Майыптык жаатындагы негизги терминдердин глоссарийи

Майыптык жаатындагы негизги терминдердин глоссарийи

2023-ж., 3-December

Майыптык жаатындагы негизги терминдердин глоссарийи Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүүнү күчөтүү» (3-фаза) долбоорунун колдоосу менен түзүлдү. Документ Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы №150 буйругу менен бекитилген.
Ал майыптыгы бар түрдүү адамдарды, алардын коомдун бардык мүчөлөрү менен тең укукта болушун жана коомдук жашоо-турмушка толук аралашуусун тааныган терминология боюнча толук ресурс.
Глоссарийдин максаты – инклюзивдүү коомду курууга жардам берүү.
 

Regions and Countries