Кара-Балта шаарындагы жаштар борборунда жаштар спортту жигердүү өнүктүрүшүүдө

2021-ж., 2-June

Бишкек, 2021-жылдын 2-июну - Кечээ, Кара-Балта шаарынын Маданият үйүнүн алдында жаштар борборунун салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ачылыш аземинде жаштар сергек жашоого умтулуудагы ийгиликтери тууралуу айтып беришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин жана тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташуу аркылуу Япония өкмөтүнүн каржылоосунда БУУӨПтүн колдоосу астында ачылган 10 борбор жаштарды коомдун социалдык-экономикалык жана жергиликтүү коомдук турмушка кеңири тартууда.

«Жаштар борборлорун түзүү Кыргыз Республикасынын жаштар саясатынын артыкчылыктарына туура келет. Ачылган жаштар борборлору жаштар менен дагы да тыгыз иштешүүгө, алардын жергиликтүү деңгээлде туруктуу жана бейпил өнүгүшүнө өз салымын кошот деп үмүт кылабыз», - деп билдирди өз куттуктоо сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин астындагы Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков.

Учурда карантиндик чектөөлөргө байланыштуу Кара-Балта шаарынын Маданият үйүнүн алдындагы жаштар борбору толук кандуу иштей элек. Бирок, жаштар велоспорт, көчөдөгү спорттук машыгуулар, «стрит воркаут» (street workout) аркылуу сергек жашоону жайылтуу боюнча активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп келишет. Ошондой эле, республикалык жаштар уюмдарынын, анын ичинде Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин сынактарына жана иш-чараларына катышышууда. Мындан сырткары, жаштар борбору райондук деңгээлде жаштардын аракеттерин бириктирүүчү платформа катары иш кылат.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлү Минори Шимизу шаардын жаш тургундарын куттуктап, Япония өкмөтү БУУӨП аркылуу  Кыргызстанда жаштар борборлорун ачууну колдоп бергенин белгилеп өттү.

“Япония Кыргызстандын жаш муундары экономикалык жактан көз карандысыз болот, жергиликтүү коомдук ишмердүүлүккө активдүү катышат жана өздөрүнүн коомдорун жаратат, бул жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө алып келет деп күтөт. Президент Жапаров белгилеп кеткендей, азыркы учурда бир миллиондон ашуун кыргыз жарандары чет өлкөлөрдө иштөөгө мажбур. Бул маселе өлкөдө жумуш орундарын түзүү аркылуу гана чечилиши мүмкүн. Жаштар өлкөнүн келечеги жана жаш муун активдүү роль ойной ала турган коомчулуктарды түзүү үчүн жоопкер. Бул мамлекеттик түзүлүш үчүн зарыл шарттар”, - дейт М. Шимизу.

Кара-Балтажаштары коомдук турмушка жигердүү аралашууда

Бул жаштар борборун технгикалык жабдуу менен камсыз кылууга жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө 20 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча багытталган калктуу пункттарга ачылган 10 жаштар борборуна 305 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестицияланган.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн улук кеңешчиси Эркин Касыбековдун айтымында, 10 пилоттук айыл жана шаар долбоорунун алкагында жалпысынан 4 миңден ашуун жаштар ишкерлик, жаштар саясаты, жергиликтүү өнүгүү, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдары менен өнөктөштүк, чыр-чатактардын алдын маселелери боюнча окуудан өткөн. “Жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып жаштарды өнүктүрүү процесстерин жетектөөчү 10 жаштар тобу түзүлдү”, - деп кошумчалады ал.

Жаштар борборлорун түзүү Япония өкмөтү тарабынан каржыланган БУУӨПтүн «Борбор Азиядагы зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун жана аймактык кызматташтыгын бекемдетүү» аймактык долбоорунун алкагында демилгеленген.

Иш-чарадан тартылган сүрөттөргө шилтеме: https://flic.kr/s/aHsmVRyTSo

***

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммуникациялар боюнча адис

nurzhan.alymkanova@undp.org