Айдаркен шаарындагы жүздөн ашуун окуучу достукту жана толеранттуулукту өнүктүрүү боюнча программага катышты

2020-ж., 4-November

17-сентябрдан 25-октябрга чейин Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы мектеп жаштарынын арасында Тынчтык куруу Фондунун "Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы ынтымак менен кызматташтыкты илгерилетүү" долбоорунун алкагында иш-чаралар өткөрүлдү. 10 миңден ашуун калкы бар Айдаркен шаары кыргыздар, тажиктер, өзбектер жана орустар жашаган көп улуттуу шаар болуп саналат. Шаар аймагында ар кандай тилде окуткан үч мектеп бар.

Жаштар арасындагы этностор аралык мамилелерди бекемдөө максатында Айдаркен шаарындагы мектептердин базасында толеранттуулукту, этностор аралык биримдикти өнүктүрүүгө жана маданияттар аралык чөйрөдөгү стереотиптерди жоюуга багытталган сабактар өткөрүлдү. Атайын даярдалган сабактарды машыктыруучуларга арналган “Этностор аралык толеранттуулук жана тынчтык куруу” деген темадагы тренингдерге катышкан Айдаркен шаарындагы 12 мугалим өткөрдү. Алар жогорку класстын 129 окуучусу үчүн 36 биргелешкен онлайн сабак өткөрүштү.

№20 орус тилдүү мектептин 11-классынын окуучусу Азизанын айтымында, ал Айдаркендеги кыргыз же тажик тилдүү мектептердеги окуучулардын ичинен эч кимди таанычу эмес, эми биргелешкен сабактардан кийин бир нече окуучу менен таанышып, ал тургай достошуп алууга мүмкүнчүлүк болду.

«Бул башка мектептерден жаңы досторду табуу үчүн мыкты тажрыйба жана себеп болду. Көрсө, биздин окшош жактарыбыз көп экен жана баарыбызды бирдей түйшөлткөн жалпы темаларыбыз да көп болуп чыкты”.

Азиза, Айдаркен шаарынын №20  мектебинин 11-классынын окуучусу.

Онлайн сабактардын катышуучулары сабак окуудан тышкары достук жана толеранттуулук темасы боюнча мыкты видеороликке жарыяланган сынакка да катышты. Аталган сынакка шаардагы ар кайсы мектептин окуучуларынан куралган командалар гана катышса боло тургандыгы анын өзгөчөлүгү болуп калды. Натыйжада 11 команда түзүлүп, кыска мөөнөт ичинде эле 20 видеоролик тартылып, #достуктуншаарыайдаркен хэштеги алдында социалдык түйүндөргө жайгаштырылды.

«Роликти даярдоо учурунда биз бири-бирибизди онлайн сабактагыдан да жакшыраак билип калдык, тез арада бир команда болуп иштөөгө, сценарий ойлоп табууга жана монтаж жасоону үйрөнүүгө туура келди. Албетте, талаш-тартыштар да болбой койгон жок, бирок, эң башкысы – биздин команда өз ара тил табышып, 2 ролик даярдап, 1-орунду жана баш байгени алууга жетиштик!”,

Дилфуза, А.Фирдавси атындагы №7 орто мектептин 10-классынын окуучусу.

Бул иш-чара "Чектеш аймактардагы жаштардын түйүнү” коомдук уюму тарабынан БУУ Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери (ЮНИСЕФ, БУУӨП жана ЮНФПА) жүзөгө ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташуу пландарын жүзөгө ашыруу боюнча колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле чектеш аймактардагы социалдык биримдикти жогорулатууга багытталган БУУнун Тынчтык куруу фондусунун “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы ынтымак менен кызматташтыкты илгерилетүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.