Кыргызстанда IT Хакатон ийгиликтүү аяктады

2019-ж., 13-December

Молодая участница Хакатона

Кыргызстандын инновациялык келечеги ар бир хакатон менен кошо өсүп келе жатат. Кыргызстандагы БУУӨП ушул максатты алдына койгон. 14-15-ноябрда Ош шаарында жаштар үчүн Хакатон болуп өттү. Хакатон – бул иштеп чыгуучулардын форуму, анда программалык камсыздоону иштеп чыгуудагы ар кандай чөйрөдөгү адисттер кандайдыр бир көйгөйдү убакытты белгилеп алып чечишет. Хакатондор бир күндөн бир жумага чейин узарат.

Бул жолу 9 жаштан 23 жашка чейинки 40 жаш балдар катышты, хакатон – программисттер үчүн марафон десек да болот. Марафон калыптанып калган программисттерге гана эмес, Алихан сыяктуу өзүнө IT- технологиялар дүйнөсүн ачканы жаткандар үчүн дагы өткөрүлөт. Азыр Алихат 6-класста окуйт, мектепте азырынча «Scratch» тилин үйрөнгөн программаны өтө элек. Бул марафон ага программалаштыруу жөнүндө көп нерсе билгизгенден сырткары, ага эмне жагаарын түшүнүүгө жана келечектеги кесибин аныктоосуна жардам берди. IT жагынан өзүн үйрөнчүк деген Алихан, азыр толук кандуу сайт даярдоонун үстүндө.

Алихан - Хакатондун эң жаш катышуучусу

«Мен программалаштыруу менен 6 жашымдан алектен баштадым. Менин досторум компьютердик оюндарды ойноп жатканда, компьютердин ичи кантип иштегендиги мени ойлондурчу. Атам өзүнө ноутбук сатып алды, сабактан бош учурларда мен сайттар кандай программаларда, кантип түзүлөөрү жөнүндө маалымат таба баштадым. Бул мени кызыктырды, бир канча убакыттан кийин мен өзүм сайт жасаганга аракет кыла баштадым. Бул жолу мен Хакатондо алгачкы жолу катышып жатам, пикирлештерим менен кезиккениме кубанычтамын. Мен балдар менен достошуп, телефон номерлерибиз менен алмаштык, албетте, тренингде жаңы билимдерди алдык. Баса, мен азыркы учурда бир билим берүү мекемеси үчүн сайт даярдоодомун».

                         Алихан Абдыкаимов, Хакатондун катышуучусу, 6 классттын окуучусу

Хакатондун катышуучулары

Эреже боюнча Хакатондун катышуучуларына, өздөрүнүн долбоорун нөлдөн баштап иштеген прототипке чейин жаратып, жюринин баалоосуна койуу үчүн бир нече күн-түн берилет. Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында Ош шаарынын IT-сүйүүчүлөрү үчүн IT академиясынын адисттеринен иш-чаранын экинчи күнү дарсттар жана чебер-класстар уюштурулду. IT академиясынын программисттери балдарды программалаштыруу чөйрөсүндөгү жаңы тенденцияларга үйрөтүү үчүн атайы Бишкектен келишти. Ошондой эле иш-чарага тереңдетилген IT курстарын өткөн программисттер дагы катышты. Доконова Бактыгүл гуманитардык акыл түзүлүшүнө ээ адамдар дагы программалаштыруунун негиздерин билүүсү керектиги эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө ой бөлүштү.

«Технологиялар жана коддоо – бул жаңы сабаттуулук деп айтат элем. Мисалы, сиз компьютер менен кантип сүйлөшүүнү билбесеңиз, дүйнө сизди кайсы бир учурда артка таштап кетет. Компьютер – бул күчтүү аспап. Ошондуктан аз да болсо коддоону үйрөнгөнгө аракет кылып, хакатондордо иштөө – бул сиздердин эксперттик чөйрөдөн тышкары дагы, ошондой эле абдан маанилүү. Үйдөн чыкпай эле акча табуу сонун деп ойлойм. Мен жумушсуз калбайт экенимди билем жана мезгил менен бир кадамда болом».

Бактыгуль Доконова, Хакатондун катышуучусу, программистка

Марафондун эртеси күнү катышуучулар IT академиясынын адисттеринен кийинки багыттар боюнча тренингдерди угушту:

1) Долбоорлорду жана продукттарды башкаруу;

2) QA тестирлөөсү

3) Сырткы интерфейс (JavaScript)

4) Back-end (Python)

Катышуучуларга хакатондор командада бири-бирине билдирип иштеген көндүмдү берет. Алар жалпы кызыгуусу бир болгон адамдардын чөйрөсүндө болот. 9 команданын ичинен төрт команда гана сыйлык алышты. Калгандары тажрыйбаны жана жаңы байланыштарды алды. Балдар оюндарды түзбөстөн гана, көрүүчүлөргө жана атаандаштарына аны көргөзүүсү керек эле. Достук чөйрөдө долбоорду коргоо оң эмоцияларды гана алып келет, анткени ачык талкууга жана идея алмашууга алып келет. Мындай учурда сенин долборуң эң мыкты болбосо дагы, көпчүлүктүн алдында көрсөтүү сенин лидердик сапаттарыңды күчөтүүгө жардам берет. Бул демилге Россия Федерациясынын финансылык каржылоо колдоосу менен "Санариптик экономиканын шарттарында санариптик өнөр жана жаштардын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү" долбоорунун алкагында аткарылып жатат.