Жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу үчүн онлайн платформа

2020-ж., 10-November

Кыргызстандын жаш муундарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү максатында, Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын демилгеси жана колдоосу менен жаштар үчүн эң көп берилген суроолорго жоопторду камтыган юридикалык бөлүм иштеп чыкты. «Укуктук суроо-жооптор» бөлүмүнө ар бир адам http://alc.kg сайтында кире алат.

Бул платформа Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясынын сайтында жайгашып, түздөн-түз жаштарга байланыштуу укуктук маалыматтар түшүнүктүү болгон жөнөкөй тилде берилген. Ошондой эле, ар бир адам укуктук мүнөздөгү маалыматты суроо-жооп иретинде таба алат жана тематикалык блокторго бөлүнүп,  «Юридикалык жардам» бөлүмү иштелип чыккан.

Маалымат булагы болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, айрым булактарга адистешкен мамлекеттик органдары, эл аралык жана улуттук уюмдардын веб-сайттары колдонулду.

Бөлүм эң актуалдуу темалар боюнча 11 блоктон турат:

  • Билим алуу
  • Буллинг жана зомбулук
  • Жаштардын эмгек укугу
  • Каржы суроолору
  • Киберкоомсуздук
  • Мирграция суроолору
  • Мүлктүк укуутар
  • Үй-бүлө суроолору
  • Шайлоо укугу
  • Ювеналдык юстиция
  • Жаш курагы боюнча укуктук маселелер

«Алгач, бул демилге чек ара аймагындагы жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн жаралган, анткени калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик борборлордун алыстыгына байланыштуу бул категориядагы калк юридикалык кеңеш алуу процессинде кыйналып келишет. Мындан тышкары, укуктук механизмдерди билүү жаштардын арасындагы чыр-чатактарды азайтуу жана коомдук биримдикти чыңдоо үчүн маанилүү критерийлердин бири болуп саналат. Коронавирустук инфекциясынан улам келип чыккан социалдык дистанциянын шартында, бул платформа чек ара региону үчүн гана эмес, өлкөнүн бардык жаштары үчүн алгачкы юридикалык жардам алууда пайдалуу болот» -

Мукаш Калдаров, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын долбоорунун координатору.

Жаштар үчүн укуктук платформа иштеп чыгууда, Кыргызстандын укуктук клиникалар Ассоциациясынын онлайн платформасы кокустан тандалган эмес. Бул уюм юридикалык клиникаларды өнүктүрүү, жаш юристтердин жана юридикалык факультеттердин студенттеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырат. Бул жалпысынан, укуктук сабаттуулук боюнча долбоорлор.

"Биздин уюмдун жаштар менен иштөө тажрыйбасы бар. Долбоорлорго биз негизинен юридикалык факультеттердин студенттерин камтыйбыз, ошондуктан биздин жаштар менен иштөөбүз жаштар аркылуу жүрөт. Онлайн-укуктук платформаны түзүү идеясы дагы жаштардын демилгеси болгон. Буга чейин биз изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында биз күн сайын жаштарыбыз туш болуп жаткан мыйзамдар жана укуктар жөнүндө жеткиликтүү маалымат боло турган аянтча түзүү керектигин билдик". -

Наргиза Жеңишева, демилгенин автору.

Бул сүрөттөлгөн юридикалык блоктор «Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы ынтымакты жана кызматташтыкты өнүктүрүү” долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтык Фондусунун каржылык колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Кыргызстандын укуктук клиникалары Ассоциациясынын эксперттик тобу менен биргеликте иштелип чыккан.