Жаңы жабдуулар уран калдыктары сакталган жайлардан келип чыккан коркунучтарга дуушар болгон жамааттарда эрте эскертүү жана жооп кайтаруу системаларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат.
ЕБ жана БУУӨП Кыргызстанда уран калдыктарынан жабыркаган аймактарда өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүдө
2025-ж., 11-July
БУУӨП IT жабдууларын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берди
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаментине толук жабдылган, колдонууга даяр үч даана компьютердик жумушчу станцияларды тапшырды. Бул жабдуулар уран калдыктарынан жабыркаган жамааттарда өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу эрте эскертүү жана өзгөчө кырдаалдарга алдынала жооп берүү системаларын бекемдөөгө жардам берет.
Бул демилге Европа Комиссиясынын каржылык колдоосу менен, БУУӨП менен ЕККУнун өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жаткан “Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоого (же орудуна келтирүүгө) кызыкдар тараптарды тартуу – III фаза” аймактык долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда.
Долбоордун максаты – жергиликтүү деңгээлде тобокелдиктерди эске алган, жарандардын кызыкчылыктарына жана гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган чечимдерди илгерилетүү аркылуу уран калдыктарынан адамдардын саламаттыгына, жашоо каражаттарына жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлерин азайтуу. Кыргызстанда БУУӨП өз ишмердүүлүгүн радиациялык жана экологиялык коркунучтардын жогорку деңгээлине ээ үч артыкчылыктуу аймакта — Майлуу-Суу, Мин-Куш жана Кызыл-Жар шаарларында топтогон.
Тапшырылган жабдуулар өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын даярдык деңгээлин жана маалыматтарды башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, жогорку тобокелдик аймактарында мониторинг жүргүзүү менен ыкчам жооп кайтаруу механизмдерин өркүндөтүүгө шарт түзөт.
БУУӨП долбоорунун алкагында тапшырылган компьютердик жумушчу станциялардан тышкары, кошумча зарыл жабдууларды сатып алуу да пландалууда. Бул жабдуулар өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу кызматтарынын техникалык жана ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн дагы бекемдеп, коопсуз жана туруктуу коомдорду түзүүгө багытталган кеңири стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Бул аракеттер коопсуз жана туруктуу коомдорду түзүүгө багытталган кеңири стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат, жана алар жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, айлана-чөйрөнү коргой алган жергиликтүү институттарды калыптандырууну көздөйт.
БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн туруктуу өнүктүрүү, экологиялык рекультивация жана жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча жергиликтүү муктаждыктарга багытталган инклюзивдүү ыкманын негизинде колдоону улантат.