БУУӨП коронавирустун кесепеттерин жеңүү үчүн инноватордук конкурс жарыялайт

2020-ж., 10-April

Постер: БУУӨП Кыргызстан

“Ачык Инновациялар Таймашы – InnoKG” сынагынын маңызы пандемиянын социалдык жана экономикалык маселелерин чечүү үчүн инновациялык идеяларды колдоо болуп саналат.

БУУнун Өнүктүрүү программасы КР МКТ жана Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте инноваторлор, жеке сектордун өкүлдөрү жана жарандык коомго “Ачык Инновациялар Таймашы – InnoKG” конкурсун жарыялайт. Конкурс коронавирус пандемиясынын өсүп бараткан кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам, ар кыл жана майнаптуу чечимдерди топтоо идеясына негизделет.

Конкурс үйдө отургандарды психикалык саламаттык жана социалдык жардам тарабынан колдоо маңызын алып жүрөт. Өз алдынча уюштуруу, түйүндүк жана социалдык байланыш, аралыкты сактоо менен өндүрүү жана аны жеткирүү жана ошондой эле медицина кызматкерлерине болгон жүктү азайтуу багыттарын камтыйт.

Долбоорлор 2020-жылдын сентябрь айынын аягына чейин ишке ашырылышы керек. Ар бир жеңүүчүгө 10,000 доллар АКШ доллары берилет. Кошумча маалымат жана сурамдын формасы БУУӨПтүн сайтында жеткиликтүү.

InnoKG конкурсу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана координациялоо тобунун (ӨКЧК) алкагында жарыяланды. Бул топ 2020-жылдын 16-мартында Кыргыз Өкмөтүнүн өтүнүчү менен ишке кирип, пандемияга жооп кайтаруу, өзгөчө кырдаалга даярдыкты бекемдөө жана ыкчам калыбына келтирүү максатын көздөйт.

ӨКЧК – Бириккен Улуттар Уюму жана Кыргызстан Өкмөтү тарабынан биргелешип ишке киргизген координациялоо механизми. Ал 2008-жылы түзүлүп, БУУ тутумунун Туруктуу координатору тарабынан жетектелет. Курамына министрликтер, БУУ агенттиктери, жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдар жана донор жамааты кирет. ӨКЧК эң алгач алты багытка көңүл бурат: эрте калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, суу санитариясын коргоо, гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар.

Медиа байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, БУУӨП Кыргызстан, ainagul.abdrakhmanova@undp.org