Угуусу жабыркаган балдар үчүн «ДИЛГИРИМ» уюлдук тиркемеси эми Google Play’де

2021-ж., 12-April

Колдонмонун жарнамалык постери. Иллюстрация: БУУӨП Кыргызстан

Кыргыз жана орус тилиндеги «ДИЛГИРИМ» уюлдук тиркемеси эми көчүрүп алуу үчүн Google Play аркылуу жеткиликтүү. Ал угуусу жабыркаган балдар окуган мектептердин 1-классы үчүн сөз өстүрүү боюнча сүрөттүү китептен туруп, балдарга окуу материалын кыйла тез, жеңил жана кызыктуу формада өздөштүрүүгө жардам берет.

Тиркеме Кыргыз Республикасындагы БУУӨП жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында «Technoland»  Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан жана “Дилгир-1” окуу китебине толуктоо болуп саналат. Тиркемени түзүүнүн үстүнөн «Technoland» КФсы Бишкек ш., Угуусу чектелген балдар үчүн атайы билим берүүчү мектеп-интернатынын методикалык кеңеши менен биргеликте иштеди. 

Эки тилдүү тиркеме билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу потенциалына ээ жана угуусу жабыркаган балдарга коммуникациялык тоскоолдуктарды оңой жеңүүгө мүмкүнчүлүк берип,окутуу процессин тездетет. Бул санариптик аспаптын башкы артыкчылыгы ал орус жана кыргыз тилдеринде иштелип чыккан. Буга чейин окутуу орус тилинде гана жүргүзүлүп келген жана бул постсоветтик мейкиндикте болгону орусча жаңсоо тили, орус дактили жана орус тилиндеги китептер гана колдонулгандыгы менен шартталган болчу. Бирок Кыргызстандагы угуусу чектелген балдардын көпчүлүгү – кыргыз улутундагылар. Өз тилиндеги сөздөрдү билбегендик сенсордук бузулуулар менен биргеликте мындай балдардын коомдон обочолонуусуна алып келет, аларды үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан алыстатат.

Өзгөчө кыргыз тилинде окутууга өлкөнүн аймактарындагы угуусу жабыркаган балдар муктаж болушат. Ошентип март айынын аягында «ДИЛГИРИМ» тиркемесинин иштеп чыгуучулары бул тиркеме менен  Кара-Суу шаарындагы  семинардын учурунда Угуусу чектелген балдар үчүн атайы билим берүүчү мектеп-интернатынын кызматкерлерин тааныштырышты.

«ДИЛГИРИМ» өзүнө белгиленген темалар боюнча дактиль менен коштолгон, ошондой эле ар бир теманы өздөштүрүүнүн деңгээлин текшерүү жана өтүлгөн материалды бекемдөө үчүн интерактивдүү оюндардан турган флеш-карталарды камтыган беш бөлүмдөн турат. Анда ошондой эле угуусу начар балдардын калган угуусун кошуу үчүн сөздөрдү үн менен коштоо дагы каралган. 

 «Technoland» КФсынын төрайымы Рена Султангазиева белгилегендей, иш-чарада тиркеменин кандай иштей тургандыгы көрсөтүлгөн. “Биз угуусу жабыркаган балдардын ата-энелерине балдардын үйдөн анын жардамы менен окуп жана өтүлгөн материалды бекемдеши үчүн тиркеме кандай иштей тургандыгын көрсөттүк. Анын үстүнө тиркеме офлайн иштейт жана интернеттин болушу талап кылынбайт, бул аймактардагы жашоочулар үчүн өзгөчө актуалдуу”,-дейт адис.

Бул демилге 2020-жылы БУУӨП жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылган «Inno KG» долбоорунун уландысы болуп саналат.. Буга чейин анын алкагында мектепке чейинки билим берүү программасынын алкагында “Менин үй-бүлөм”, “Менин дүйнөм” жана «Арифметика» аттуу үч уюлдук тиркеме иштелип чыккан.

 

Медиа байланыштар:

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн Коммуникациялар боюнча жардамчысы

chyntemir.kalbaec@undp.org

+996775767605