Кыргызстандагы Батыш Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары

Кыргызстандагы Батыш Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары

2023-ж., 9-February

Батыш Тянь-Шань – эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флора жана фауна менен мүнөздөлгөн тоо системасы. Аймак ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине жана Conservation International уюму тарабынан аныкталган 34 Biodiversity Hotspots тизмесине кирип, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун (WWF) версиясы боюнча планетанын Global 200 экологиялык региондорунун катарына кошулган.

Бул китеп Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун чектеринде Батыш Тянь-Шандын био ар түрдүүлүгүнө арналган жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары — Сары-Челек мамлекеттик биосфералык корук, Беш-Арал, Дашман жана Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коруктары, «Алатай», «Кан-Ачуу» жана «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш парктары боюнча маалыматтарды камтыйт. Китеп региондун флорасы жана фаунасы жөнүндө маалыматтары бар тиркемелер менен коштолот. Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылышты пайдалануу, экологиялык билим берүү, экологиялык туризм тармагындагы адистер жана окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн арналат.

Бул басылма БУУӨП/ГЭФ «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоорунун колдоосу менен жарыкка чыкты.

Бул басылмада берилген ойлор БУУнун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, анын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрдүн көз-караштарын чагылдырууга тийиш эмес. Колдонулган белгилөөлөр кандайдыр бир өлкөнүн, территориянын же аймактын же алардын чек-араларынын укуктук статусуна тиешелүү көз-караштарды чагылдырбайт.

Document Type
Regions and Countries
Sustainable Development Goals