ПРООН Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнө ыкчам талаа госпиталды жана медициналык жабдууларды берди

2019-ж., 16-September

Photos: Khodzhaeva M.

13 сентябрь 2019 жылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын (КР ӨКМ РӨКО) аймагында жалпы баасы 5 591,460 сомдук ($80,248) ыкчам талаа госпиталды, медициналык жабдууларды жана ыкчам талаа госпиталын жабдуу үчүн керектүү шаймандарды жана эмеректерди презентациялоо жана салтанаттуу түрдө тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү.

Бул иш-чарага КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппаратынын, КР ӨКМ, РФ Ош шаарындагы Башкы консулунун, ПРООН өкүлдөрү, КР ӨКМ Ош шаарындагы РӨКО кызматкерлери, ММК жана Ош облусунун тургундары катышышты.  

Россия өндүрүшүнөн чыгарылган пневмокаркастык модулдардын жана генераторлордун базасында мобилдүү талаа госпиталы жеңил, компактуу реанимациялык курулуштан түзүлөт,  аны өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга медициналык тез жардам көрсөтүү, пациенттердин абалын турукташтыруу жана жабыркагандарды бир кыйла жогорку деңгээлде дарылоого мүмкүнчүлүк бар мекемелерге медициналык эвакуациялоо үчүн кеңири спектрдеги өзгөчө абал түзүлгөн районго жеткирүүгө болот.

Госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчү медициналык кызматкерлердин иштешине эсептелген. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана товар сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Анын түзүлүшү жай мезгилде иштөө үчүн атайын желдеткичти, жылдын суук мезгилинде пайдалануу үчүн жылыткычты камтыйт. Ыкчам талаа госпитал 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат.

КР ӨКМ РӨКО командири М.Карабаевдин берген маалыматы боюнча, Советтер Союзунан мурасталган Жарандык коргоонун мамлекеттик системасы дагы эле “муздак согуш” доорунда иштелип чыккан нормаларды жана стандарттарды жетекчиликке алат жана олуттуу жакшыртууларды талап кылат. «Апат медицинасын күчтөндүрүү алкагында иш-чаралар, анын ичинде мобилдүү пунктту түзүү өрт-куткаруу кызматынын, ошондой эле РФ ӨКМ жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча Бүткүлсоюздук илимий-изилдөө институтунун (ЖКжӨК БСИИ) эксперттик колдоосу менен түзүлгөн Кризистүү кырдаалдарда башкаруу Борборлорунун (ККББ), Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматы 112 (БНДК 112) иштери менен тыгыз байланышта болот”, - деди ал.  

Бул демилге Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан каржыланган, БУУӨПтун “Ош облусун интегралдык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Долбоор аймактарды өнүктүрүү, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзөт. 2017-жылдан бери 30 пилоттук айыл митигациялык жана “жашыл” долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн кырсык тобокелдиги профайлын алышты, сел кетүү жана көчкү жүрү коркунучун азайтуу боюнча 4 долбоор ишке ашты, жугуштуу оорудан өлгөн малдs утилизациялоо үчүн бир крематор орнотулду.