Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча мобилдик кинофестивалдын алкагында 100гө жакын кыска тасмалар тартылды

2021-ж., 21-December

Бишкек, 20-декабрь, 2021-жыл – Бүгүн, Бишкек шаарында БУУнун Өнүктүрүү программасы “Улуттук кыздар федерациясы” коомдук уюму менен биргеликте адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгүнө арналган мобилдик кинофестивалды жыйынтыктады. Айта кетсек, мобилдик кинофестиваль “Кыздыр-кыздарга адам укугу жана мыйзам үстөмдүгү жөнүндө” долбоорунун алкагында ишке ашып, ага республиканын беш аймагынан кыздар тарабынан тартылган 98 кыска тасма катышкан.

Жеӊишбек Арзыматов, БУУӨПтүн демократия жана мыйзам үстөмдүгү боюнча кеӊешчиси төмөндөгүлөрдү айтты: “Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жогорку орунда турат жана бул теманы билүү, айрыкча кыздар арасындагы маалымдуулукту жогорулатуу коомдогу укуктук аӊ-сезимдин өөрчүшүнө салым кошот. Андыктан, бул долбоор аркылуу БУУӨП элет жергесинде жашап жана билим алып жаткан кыздар арасындагы кинофестивалды дал ушул темага арнап, укуктук үстөмдүк принциптерин жайылтууда”.

Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик кинофестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, жеӊүүчүлөр сыйлуу белектерге ээ болушту. Калыстар тобунун чечими боюнча алдыӊкы беш орунду төмөндөгү окуучулар ээледи:

1-орун

Бакирова Индира

Кадамжай шаары

Охна мектеби

2-орун

Апасова Алтынай

Ысык-Ата району

Айтматов атындагы мектеп-гимназиясы

3-орун

Номанжанова Дилшода

Ала-Бука району

А. Навои мектеби

4-орун

Водолозская Алеся 

Ысык-Ата району

Мурсабаева атындагы мектеби

5-орун

Кылычбек кызы Жанара

Аксы району

Ташкулов атындагы мектеби

Белгилей кетсек, долбоор буга чейин жергиликтүү кыздар үчүн адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча тренингдерди уюштуруп, өлкөнүн жети облусунан келген 32 «тең-теңге» окутуучусунун жана сегиз насаатчынын дараметин арттырган. Тренингдерге Кыздар федерациясынын Эксперттик кеңеши, “Кыздар бирге” улуттук кыймылынын жана “Аталар кыздарды колдойт” кыймылынын өкүлдөрү колдоо көрсөтүштү.

Жалпысынын Мобилдик кинофестивалга 5 облустан 98 фильм келип түшүп, алар курамында жети мүчөдөн турган калыстар командасы тарабынан сыноого алынган. Жыйынтыгында жогорку  баага ээ болгон 20 конкурстук фильм  кыска тизмеге киргизилип,  коммиссиянын отурумунда каралды жана иш-чаранын жүрүшүндө жеӊүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлуу байгелер берилди.

Сыйлоо аземинин сүрөттөрү бул шилтемеде.

ММК үчүн байланыштар:

Чынтемир Калбаев

Коммуникация боюнча ассистент

+996775767605

chyntemir.kalbaev@undp.org