БУУӨП Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө мыйзамды иштеп бүтүүрүдө ИИМге техникалык жардам көрсөттү

2022-ж., 18-February

Бишкек, 18-февраль, 2022-жыл – Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы КРнын Ички иштер министрлигинин жумушчу тобунун эксперттик коомчулугунун укук коргоочу жана медиа уюмдарынын катышуусунда «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп бүтүрүү боюнча көчмө жыйынынын - коомдук талкууларды өткөрүүдө техникалык колдоо көрсөттү.

2005-жылы кабыл алынган мыйзамды кайра карап чугуу зарылчылыгы контекстинин бир топ өзгөргөнүнө байланыштуу. Ал кабыл алынгандан бери жаңы Конституция, улуттук жана глобалдык укук колдонуу тажрыйбасы, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар да кабыл алынып, республиканын укуктук системасы чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасы мүчө болгон бир катар Эл аралык келишимдер кабыл алынды. Белгилеп кетчү дагы бир нерсе, алгачкы мыйзам кабыл алынып жатканда 16 жыл мурда аталган маселе жаатында азыркыдай жетишээрлик билим жана тажрыйба болгон эмес. Мыйзам өз мезгилинин жана бул кубулуштун ошол учурдагы түшүнүү деңгээлинин чагылуусу болгон. Андан бери зомбулуктуу экстремизм коркунучтары, тобокелчиликтери жана шаймандары бир кыйла татаал жана ар кандай мүнөзгө ээ болду. Бул өз кезегинде эскертүүнүн, жооп берүүнүн жана каршы аракеттенүүнүн жаңы механизмдерин киргизүүнү талап кылууда.

КР ИИМинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Осмонов Самат 2022-жылдын 3-4-февраль күндөрү массалык маалымат каражаттары жана жарандык коом менен тегерек столдор өткөрүлгөндүгүн белгилеп өттү (тегерек столдон сүрөттөр).  «Ал иш-чараларда жарандардын укуктарына таандык көптөгөн жагдайлар айтылып, бүгүнкү күндө биз өкмөттүк эмес жана Эл аралык уюмдардын жана ошондой эле укук коргоо органдарынын кенен чөйрөсү менен биргеликте мыйзам долбоорунун ар бир беренесин иштеп бүтүрүүдөбүз. Демек, коомдогу ар кандай пикирлер эске алынат.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн ага кеңешчиси Эркин Касыбеков мындай деп билдирди: «БУУнун Өнүктүрүү программасы өкмөттүн зомбулуктуу экстремизмин алдын алуу үчүн маанилүү программалар менен стратегияларын ишке ашыруусуна колдоо көргөзүп келет. Колдонулган ыкма жарандык активдүүлүктү жогорулатуу, социалдык-экономикалык укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, сот адилеттүүлүгүнө жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү, ошондой эле зомбулуктуу экстремизми менен чыр-чатактардын тобокелчиликтерин жараткан факторлорду жоготуу үчүн институттур менен коомчулуктардын дараметин жогорулатууга негизделет.

Техникалык колдоо «Азияда зомбулуктуу экстремизмине каршы туруштук берүүнү жогорулатуу» долбоорунун (STRIVE Asia, ЕБ менен БУУнун биргелешкен өнөктөштүгү) алкагында көрсөтүлдү.

***

ИИМдин көчмө жыйынынан фотоалбомго шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjzCERF


Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org