Кыргызстан биринчи жолу климат боюнча ачык-айкындык докладын тартуулады

2025-ж., 7-October

Participants of the event

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Бишкек, 7-октябрь 2025 — Кыргызстан климаттык саясатта маанилүү кадам жасады: Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн биринчи Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладын сунуштады. Бул — өлкө кандай иш-аракеттерди көрүп, парник газдарынын көлөмү кандай экенин, өсүп жаткан климаттык тобокелдиктерге кантип даярданып жана өнөктөштөрдөн кандай колдоо алып жатканын чагылдырган ачык документ.

Доклад өлкөнүн абалын так көрсөтөт. 2023-жылы Кыргызстандагы жалпы парник газдарынын чыгарылышы 19,38 миллион тонна CO₂-эквивалентти түздү. Ошол эле учурда өлкөнүн жаратылышы — токойлор, топурак жана башка экосистемалар — 10,31 миллион тонна CO₂ сиңирди. Натыйжада нетто-чыгарылыштар (таза чыгарылыш) 9,07 миллион тонна CO₂-эквивалентке барабар болду. Башкача айтканда, Кыргызстанда климаттык коопсуздук жактан камсыздандыруу бар: экосистемаларыбыз азыртан эле чыгаруулардын бир бөлүгүн сиңирип, климаттык тең салмакты кармап турат. Бул мүмкүнчүлүктү жоготпой, тескерисинче, бекемдөө зарыл.

Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча доклад — бул жөн гана эл аралык милдет эмес, ал ресурстарга түздөн-түз жол. Чыгаруулар, адаптация чаралары жана жыйынтыктар боюнча маалымат канчалык так жана ачык болсо, климаттык долбоорлорго болгон ишеним ошончолук күчтүү болуп, эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор аларды ишенимдүү өнөктөш катары баалашат. Башкача айтканда, ачык-айкындык — ишенимдин валютасы, ал инвестицияларга айланып, өлкөнүн энергия үнөмдөө, кайра жаралуучу энергия, суу ресурстарын туруктуу пайдалануу, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдардан коргонуу тармактарындагы аракеттерин күчөтөт.

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев белгилегендей, «Ачык-айкын отчеттуулук — бул ишенимдин жана сапаттуу башкаруунун негизи. Биринчи Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча доклад — бул жөн гана формалдуулук эмес, башкаруунун сапатын чагылдырган маанилүү документ. Ал бизге кайсы тармактарда ийгилик бар экенин, кайсы жерде кошумча чаралар жана ресурстар керектигин так көрсөтөт. Бул так пландоого жана натыйжалуу чечимдерге жол ачат — жылуулук тармактарын жаңылоодон тартып сел жана суу каптоолордон коргонууга чейин. Биздин максатыбыз — климаттык саясат элдин турмушуна жана экономикага реалдуу пайда алып келүү».

Panel of officials at a red conference table with flags, nameplates, and microphones.

Медер Машиев, жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Мындай документтин пайда болушу Париж келишиминин талабы, ошол эле учурда жарандардын кызыкчылыгына кызмат кылуучу практикалык инструмент. Өкмөт үзгүлтүксүз жана ачык түрдө отчет берип турганда, имараттарды жаңылоону, кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүнү, кургакчыл мезгилдерде дыйкандарды колдоону жана саламаттык сактоо системасын ысыктын толкундарына даярдоону жеңил пландаса болот. Ачык маалымат — бул каржылоо тартууга негиз түзүүчү фактор. Өнөктөштөр прогрессти көрүп, артыкчылыктарды түшүнүп, элге пайда алып келе турган долбоорлорго көбүрөөк инвестиция салууга даяр болушат.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман биргелешкен иштин маанисин белгиледи: 

«Бул доклад — коомдун бардык катмарларынын катышуусунун жыйынтыгы: министрликтер, илимий мекемелер, бизнес жана жарандык коом. БУУӨП жалпы процессти методикалык жана уюштуруучулук жактан колдогон, бирок чечүүчү ролду мамлекеттин лидерлиги жана өнөктөштөрдүн катышуусу ойноду. Маалымат канчалык так, артыкчылыктар канчалык түшүнүктүү болсо, идеялар ошончолук тез ишке ашуучу долбоорлорго айланат — күн жана шамал станцияларынан тартып өзгөчө кырдаалдарды эрте эскертүү системаларына чейин».

Патрик Хаверман, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Докладды даярдоого мамлекеттик органдар, илимпоздор, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрү биргелешип катышты. Координациялык жана эксперттик колдоону БУУӨП көрсөткөн, глобалдык деңгээлде ЮНЕП, ал эми даярдык иштерин ГЭФ каржылаган. «Коомдун бардык катмарларынын катышуусу» — аялдар менен жаштардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, айылдык жана шаардык жамааттардын кызыкчылыктарын эске алууга мүмкүндүк берип, климаттык чечимдерди туруктуу жана адилеттүү кылат.

Кийинки кадам — маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңылап, УДАС3.0 боюнча чараларды ишке ашырууну тездетүү: долбоордук даярдыкты жогорулатуу, климаттык иш-аракеттерди тармактык программалар жана бюджеттер менен байланыштуу кылуу, «жашыл» чыгымдардын маркировкасын өнүктүрүү жана натыйжаларды көзөмөлдөө тутумун бекемдөө. Маалымат канчалык так жана ачык болсо, идеялар ошончолук тез реалдуу долбоорлорго айланат — шаарлардагы энергия үнөмдөө чечимдеринен тартып туруктуу дыйканчылык жана эскертүү системаларына чейин.

Климаттык саясат — бул жашоонун сапаты жөнүндө. Туруктуу энергия менен камсыздоо, таза аба, коопсуз шаарлар жана жолдор, туруктуу айыл чарбасы жана ысыктын күчөгөн маалында саламаттык сактоо даярдыгы — мунун баары «ачык-айкындык» деген сөздүн артындагы чыныгы маани. Биринчи эки жылдык доклад архив үчүн эмес, ар бир жаран байкай турган өзгөрүүлөрдү өлчөнүүчү жана көрүнүктүү кылуу боюнча убада.