Бишкекте майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүү эвакуация машыгуусу өттү
2025-ж., 24-October
Бишкек, 24-октябрь 2025 — 24-октябрда Бишкек шаарында азиз балдар үчүн мектеп-интернаттын базасында «Өзгөчө кырдаалда майыптыгы бар адамдарды эвакуациялоо жана коштоо» боюнча симуляциялык машыгуулар өттү.
Машыгуулар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте БУУӨП жана ЕККУнун колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чарага ӨКМдин кызматкерлери, шаардык кызматтардын өкүлдөрү, медициналык кызматкерлер, ыктыярчылар жана майыптыгы бар адамдардын уюмдары катышты.
Катышуучулар эвакуация учурунда иш-аракеттерди координациялоо көндүмдөрүн бекемдеп, маршруттардын жана жабдуулардын жеткиликтүүлүгүн текшеришти, ошондой эле ар түрдүү майыптыгы бар адамдар менен байланышуу механизмдерин — жаңсоо тилин жана визуалдык көрсөткүчтөрдү — сынап көрүштү.
Айрыкча куткаруучулар, коштоочулар жана майыптыгы бар катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Практикалык бөлүк кызматтардын чыныгы өзгөчө кырдаал шарттарында аракеттенүүгө даяр экендигин көрсөттү.
Талдоо жыйынтыгында катышуучулар персоналдын кесиптик жөндөмдөрү, ыкчамдыгы жана коштоо сапаты жогорулаганын, ошондой эле ӨКМ, муниципалдык түзүмдөр жана жарандык коом уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүк бекемделгенин белгилешти. Машыгуулардын натыйжалары жарандык коргонуу тутумунда инклюзивдүү ыкманын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.
Жарандык коргонуу жаатындагы улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү максатында өнөктөштөр аралык жумушчу топ түзүлүп, өзгөчө кырдаалдар жана кризистик жагдайларда инклюзивдүү механизмдерди жана ыкмаларды эске алуу менен нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда.
БУУӨП майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүдө эксперттик колдоо көрсөтүп, инклюзия жана теңчилик принциптерин өлкөнүн жарандык коргонуу системасына интеграциялоого көмөктөшүүдө. Бул чаралар Кыргыз Республикасынын «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» (2025) Мыйзамына, ошондой эле өлкө тарабынан ратификацияланган БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясынын принциптерине толук шайкеш келет.
Машыгуулар ошондой эле «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын (2023–2030) ишке ашырууну колдойт. Программа майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүү чөйрө түзүүгө жана жашоонун бардык тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана “Эч кимди артка калтырбайбыз” принцибин илгерилетүүгө, социалдык адилеттүүлүктү жана климаттык туруктуулукту чыңдоого көмөктөшүүдө. Ошондой эле өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык.