Кыргызстанда табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу чараларын күчөтүү күчөтүлдү: Сузак айылында жаңы өрт өчүрүүчү жайдын курулушу аяктады

2024-ж., 15-March

Сузак айылында жаңы өрт өчүрүүчү жайдын курулушу аяктады

UNDP / Kyrgyzstan

15-март 2024, Сузак – Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак айылында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Корея Республикасынын Өкмөтүнүн, Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) үч тараптуу кызматташтыгынын алкагында №65 өрт-куткаруу бөлүгүнүн ачылышына жана ийгиликтүү ишке киришине арналган расмий салтанат болуп өттү.

Сузактагы салтанатка Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Өзгөчө кырдаалдар министри, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү катышты.

Сузак айылындагы өрт-куткаруу бөлүгүнүн бүткөрүлүшү бүткүл Кыргызстан боюнча, анын ичинде Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) боюнча төрт өрт-куткаруу бөлүгүн куруу боюнча кеңири демилгенин алкагында KOICA менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. Кызматташуу Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу жаатындагы потенциалын чыңдоого гана эмес, өрткө каршы заманбап жабдууларды жана техниканы жеткирүүгө, ошондой эле өрткө каршы кызматтардын жалпы сапатын жогорулатууга багытталган. БУУӨП техникалык жардам көрсөтүү менен бирге өрт өчүрүүчүлөрдүн иштөө шарттарын жакшыртты, гендердик теңчиликти эсепке алууну камсыз кылды, өрт кызматтарына жалпыга жеткиликтүүлүктү кеңейтти жана туруктуу өнүгүү принциптерин сактоону камсыз кылды.

Салтанаттын жүрүшүндө Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мындай деп баса белгиледи: “Буга чейин калктын саны боюнча республикабыздагы экинчи ири район болгон Сузак районунун борборунда өрткө каршы куткаруу кызматынын жаңы имаратынын куруу, анын техникалык базасын чыңдоого муктаждыгы абдан чоң болуп келген. Бул өрткө каршы куткаруу бөлүгү Сузак районунун беш айыл-аймагында жашаган 175 миңден ашуун калкты тейлейт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев мындай деди: «Өрт-куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу максатында үч тараптуу кызматташуунун алкагында макулдашылган жалпы суммасы дээрлик 8 млн АКШ долларын түзгөн гранттык долбоор өз жемишин берүүдө. Бишкек шаарында да салынып жаткан өрт-куткаруу бөлүгүнүн  курулушу жакында аяктайт. Андыктан өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы достук байланышыбыз ар тараптуу багытта өнүгөт деп үмүттөнөбүз».

Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мындай деди: «Кыргыз Республикасы биздин өкмөт үчүн негизги өнөктөш өлкө болуп саналат жана биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук өнүгүү стратегиясына жетишүү жана анын элинин жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы өнүгүү кызматташтыгын бекемдөөнү улантабыз».

KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Лим Соён: «Өлкөнүн түштүк аймагында, анын ичинде Жалал-Абад облусунда биз окуучулардын тамактануусун жана ден соолугун чыңдоо боюнча долбоорлорду илгерилетүүнү пландап жатабыз, ошондой эле келечекте климаттын өзгөрүшүнө жооп кайтаруу аракетин көрөбүз», – деди.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун жана климаттык өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Биз өзгөчө кырдаалдар учурунда өз убагында жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн күчтөрдү бириктирдик. Калк жана өлкө үчүн жоготууларга жана зыяндарга каршы турууга жана алдын алууга жөндөмдүү заманбап инфраструктуранын болушу кырсык тобокелдиктерин башкаруунун жана туруктуу өнүктүрүүнүн бүткүл системасынын маанилүү компоненти болуп саналат».

БУУӨП өрттүн кесепетинен курман болгондордун санын жана физикалык зыянды азайтуу үчүн өрткө каршы жабдууларды ийгиликтүү жаңыртты. Бул өрт-куткаруу бөлүктөрү коопсуздукту камсыздоого гана салым болбостон, жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүшүнө алып келген кыйынчылыктарга да жооп болуп саналат. Жергиликтүү жана эл аралык кызматташуу аркылуу БУУӨП Кыргызстандын жарандары үчүн коопсуз гана эмес, туруктуу келечекти түзүүгө умтулууда.

Бүгүнкү күндө үч өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга даяр, Бишкек шаарындагы төртүнчү бөлүгүн куруу боюнча иштерди үстүбүздөгү жылдын жайдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Өрт-куткаруу бөлүктөрдүн курулушунун ийгиликтүү аякташы Кыргызстандын эли үчүн коопсуз жана ишенимдүү келечекке карай олуттуу кадам болуп саналат.

Өрт-куткаруу бөлүктөрүн куруу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, KOICA жана БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы жана куткаруу кызматынын потенциалын чыңдоо аркылуу калктын өрт коопсуздугун жогорулатуу» биргелешкен долбоорунун алкагында жалпы бюджети 7,7 млн АКШ доллары менен ишке ашырылууда. Долбоор өрт-куткаруу бөлүмдөрүн модернизациялоо жана жабдуу аркылуу калктын өрттөн аялуу катмарын азайтууга жана туруктуу өнүгүү шарттарын түзүүгө, ошондой эле калкты, айрыкча аялдар жана балдар сыяктуу калктын аялуу топторун коргоо боюнча ченемдик-укуктук базасын жакшыртууга багытталган.

***

БУУӨП – жакырчылыкка, теңсиздикке жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алдыңкы уюму. 170 мамлекетте кеңири эксперттердин жана өнөктөштөрдүн тармагы менен иштешип, биз элдерге адамдар жана планета үчүн бирдиктүү, туруктуу чечимдерди иштеп чыгууга жардам беребиз. Биз жөнүндө көбүрөөк маалыматты www.kg.undp.org сайтынан жана @UNDPKG дарегинен таба аласыз.

 

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы +996775755776