Аялдардын улуттук тилектештик курултайы: Кыргызстан аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолунда

2023-ж., 7-July

 

07.07.2023 / Бишкек, Кыргызстан – Бүгүн, Бишкекте активист айымдардын демилгеси менен Аялдардын улуттук тилектештик курултайы болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары  жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жана депутат айымдардын форумунун колдоосу менен ишке ашты. Курултайдын алкагында 7 областтан келген лидер аялдар айымдардын өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абалын талкуулашты. Андан сырткары, Кыргызстанда аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн кыймыл-аракеттердин планы иштелип чыкты. 

 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева республикалык жана аймактык деңгээлде аялдардын тилектештигин чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Аялдардын улуттук тилектештик курултайы лидер аялдардын башын бириктирүү, аларга байланыштуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү, аялдардын кызматташтыгын чыңдоо жана саясий активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө». 

Азыркы учурда Кыргызстан 2023-жыл боюнча Гендердик ажырым индекси боюнча 84-орунда (146 өлкөнүн ичинен) турат. Бул аялдардын укуктарын кеңейтүү жана лидерлигин өнүктүрүү боюнча мындан аркы аракеттердин зарылдыгын белгилейт. Гендердик теңсиздик аялдар айлык акы боюнча гендердик ажырымга туш болуп келе жаткан эмгек рыногунда да байкалат. Аялдар эркектердикине ишине окшош жумуштардын 63 % иштеп, каражат табышат. Бул аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирип, алардын өлкөгө салым кошуу потенциалын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат.

БУУӨПнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен Аялдардын улуттук тилектештик курултайы өлкөнүн лидер аялдарынын маалымат алмашуусу үчүн ачык аянтча экенин баса белгилеп, бүгүнкү күндө көтөрүлүп жаткан демилгелердин туруктуулугуна жана ийгиликтүү болоруна ишенерин билдирди: “Аялдардын кызыкчылыктары жана керектөөлөрү ар кандай. Максаттары жана кызыкчылыктары да бири-биринен айырмаланат. Алар ар түрдүү тилдик жана этникалык топтордон. Бул процесс аялдардын угулбай калган үнүн угуп, аларга өлкөнү өнүктүрүү үчүн биригүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”.

Элет жергесиндеги аялдар лидерликке жетишүү жана ыйгарым укуктарга ээ болуу үчүн кошумча тоскоолдуктарга туш болушат. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономикалык мүмкүнчүлүктөр ж.б тармактардагы ресурстарга жеткиликтүүлүктүн чектелиши алардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусуна тоскоолдук кылат. 

Ошондуктан бүгүнкү талкуунун негизги темаларынын бири облустарда өткөн курултайлардын жыйынтыгы, аны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу болду. Андан сырткары, “Аялдардын ден соолугу”, “Аялдардын саясий активдүүлүгү”, “Зордук-зомбулукту алдын алуу”, “Коопсуздук” жана башка темаларда докладдар жасалды. 

Иш-чаранын соңунда катышуучулар Аялдардын курултайы аркылуу өз ара байланышты улантуу каалоолорун билдиришти.

***

Тиркеме: Кыргыз Республикасында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын саясий, социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө катышуусун камсыздоо максатында 2021-жылы Нарын, Ош, Чүй облустарында биринчи Аялдардын Курултайы түзүлгөн. 300дөн ашык аялдардын катышуусунда Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулукту жоюу боюнча кеңештин колдоосу менен гендердик теңчиликти орнотуу боюнча бир катар жергиликтүү токтомдор иштелип чыгып, сунушталган. Аталган демилге 2023-жылы  Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча Башкы кеңештин жаңы өкүлдөрүнүн колдоосу менен улантылып, Кыргызстандын башка аймактарында аялдардын курултайы болуп өттү.