Жаратылыш ресурстары министрлиги жана БУУӨП биоартүрдүүлүктү сактоонун жаңы артыкчылыктарын талкуулоону демилгелешти

2022-ж., 27-October

26-октябрда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын өнүктүрүү боюнча улуттук артыкчылыктарды талкуулоого арналган тегерек стол өткөрүштү. Иш-чара биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча негизги стратегиялык саясий-укуктук документтерди өркүндөтүү жана «Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо боюнча мындан аркы консультациялар жана диалогдор үчүн алгачкы кадам болууга багытталган.

Иш-чарага КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын, КРнын Улуттук илимдер академиясынын, ФАО, GIZ, экологиялык коомдук уюмдардын жана долбоорлордун, жергиликтүү коомчулуктардын жана БУУӨПтүн өкүлдөрү катышышты. Алар биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (ӨКЖА) өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболору, биоартүрдүүлүктү сактоо жаатындагы дүйнөлүк тенденциялар менен таанышып, эл аралык экологиялык келишимдерге жана демилгелерге катышуунун алкагында өлкөнүн милдеттенмелери менен таанышышты. Катышуучуларга ошондой эле ӨКЖАларды башкаруу пландарын иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү колдонмо жана программалык бюджетти ишке ашыруу боюнча нускамалар тууралуу кеңири маалымат берилди.

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биоартүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА департаментинин директору Эмил Ибраев өз сөзүндө дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап чакырыктарды жана тенденцияларды эске алуу менен өлкөнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жоболорун чукул арада кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал ӨКЖА тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарына токтолду жана КРда биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планын ишке ашыруудан алынган сабактар менен бөлүштү.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар ӨКЖАнын категорияларынын ортосундагы так айырмачылыктын, ӨКЖАга антропогендик, туристтик жана рекреациялык басымды аныктоонун методологиясын киргизүү зарылдыгынын жана системалуу негизде ӨКЖА жаатында статистикалык маалымат базасын жүргүзүүнүн жоктугунан улам жаратылышты коргоо мыйзамдарынын айрым ченемдериндеги боштуктарды жана карама-каршылыктарды белгилешти.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: «БУУӨП өнүгүүдө, биоартүрдүүлүктү жана экосистеманы сактоодо, адамдын бакубаттуулугун жана туруктуулукту камсыздоодо инклюзивдүү жана туруктуу өсүш үчүн жаратылышка негизги ролду жүктөйт. Ушуга байланыштуу БУУӨПтүн стратегиялык планында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда жана климаттын өзгөрүшүнө, биоартүрдүүлүктүн жоголушуна жана пандемияга байланыштуу планеталык кризистерди жеңүүдө мамлекеттерге колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. БУУӨП Кыргыз Республикасына ар тараптуу колдоо көрсөтүп, улуттук экологиялык саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, жаратылышты коргоо боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө жана биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча ондогон долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүдө”.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар глобалдык чакырыктардын фонунда биоартүрдүүлүктү сактоо жаатындагы улуттук стратегиялык артыкчылыктарды мындан ары талкуулоо жана өлкөнүн эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын талдоо зарылчылыгы боюнча бир катар сунуштарды беришти. Ошондой эле биоартүрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндөгү улуттук стратегияны жана азыркы мыйзамдарды өзгөчө коргоого алынган токойлордун статусун аныктоочу жана мөңгүлөрдү жана карлуу жерлерди ӨКЖАга бекитүүнү жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү менен жаңылоо, бул жаатта санариптик чечимдердин пакетин ишке ашыруу, ӨКЖА жана биоартүрдүүлүктү сактоо жаатындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү максатында калк арасында экологиялык билим берүүнү күчөтүү жана жарандык жана эксперттик коомчулук менен диалогду андан ары кеңейтүү зарылчылыгы белгиленди.

Бул тегерек стол КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Биоартүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА департаменти жана БУУӨП тарабынан БУУӨП/ГЭФ «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.