Долондо кар көчкү станциясы ишке кирди

Япония Өкмөтү, БУУнун өнүктүрүү программасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кар көчкүлөргө мониторинг жана болжолдоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатындагы кызматташтыгы

2023-ж., 12-May

 

2023-жылдын 12-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Япония өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт стратегиялык маанидеги унаа жолунда  “Долон” кар көчкү станциясынын салтанаттуу ачылыш  аземи өтөт. Нарын облусуна караштуу  Нарын районунун Долон ашуусунда  өтө турчу иш чарага  Япониянын Кыргыз Республикасындагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси ГОДА Хидэки, БУУнун өнүктүрүү прораммасынын Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, КР ӨКМдин  алдындагы Кыргызгидрометтин жетекчиси ж.б. катышат. 

Аталган  станция реалдуу убакыт режиминде кар көчкү түшүү коркунучун изилдеп божомолдоого, көзөмөлгө алууга жана  так маалымат берип, калкка кооптуулук  тууралуу алдын ала эскертүү берүү менен  табигый кырсыктардын алдын алууга чоң шар түзөт.

Салтанаттуу иш чарада  Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев КР Министрлер Кабинети тарабынан өлкөдөгү табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар ага ылайык ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, материалдык-техникалык жактан жабдуу, инфраструктуралык чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.  Ал ошондой эле “Эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен Кыргызгидрометтин мүмкүнчүлүктөрү жогорулашы, жаратылыш кырсыктарына өз убагында мониторинг жүргүзүү, эскертүү жана кесепеттерин жоюу үчүн бир кыйла жакшы шарттарды түзүп”,- деп белгиледи. 

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучун эске алуу менен адам өмүрүнө коркунуч келтирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу, даярдыкты жогорулатуу жана кесепеттерин жоюу чараларын көрүү үчүн ишенимдүү гидрометеорологиялык мониторинг системалары керек. Бул максатта  БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында Япония Өкмөтүнүн каржылоосу менен  Кыргызстанда дагы Чапчыма станциясынын курулушу аяктады.  

Мындан сырткары Башкы-Терек (Чаткал району, Жалал-Абад облусу) станциясынын курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында бардык станциялар толук кандуу иштөө үчүн керектүү метрологиялык жана башка шаймандар менен жабдылган. 

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен

БУУӨП

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым өз сөзүндө: “Кар көчкүгө мониторинг жүргүзүү станциясы адамдардын өмүрүн сактап жана маанилүү инфраструктураны коргойт. Алдыңкы технологияларга жана инфраструктурага инвестиция салуу, билимди жана ресурстарды бөлүшүү жана күчтүү өнөктөштүктөрдү куруу менен биз коопсуз жана туруктуу келечекти түзө алабыз”-, деп белгиледи.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года

БУУӨП

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года белгилегендей, "Япония Өкмөтү Кыргызстандын кырсыктардын тобокелин азайтуу маселелери боюнча иш алып баруу аракеттерин жогору баалайт жана колдойт. Бул аракеттер, өткөн жылдагы Кыргызстандын демилгеси менен, БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган 2023-2027-жылдардагы "Беш жылдык" тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттери боюнча резолюцияда өзгөчө чагылдырылган”.

Кар көчкү станциясыларын куруу жана жаныртуу Япония Өкмөтү тарабынан каржыланган, БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасындагы тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык үчүн потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында демилгеленген.