“Коом баары үчүн” Улуттук форуму Кыргыз Республикасында Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү белгиленди

2025-ж., 3-December

Бишкек, 2025-жылдын 3-декабры — Бүгүн Кыргызстан «Социалдык прогрессти илгерилетүү үчүн инклюзивдүү коому калыптандыруу» урааны алдында Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн белгиледи. «Коом баары үчүн» Улуттук форуму мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жарандык коомду, майыптыгы бар адамдардын уюмдарын, эл аралык өнөктөштөрдү жана бизнес секторун инклюзия жана теңдик принциптерине берилгендигин тастыктоо үчүн бириктирди.

Быйылкы иш-чара 2025-жылдын 4–6-ноябрында Дохада өткөн Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинде кабыл алынган Доха саясий декларациясынын жоболоруна негизделген. Декларация майыптыгы бар адамдарды социалдык прогресстин борборуна коюну жана алардын толук катышуусу зарыл экендигин белгилейт. 

Форум «Бизсиз биз жөнүндө эч нерсе» принцибинин негизинде өтүп, майыптыгы бар адамдардын талкууларга активдүү катышуусун камсыз кылды. Алар коомдогу чыныгы инклюзияны түзүү боюнча жеке тажрыйбалары, көз караштары жана сунуштарын бөлүштү. Катышуучулар чыдамкайлык жана инновациялар тууралуу ойлорун айтып, инклюзия — бул боорукерлик эмес, укук жана теңдик экенин дагы бир жолу белгилешти.

КР Министрлер Кабинетинин алдында Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төраганын орун басары Толкунбек Исаков мындай деди: «Бүгүнкү диалог — бул сөздөн ишке өтүү: саясаттан чыныгы мүмкүнчүлүктөргө жана өлкө боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн татыктуу жашоого айланышын камсыздоо».

Глобалдык да, улуттук да деңгээлде тоскоолдуктар сакталып келет: жакырчылык коркунучунун жогору болушу, татыктуу жумушка жетүүнүн чектелиши, социалдык коргоодогу боштуктар жана көмөкчү технологияларга жеткиликтүүлүктүн тең эмес болушу. Бул маселелерди чечүү Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү, анткени өлкө туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга умтулууда. Сапаттуу жумушка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, социалдык коргоо системасын чыңдоо жана көмөкчү технологияларга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу өлкөдө ар бир жарандын мүмкүнчүлүгүн ачып, теңсиздикти азайтып, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Туруктуу өкүлү Александра Соловьева: «БУУӨПтүн колдоосу бир катар маанилүү мыйзамдык жетишкендиктерге түрткү берди. Алардын ичинде майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча жаңы мыйзамдын кабыл алынышы, жеткиликтүү форматтар менен жардам көрсөтүүнү камсыздоо үчүн Жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Эмгек кодексинин алкагында жумушка орноштурууда квота механизмдеринин киргизилиши бар. Майыптыгы бар кызматкерлерди жана алардын иш берүүчүлөрүн колдоо үчүн салыктык жеңилдиктер да кабыл алынды. Мындан тышкары БУУӨП үй-бүлөлүк зомбулук, жарандык коргонуу жана саламаттыкты сактоо боюнча мыйзамдарга инклюзивдүү чараларды сунуштоо үчүн талдоодон өткөрдү. Эң негизгиси — адилеттикке жеткиликтүүлүк жаатында майыптыгы бар аялдар жана кыздар үчүн атайын окутуу модулу юристтердин квалификациясын жогорулатуу программасына интеграцияланды. Бул системалык өзгөрүүлөрдү жана тең укуктарды бекемдейт» - деп форумдун жүрүшүндө айттып өттү.

Форумдун программасына инклюзивдүү билим берүү, жумушка орношуу, социалдык коргоо жана жеткиликтүү чөйрө боюнча талкуулар кирди. Өзгөчө көңүл адилеттикке жеткиликтүүлүккө, өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздукка, инклюзивдүү спортко жана аймактык демилгелерге бурулду. Иш-чаранын алкагында уюштурулган көргөзмө майыптыгы бар ишкерлердин продукциясын көрсөтүп, алардын өлкө экономикасына кошкон салымын жана өз алдынча ишмердүүлүктүн маанисин баса белгиледи.

«Теңдик» майыптыгы бар адамдардын биримдигинин төрайымы Гүлмира Казакунова мындай деп белгиледи: «Эч кимди артта калтырбайбыз» принциби мамлекеттик саясаттын негизинде турушу керек. Биз Кыргызстанды — майыптыгына карабастан, ар бир адам окууга, иштөөгө, коопсуз жашоого жана коомдук турмушка катышууга баардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн өлкө катары көргүбүз келет. Бүгүнкү форум — чыныгы инклюзивдүү коомду түзүүгө жасалган маанилүү кадам.”

Форум мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, социалдык жана реабилитациялык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын чечим кабыл алуу процессине катышуусун кеңейтүү боюнча сунуштар менен жыйынтыкталды. Ошондой эле укуктарды жана инклюзияны илгерилетүүгө зор салым кошкон адамдар сыйланды.

Форум ОБСЕ жана FSDS, БУУӨП жана Финляндиянын ТИМинин адилеттикке жеткиликтүүлүк боюнча долбоору, ошондой эле БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА тарабынан ишке ашырылып жаткан жана Глобалдык майыптык фондусу тарабынан каржыланган биргелешкен долбоордун колдоосу менен өткөрүлдү. Бул аракеттер Кыргызстанды инклюзивдүү коом куруу жана «эч кимди артта калтырбоо» принциптерин ишке ашыруу боюнча глобалдык милдеттенмелерге шайкеш келерин тастыктады.