Кыргыз Республикасы климаттык билим берүүнү күчөтүүдө: улуттук конференциянын жыйынтыктары
2025-ж., 9-December
Kyrgyzstan delegation at the Climate Box conference in Thaliand
Бишкек, 10-декабрь 2025 — Бүгүн Кыргыз Республикасында мектептердеги климаттык билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган Улуттук конференция өттү. Иш-чараны КР Агартуу министрлиги БУУӨПтүн колдоосу менен уюштурду. Конференцияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдер, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, климаттык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн практикалык кадамдарды талкуулашты.
Конференцияда климаттык билим берүү XXI кылымдын көндүмдөрүн калыптандырууда маанилүү курал экени, ошондуктан системалуу мамиле талап кылынаары баса белгиленди. Бул — окуу программаларынын мазмунун жаңыртуу, мектеп инфраструктурасын өнүктүрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик коомчулуктарды жана өнөктөштүктөрдү кеңейтүү дегенди билдирет. Өзгөчө көңүл мектеп чөйрөсүн өзгөртүүгө бурулду: «жашыл мектептерди» түзүү, туруктуу тажрыйбаларды киргизүү жана климат темасын сабактан тышкаркы билим берүү демилгелери менен айкалыштыруу зарыл экени айтылды.
Агартуу министринин орун басары Альберт Мамбеткулов деп белгиледи: «Климаттык билим берүү – өзгөрүп жаткан климат шартында жашоого даярданып жаткан өспүрүм муун үчүн абдан маанилүү. Климат темасын окуу программаларына киргизүү, мугалимдерди колдоо, санариптик платформаларды жана интерактивдүү чечимдерди кеңири жайылтуу – биздин башкы артыкчылыктарыбыздын бири. Агартуу министрлиги ар бир окуучу келечеги үчүн зарыл болгон заманбап билим жана көндүмдөрдү алышы үчүн климаттык билим берүү тутумун мындан ары да чыңдоону улантат».
Конференциянын жүрүшүндө мугалимдер жана эксперттер мектептерде климаттык сабаттуулукту өнүктүрүү үчүн практикалык чечимдерди жана куралдарды сунушташты. Ошонун алкагында интерактивдүү билим берүү комплекси болгон «Климаттык кутучанын» мааниси өзгөчө баса белгиленди. Бул комплект ар кандай предметтерге климаттык темаларды интеграциялоого жардам берген материалдардан, иллюстрациялардан жана практикалык тапшырмалардан турат жана окуучуларда системалык ой жүгүртүүнү жана дизайн аркылуу ойлонуу көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түзөт. Катышуучулар бул комплектти колдонуу сабактарды түшүнүктүүрөөк жана кызыктуураак кыларын, татаал климаттык процесстерди жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө жардам берерин жана мугалимдерге класста да, сабактан тышкаркы иш-чараларда да пайдаланууга ыңгайлуу даяр методикалык чечимдерди берерин белгилешти.
БУУӨП он жылдан ашуун убакыттан бери климаттык жана туруктуу өнүгүү багытында инновациялык билим берүү чечимдерин иштеп чыгып, аларды практикада колдонууну колдоп келет. Ушул демилгелердин бири – «Климаттык кутуча». Бул БУУӨПтүн глобалдык демилгеси болуп, эл аралык кызматташтык жана материалдарды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу жаш муундун климаттык сабаттуулугун кантип жогорулатарын даана көрсөтүп берди. 2014-жылы Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө пилоттук демилге катары башталган программа өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп, азыр кеңейтилген экинчи фазада уланууда: санарип куралдар, инклюзивдүү форматтар жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү менен байытылды.
Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева төмөнкүлөрдү баса белгиледи: «Климаттык билим берүү – бул жөн гана маалымат эмес, ал туруктуу өнүгүүгө тиешелүү баалуулуктарды жана жашоо үчүн зарыл көндүмдөрдү калыптандыруу. Кыргызстан бул багытта маанилүү кадамдарды жасап, ар бир окуучу өзүнүн өзгөчөлүгүнө карабастан климат боюнча сапаттуу билим ала турган системаны түзүп жатат. БУУӨП мугалимдердин потенциалын чыңдоо жана мектептик инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу бул аракеттерди мындан ары да колдойт».
Кыргызстан эл аралык тажрыйбаны гана өздөштүрбөстөн, инклюзивдүүлүк боюнча өз улуттук стандарттарын да калыптандырууда. Кыргыз Республикасы «Климаттык кутучанын» материалдарын жөнөкөй, жеңил түшүнүлгөн тилде (Easy-to-Read форматы) жана Брайль шрифти форматында адаптациялаган алгачкы өлкө болду. Бул өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдардын климаттык билимге жетүүсүн кеңейтет. Мындай тажрыйба өлкөнүн сапаттуу билим берүүгө тең мүмкүнчүлүк принцибин бекем карманарын көрсөтүп, аймактагы башка мамлекеттер үчүн да үлгү боло алат.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар өлкөдө климаттык билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган резолюцияны кабыл алышты. Документте Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2021–2040-жылдарга карата Программасын эске алуу менен климат темасын мектептик окуу программаларына мындан ары да терең интеграциялоо, «Климаттык кутучаны» кеңири колдонуу жана мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуу максатында жыл сайын улуттук жолугушууларды өткөрүү каралган.
Резолюцияда ошондой эле мугалимдерге методикалык колдоону күчөтүү, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү үчүн санариптик платформа түзүү жана окуу процесси менен мектеп чөйрөсүнө туруктуу өнүгүү принциптерин интеграциялаган «жашыл мектептерди» түзүү демилгелери камтылды.
«Климат жаатындагы аракеттерди жана Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн климаттык билим берүү» долбоору Россиялык Трасттык фондунун каржылык колдоосу менен БУУӨП тарабынан ишке ашырылууда.