Инклюзивдик сооданы жана туруктуу өсүштү алга жылдыруу: Кыргызстан соодага көмөктөшүү долбоорунун аралык жыйынтыктарын сунуштады

2025-ж., 3-June
Several horseback riders traverse a vast, grassy landscape under a blue sky with clouds.

Ысык-Көл облусунун тоолорун аралап атчан спортчулар укмуштуу туризмди өнүктүрүүдө

БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 3-июнь 2025 – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен соода потенциалын чыңдоого, институционалдык потенциалды өнүктүрүүгө жана өлкө боюнча ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун аралык жыйынтыктарын көрсөтүштү.

Бул долбоор саясий, институционалдык жана микро деңгээлдеги даректүү колдоо аркылуу Кыргызстандын аймактык жана дүйнөлүк рынокторго чыгуусуна жана аларга тереңирээк интеграциялануусуна көмөктөшөт. Демилге өлкөнүн 2025-2028-жылдарга экспортту өнүктүрүү программасын, 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча жарлыгын ишке ашырууга түздөн-түз салым кошуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келээрин көрсөтүүдө.

«Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында биз стратегиядан конкреттүү натыйжаларга өттүк», - деп билдирди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал. «Долбоор 270тен ашык микробизнестерге, чакан жана орто ишканаларга, өзгөчө эмгекти көп талап кылган, «жашыл» жана экспортко багытталган секторлорго колдоо көрсөттү. 120дан ашык ишкер аял өндүрүмдүүлүктүн, кирешенин жана экспорттун көлөмүнүн жогорулашын белгилешти. Бул инклюзивдик соода принциптеринин иш жүзүндө ишке ашырылышы».

Долбоор макродеңгээлде негизги улуттук саясаттарды жана программаларды, анын ичинде Экспортту өнүктүрүү программасын (2025–2028), Туризм секторун Туруктуу өнүктүрүү Программасын (2025–2030), Жашыл экономика программасынын долбоорун, ошондой эле соода субсидиялары жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну колдоого алды. Бул чаралар акылдуу, жашыл жана инклюзивдүү экономиканы түзүүгө багытталган.

Институционалдык деңгээлде сооданы колдоо менен алектенген 15тен ашык уюмдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экспортту илгерилетүү борбору, Туризм департаменти, Мамлекеттик бажы кызматы жана башка тиешелүү ведомстволор потенциалды өнүктүрүүгө комплекстүү колдоо көрсөтүштү. Export.gov.kg жаңыланган санариптик платформасы эми экспортчуларга рыноктор боюнча аналитикалык маалыматтарды, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катталуу куралдарын берет. Он ири эл аралык соода жана туризм көргөзмөсүнө катышуу 9,76 миллион доллардан ашык экспорттук контракттарды алып келди, бул кыргызстандык компаниялардын тышкы рынокторго ийгиликтүү чыгуу жөндөмдүүлүгүн көрсөттү.

«Соода, айрыкча Кыргызстан сыяктуу деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири бойдон калууда», - деди Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов. «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору изилденген маалыматтарга негизделген реформаларды жана экспорттук кызматтарды өнүктүрүүнү гана колдобостон, ошондой эле чакан жана орто бизнеске реалдуу пайда алып келди. Берилген натыйжалар биздин туруктуу жана инклюзивдүү өсүшкө багытталганыбызды чагылдырат.»

Жергиликтүү деңгээлде долбоор жашыл экспортко багытталган кошумча нарк чынжырчалары: бал, кургатылган жемиштер, жаңгактар, кол өнөрчүлүк жана укмуштуу туризм тармагындагы ишкерлерге колдоо көрсөттү. Натыйжада экспорттун көлөмү орто эсеп менен 23%га өстү, 184 жаңы жумуш орундары түзүлдү жана ишкер аялдардын сатуу көлөмү 17%га өстү.

Кыргызстан кеңейтилген сооданын жана аймактык интеграциянын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жаткандыктан, долбоордун жетишкендиктери мындан аркы туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүү үчүн бекем негиз түзөт.

«Соодага көмөк көрсөтүү»  долбоору БУУӨП тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Финляндия өкмөтүнүн каржылык колдоосунда ишке ашырылууда. Долбоор «жашыл» кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү, кичи жана орто бизнестин экспорттук потенциалын жогорулатуу жана улуттук экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарына ылайык сооданы колдоонун институционалдык негиздерин чыңдоо аркылуу өлкөдө инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өсүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.