«Мени сакта!» – Сенин жаратылышың» фотокөргөзмөсү

2020-ж., 11-November

Фотолор Батыш Тянь-Шандын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн уникалдуулугун көрсөтөт. Фото: Мирлан Дыйканбаев / ПРООН Кыргызстан

Биологиялык ар түрдүүлүктүн “супер жылы” уланууда. Биоартүрдүүлүк туруктуу өнүгүү жаатында көптөгөн көйгөйлөргө жооп берет.

Туруктуу келечек үчүн биоартүрдүүлүктүн маанисин жана маанилүүлүгүн түшүнүп, ак илбирстин региондун биоартүрдүүлүгүндөгү өзгөчө ордун баса белгилеп, Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата «Мени сакта!» – Сенин жаратылышың» фотокөргөзмөсүн уюштурганбыз.

«Мени сакта!» – Сенин жаратылышың». Фото: Мирлан Дыйканбаев / ПРООН Кыргызстан.

Көргөзмө ар кайсы мезгилде өлкөнүн ар кайсы бурчунда ар кандай адамдар тарабынан тартылган ар кандай сүрөттөрдү камтыйт. Бирок, алардын бардыгын Батыш Тянь-Шандын кооздугу, уникалдуулугу жана биологиялык ар түрдүүлүгү, флорасы жана фаунасы бириктирип турат. Эң башкысы, көргөзмө адамдын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн бул уникалдуу жана кайталангыс түрлөрүн сактап калууга болгон умтулуусун жана адамдын жаратылыш менен болгон гармониясын көрсөтөт.

Биздин фотокөргөзмөнүн каармандары - жаныбарлар, өсүмдүктөр, канаттуулар, ошондой эле Батыш Тянь-Шандын аң сакчылары жана токойчулары, алардын бир гана максаты бар - биздин айлана-чөйрөбүздөгү жаратылышты сактап калуу жана биоартүрдүүлүктү көбөйтүү жана урпактарыбызга тийиштүү деңгээлде өткөрүп берүү.

Көргөзмөнүн максаты - биоартүрдүүлүк маселелерин кеңири жеткирүү жана маалымдуулукту жайылтуу.

Жаратылыш менен гармонияда жашоо - сүрөт көргөзмөсүнүн негизги темасы. Фото: Мирлан Дыйканбаев / ПРООН Кыргызстан

Көргөзмө ololoOrmonKhan коворкинг борборунун имаратында жайгашкан. Дареги - Бишкек шаары, Асанбай кичи району, 27/1. Көргөзмө дүйшөмбүдөн жумага чейин күн сайын эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин ачык. Кирүү акысыз.

Алатай мамлекеттик жаратылыш паркынын егери, фотону Сэм Бараталиев тарткан. Фото: Мирлан Дыйканбаев / ПРООН Кыргызстан

Фотокөргөзмө Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана БУУӨПтүн биргелешкен“Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорунун алкагында Оlolo коворкингдер тармагы менен биргеликте уюштурулган.