы: “Аял-депутаттар мушташа кетти” деп, ага жооп иретинде мыскылдуу пикирлер көп айтылмак, бирок эки эркек талашып-тартышып жатса, анда күч жана күч үлгүсү деп жазышмак.

Мурунку парламентте сексуалдык ыдыкка жана жек көрүүчүлүккө каршы мыйзам долбоорун демилгелеген элем. Грузия өлкөсүнө барып ушундай мыйзамдарды кантип ишке ашырып жатканын көрүп, шыктандым. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо жазылган жек көрүү сөздөрүнүн 13 пайызы аялдарга каршы багытталганын көрсөткөн; 2021-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ал 10,5 пайызды түзгөн.

Саясаттагы гендердик зомбулук боюнча сурамжылоодо аялдардын 15 пайызы зомбулукка жана сексисттик сөздөрдү башынан өткөргөнүн айтышса, 32 пайызы өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата коркутууларга кабылганын айтышкан .

Бирок дээрлик төрт жыл өтсө да мыйзам долбоору кабыл алынбай келет, себеби “харассмент” деген сөз эркек депутаттарды чочутат, анткени ал аял менен эркектин ортосунда ойноштук салтын бузуп, аялдарга да бул байланыш түрүн жактырат деп эсептешет. Зомбулукту жана сексуалдык ыдыкты жоюу боюнча ЭЭУнун №190 (2019) Конвенциясын ратификациялоо алдыга чоң кадам болмок жана мен муну ишке ашыруу үчүн бардык күчүмдү жумшайм.

Бардыгы үчүн сапаттуу коомдук товарларды жана кызматтарды көрсөтүү менин күн тартибимдин эң башында. Социалдык тармактарда шайлоочуларым жана жолдоочуларым менен үзгүлтүксүз баарлашып, өзүмдүн шайлоо округумдун муктаждыктарына көңүл буруп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышты жакшыртууну пландап жатам. Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү да менин негизги приоритеттеримдин бири.

Аялдар өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон кийин, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолу бар. Өкмөт аялдарды колдосо, социалдык көйгөйлөрдү чечип, экономикасын өнүктүрөт.