БУУӨП аялдар үчүн краудфандинг кампаниясын жана Жаратман айымдар жамаатын ишке киргизди

2022-ж., 2-March

БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана «Welcome.KG» коомдук фонду жергиликтүү бийлик органдары, аялдар ассоциациясы жана бизнес-топтордун катышуусу менен Ошто Жаратман айымдар жамаатын ишке киргизди. Лаборатория колдоо таба ала турган, пайдалуу байланыштарды жана техникалык көндүмдөрдү, ошондой эле  жабдууларга жеткиликтүүлүк алуучу креативдүү тармактарда илгерилөөнү каалашкан кыздар жана аялдарга арналган инклюзивдүү, коопсуз чыгармачыл мейкиндик болуп саналат. Бул алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өздөрүнүң жамааттарында да, алардын чегинен сырткары да социалдык жана саясий укуктарын тездетүүгө шыкак берет.

Жаратман айымдар жамааты краудфандинг кампаниясы тарабынан колдоого алынып, анын алкагында чогултулган бардык каражат түздөн-түз аялдардын чоң тобун окутууга багытталат.  БУУӨП Жаратман айымдар жамаатын түзүү үчүн баштапкы каржылоону жана белгиленген бардык чыгымдарды каржылоону камсыз кылат, жана максаты кампаниянын жүрүшүндө чогултулган каражат андан ары кеңейтүү, анын ичинде Кыргызстандагы кошумча орундарды инвестициялоо болуп саналат.

Кампания аялдардын чыгармачыл чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана бенефициарларга долбоордук идеяларын  ар түрдүү чыгармачылык, социалдык, экологиялык жана башка тармактарда жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтөт. Санариптик  трансформация өнүгүүнү бир кыйла инклюзивдүү жана адилеттүү кылуу, ошондой эле чыгармачыл чөйрөдөгү жана IT тармагындагы кыздарга жана аялдарга карата гендердик стереотиптер менен күрөшүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен белгилегендей:  «Креативдүү индустрия биринчи кезекте аялдардын ишке орношуусу жана киреше алуусу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн шарапаты менен кыздар жана аялдар өздөрүнүн жамааттарында жана анын чегинен тышкары социалдык жана саясий укуктарга көбүрөөк ээ болушат”.

Өкмөт өзүнүн “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында“  креативдүү экономиканын маанилүүлүгүн баса белгилеген: “Иш менен камсыз кылуу үчүн өзгөчө потенциал креативдүү индустрия чөйрөсүндө болот. Ар кандай креативдүү тармактарды өнүктүрүү үчүн инвестициялык жана ченемдик укуктук чөйрөнү түзүү, креативдүү парктардын, чыгармачыл зоналар жана райондордун, атайын салык режиминин өзгөчө резиденти статусун берүү талап кылынат”. Экономика жана коммерция  министрлиги 2021-жылы  экономикалык саясаттын инновацияларын иштеп чыгуу жана илгерилетүү үчүн негиз салууга багытталган “2021–2023 жылдарга креативдүү экономика концепциясын” иштеп чыкты.

“Креативдүү индустрия айрыкча Кыргызстандын жаштары жана аялдары үчүн ишке орношуусу жана киреше алуусу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ”, - деди  Аялдардын чыгармачыл лабораториясынын долбоорлорунун координатору, Оштогу чыгармачыл борбордун жетекчиси  Гульнара Абылкасымова. - Креативдүү индустрия экономиканын салттуу секторлоруна өздөрүнүн продукттарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн жаңылоо жана жергиликтүү компаниялардын аймактык жана дүйнөлүк рыноктордо атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жардам бере алат. Аялдардын чыгармачыл лабораториясы кыздардын жана аялдардын эң заманбап креативдүү көндүмдөрдү өздөштүрүүсү менен болочокто алардын жумуш орундарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет деген үмүттөбүз”.

2020-жылы Кыргызстандын креативдүү индустриясында 13 миң адам тартылган, бул калктын жумуштуу бөлүгүнүн 0,6% га жакынын түзгөн. Жаштардын жана аялдардын чыгармачыл индустриясында иш менен камсыз болушунун деңгээли жогору: аялдар - 60%, жаштар  40%ды түзгөн.  2014-2018 –жылдардын аралыгында креативдүү индустриясынын Кыргыз Республикасынын ИДПсына кошкон салымы жылдык 1% деңгээлде кала берген, анда секторго  чет өлкөлүк түз инвестициялар жылына  500 миң АКШ долларын түзгөн.

Краудфандинг кампаниясы 25тен ашуун тематикалык иш-чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт,  колдоо түйүндөрү менен биргелешип иштөө үчүн коопсуз мейкиндикти жана иштөө үчүн керектүү ресурстарды камсыз кылууга жардам берет, ошондой эле ишкер-аялдар өздөрүнүн алгачкы чыгармачылык иш-тажрыйбасын баштоо үчүн гранттарды берет. Аялдардын демилгелерин каражат жактан колдоо онлайн  түрүндө да өтүүгө мүмкүн.  

Тармактагы ар бир 600 долларга дагы бир аял тартылышы мүмкүн; кошумча  2000 доллар катышуучу энелердин балдары үчүн ойноо зонасын түзүүгө жумшалат; 10 000 доллар жумуш мейкиндигин уюштурууга; 30 000 доллар аялдар жетектеген он долбоордун баштапкы каржылоосуна;  жана  50 000 доллар 200 аялга эки жыл бою акысыз биргелешип иштөө аянтын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Жаратман айымдар жамаатын колдоо үчүн краудфандинг кампаниясынын башталышы БУУӨПтүн Акселерация демилгеси менен Кыргыз Республикасынын “Welcome KG” алдыңкы бизнес-акселерациясынын эксперттик колдоосу менен ишке ашкан.

Маалымат үчүн: Акселерация программасы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын демилгеси болуп эсептелет жана Катар өнүктүрүү фонду жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги менен биргеликте түзүлүүдө. Акселерация программасы практикалык идеяларды түзүү үчүн жергиликтүү инновацияларды пайдаланууга жана 21-кылымдагы туруктуу өнүгүүнү кайрадан кабылдоого  арналган. Бул дүйнөнүн 116 өлкөсүндөгү 92 Акселерация программасынын лабораторияларынан турган,  анын ичинде Кыргыз Республикасында жакында түзүлгөн лабораторияны камтыган, эң чоң жана эң ылдам окутуу тармагы.