Маалымат технологиялар жаатында ооган кыз-келиндеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Ар бир адам үчүн жакшы келечекке умтулуу

2024-ж., 24-April
Казакстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы / Амир Салыкбаев

2021-жылы талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстан аялдардын укуктары жаатында тынчсыздандырган өзгөрүүлөргө күбө болду. Аялдар билим алуудан жана жумушка орношуудан баштап, коомдук жашоого катышуу жана чечим кабыл алуу сыяктуу бардык чөйрөлөрдө эркиндиктеринин бузулушуна туш болушту.

Мына ушундай чакырыктардын алкагында Хасина сыяктуу кыздардын окуялары өзгөчө көзгө урунуп, үмүт жана кайрат берүүдө. Кыргызстандын Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин МКТ факультетинин студенти Хасина ооган аялдарына дем берип келет. Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган БУУӨПтүн регионалдык демилгесинин колдоосу менен ал билим берүүнүн көп нерсени өзгөртө алган күчүн чагылдырууда.

“Мен компьютер менен бала кезимде таанышкан элем, ошондон бери технологиянын чексиз мүмкүнчүлүктөрү мени таң калтырып келет. Компьютерлер биздин дүйнөнү кандайча өзгөртүп жатканын өз көзүм менен көрүп, мен бул чөйрөнү тереңирээк үйрөнүп, мында өз ролумду да ойногум келди”, - маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө карьера жасоого эмне шыктандырган эле деген суроого Хасина ушинтип жооп берди.

Жаңы жолдорду издөө менен тоскоолдуктарды жеңүү

Ооганстанда медициналык билим алган Хасина маалыматтык технологиялар менен алектенүүнү чечкен. Коомдо кабыл алынган нормалар жана салттуу гендердик ролдор адатта дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аялдардын билим алуусуна жана кесиби боюнча иштешине бут тосуп келүүдө. Бирок, Хасинанын медицинадан маалыматтык технологияларга өтүшү анын жеке эволюциясы болуп, анын кайраттуу мүнөзүнөн кабар берет.

“Эркектер үстөмдүк кылган маалыматтык технологиялар чөйрөсүнө жаңы киргенде олуттуу тоскоолдуктарга туш болдум. Бирок, мен маалыматтык технологияларды өздөштүрүп жаткан башка аялдардын чечкиндүүлүгүн көргөн сайын алардан шыктанып турдум”, - дейт Хасина.

Казакстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы / Амир Салыкбаев
Новатордук көз караш – Ооганстанды алга сүрөгөн жогорку технологиялар

Ооганстанда аялдар туш болуп жаткан тоскоолдуктарга карабастан, Хасина өз мекенин өнүктүрүү идеясынан баш тартпай, ушул багытта иш алып барууда. Медицина жаатындагы жана маалыматтык технологиялар тармагындагы билимдерин уникалдуу айкалыштыруу менен ал технологияларды өзгөрүүлөрдүн катализатору деп эсептейт. Хасина жасалма интеллект жана робототехника сыяктуу инновациялардын жардамы менен айрыкча медицина сыяктуу тармактарды өзгөртүүгө болот деп бекем ишенет.

“Дарыгерлер тартыш болгон райондордо жасалма интеллект канчалык пайдалуу боло алаарын элестетип эле көрсөңүз. Жасалма интеллект койгон диагноздун жардамы менен адамдар медициналык жардамды аралыктан эле ала башташат. Мындан тышкары, роботтоштурулган хирургия дарыгерлерге татаал операцияларды жогорку тактыктагы шаймандар менен жасоого сонун мүмкүнчүлүк берет, натыйжада операция коопсуз өтүп, адам тезирээк айыгат”, - дейт суктануусун койнуна ката албаган Хасина.

Хасина сөзүн мындайча улантты: “Заманбап технологиялар Ооганстан үчүн, айрыкча медициналык мекемелер тартыш аймактарда өтө көп нерсени өзгөртө алышат. Бул алдыңкы шаймандардын жардамы менен биз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, кайсы жерде жашаганына карабастан адамдарга аларга жете алышын камсыздайбыз”. Бирок сөз саламаттыкты сактоо жөнүндө гана болуп жаткан жок: технологиялар ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө, айрыкча IT-коллеждеринде революция жасап, окууну интерактивдүү жана кызыктуу кыла алат. Бул өз кезегинде студенттерге жакшы жумуш таап, Ооганстандын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн керектүү жөндөмдөрдү алууга жардам берет. Технологияларды натыйжалуу колдонуу ооган элинин жашоосун оң жагына өзгөртө алат, ошондуктан мен алар бизде колдонула баштай турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Акыр соңунда сөз Ооганстандын ар бир тургуну үчүн жакшы келечекке умтулуу жөнүндө болуп жатпайбы”.

Ооган аялдарынын арасында маалыматтык технологиялар боюнча адистердин рейтингин жогорулатуу багытындагы чечкиндүү концепция

Келечекке көз чаптырып, Хасина өзүн жаңы чакырыктарга жооп кайтара алган, алдыңкы маалыматтык технологиялык долбоорлорго катышкан инженер-программист катары көрөт. Маалыматтык технологиялар жаатында билим берүүнү өнүктүрүү жана ооган аялдары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү идеясына берилип, Хасина учурдагы тоскоолдуктарды жок кылуу үчүн технологияларды колдонууну пландаштырууда.

“Мен маалыматтык технологиялар жаатында билим берүүнүн келечегине жана ооган аялдары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө олуттуу салым кошууга өтө кызыкдармын. Технологиялар Ооганстандагы аялдар үчүн тоскоолдуктарды жоюуда маанилүү ролду ойной алат деп ишенем, айрыкча азыр аралыктан иштөө жана кызматташуу аспаптары пайда болбодубу. Менин максатым – бул аспаптарды Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн колдонуу”, - дейт Хасина.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар күнү кыз-келиндерге дем берүү

Кыздардын эл аралык күнү МКТда биз Хасина сыяктуу тоскоолдуктарды жеңип, технологиялар дүйнөсүн жакшы жагына өзгөртүп жаткан тырышчаак кыздар менен өзгөчө сыймыктанабыз. Алардын окуялары бизди маалыматтык технологиялар тармагын дагы да инклюзивдүү, көп түрдүү жана адилеттүү кылуу үчүн күрөшкө шыктандырууда.

ЕБ менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүнө 20 жыл

2019-жылы Евробиримдик жана БУУӨП 50 ооган аялга Казакстанда жана Өзбекстанда билим алуусуна мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке киргизди. Евробиримдиктин кошумча каржылоосу менен 2021-жылы бул демилге Кыргызстанга да жетип, дагы 105 ооган аял камтылды. 2027-жылга чейин ЕБ менен БУУӨПтүн биргелешкен аракеттеринин жардамы менен 155 ооган кыз-келини Борбордук Азияда академиялык жана кесиптик дипломдорун алышат.

Бул өнөктөштүк чөлкөмдөгү кызматташтыктын жана эл аралык тилектештиктин трансформациялык күчүнүн мисалы болуп саналат. ЕБ ресурстарын жана техникалык тажрыйбасын БУУӨПтүн жергиликтүү билими жана анын өнүгүүгө берилгендиги менен айкалыштыра алгандыктан, бул кызматташуу оң өзгөрүүлөрдүн катализатору болуп жатат. Алар биргеликте туруктуу экономикалык өнүгүү, инклюзивдүү башкаруу, экологиялык туруктуулук жана социалдык туруштук сыяктуу маанилүү маселелерди чечишүүдө, ошондой эле жалпы Казакстан жана Борбордук Азия боюнча адамдардын жашоосун жакшыртуу максаттарына жетүүгө көмөктөшүп жатышат.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Анын мазмуну үчүн БУУӨП гана жооптуу жана ал сөзсүз түрдө эле Европа Биримдигинин көз карашын чагылдыра бербейт.