Жаратман айымдар жамааты: БУУӨП Кыргызстандагы айымдардын чыгармачыл багыттагы өнүгүүсүн белгилеп өттү

2023-ж., 7-March
Women Creative Lab in Kyrgyzstan

 

Кыргызстанда айымдар креативдүү экономикада кандай ийгиликтерге жетишип жаткандыгын билүүгө кызыкдарсызбы? Анда, кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын изилдөө бөлүмүнүн башчысы Виктория Петрованын блогун окуп чыгыңыз. 

"Жаратман айымдар жамааты" долбоорунун катышуучулары

Креативдүү жумуш - сүйүүнүн эмгеги деген концепция жана чеберчилик манифестациясы адам өнүгүүсүн баалаган коомдордо маанилүү болуп баратат. Айымдардын чыгармачыл тармактарда иштөөсү, катышуусу көптөгөн артыкчылыктарга ээ болгонуна карабастан, көптөгөн чыгармачыл тармактарда гендердик стереотиптер дагы деле бар. Кыргызстанда, маданий нормалар айымдардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган жерде, айымдардын эркиндигин жана умтулууларын курмандыкка чалбай, салттуу баалуулуктарга ылайыкташкан айымдардын өнүгүүсүнө багытталган инновациялык моделдерди изилдөө өтө маанилүү. 

«Жаратман айымдар жамааты» аттуу биздин эксперименталдык долбоор 2022-жылы ишке ашырылган. «Жаратман айымдар жамааты» - бул айымдарга багытталган коворкинг мейкиндиги, жаратман айымдарга уникалдуу окутуу жана насаатчылык колдоо программаларына, ошондой эле креативдүү тармактарда бизнес идеяларын сыноо же бизнесин тездетүү үчүн баштапкы каржылоого мүмкүнчүлүк берет. Ош шаарындагы «Акылжан» жаратман айымдар жамааты алгачкылардан болуп ачылган. 100дөн ашуун айымдар жана кыздар бул долбоордун башталышында өз каалоолору, кыялдары жана пландары менен бөлүшүштү.

"Жаратман айымдар жамааты" долбоорунун логотиби

 

"Биз Ош шаарынан 100гө жакын айымдарды жана кыздарды чогултуп, алар биз менен жөн гана тилектери, кыялдары жана пландары менен бөлүшпөстөн, ошол кыялдарын ишке ашыргандыгы үчүн сыймыктанабыз. Долбоордун алкагында ишкерлер, студенттер, үй кожойкелери жана мамлекеттик кызматкерлер мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, идеялар жана кыялдар менен алмашып, бири-бири менен биригип, колдоп турушту. 2022-жылдын ичинде 500дөн ашуун айым биздин иш-чаралар аркылуу жамаатка кошулуп, лабораториянын элчилери болуп калганы үчүн кубанычтабыз", - дейт Ош шаарындагы жаратман айымдар жамаатынын координатору Гүлнур Абылкасымова.

Жаратман айымдар жамааты инклюзивдүү жана жандуу окуу программасын жана насаатчылык программасын иштеп чыгуу үчүн адамга багытталган дизайн ыкмасын колдонот. Башка иш-чаралардан тышкары, жамаат окутуу, мастер-класстар, семинарлар, психосоциалдык колдоо жана бизнес баштоо ресурстарын сунуштайт. Ошондой эле, ал сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык, гендердик теңчилик, укуктар жана финансылык сабаттуулук жөнүндө маалымат жана билим алмашуу үчүн индуктивдүү чөйрөгө айланат.

“Мен ар кандай тренингдерге көп катышам, бирок мындай айымдардын жамаатына биринчи жолу кошулуп жатам. Жаратман айымдар жамааты көп кырдуу, оюбузга келбеген айымдардын жашоосунун кызыктуу аспектилерин камтыган. Бул жамаатта мен өзүн өзү өнүктүргөн, мыкты айымдар тобун жолуктурдум. Психолог катары көптөгөн сонун түшүнүктөргө ээ болдум.” - дейт Ош шаарындагы жаратман айымдар жамаатынын катышуучусу.

 

Долбоордун катышуучулары мастер-класста

Жаратман айымдар жамааты - бул коопсуз мейкиндик. Анда айымдар социалдык коркуу сезимин жеңе алышат, өзүнө көбүрөөк ишенишет жана өздөрү менен чынчыл болууга үйрөнүшөт. Бул факторлор чыгармачылыкты ишке ашыруу үчүн өтө маанилүү. Насаатчылардын колдоосу менен катышуучулар жеке жашоосуна жана кесибиндеги өзгөрүүлөргө жоопкерчилик алганды үйрөнүштү. Бул жагдай сөссүз түрдө алардын программага катышуусуна да позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келди. Бул программанын натыйжасында жаратман айымдар өздөрүнүн жөндөмдөрүн өркүндөтүп, узак тыныгуудан кийин карьерасын улантышып, жаңы жумуш таап же өз бизнесин ачышкан. Азыр алар таланттарын бириктирип, ар түрдүү бизнес демилгелерде инноваторлор катары кызматташууну улантышууда. 

Төмөнкү ой-пикирлер менен «Акылжан» жаратман айымдар жамаатынын катышуучулары бөлүшүштү:

“Акыркы мезгилде менин тагдырым үй жана балдарым менен гана чектелген деп ойлой баштадым. Жолдошум Орусияда каражат табуу менен алек. Мен өзүмдү күнүмдүк жашоо менен алектенип, жогото баштадым. Бирок, айымдар жамаатына келип, өзүмдү ар тараптан тануу мен үчүн жаңылык болду. Эми мен жакшы эне болуу менен бирге мыкты программист, кол өнөрчү боло алаарыма ишеним пайда болду.”

 “Мен динчил адаммын жана динчил үй-бүлөдө жашайм. Айымдардын тагдыры бир үй менен чектелет деп ойлочумун. Бирок, бир нерсе мени ичимде ар дайым ойлонтуп, тынчтык берчү эмес. Башкалар үчүн көп пайдалуу нерсе кыла алаарымды билчүмүн. Жаратман айымдар жамаатынын мүчөлөрү ушунчалык акылдуу жана шыктуу!  Баардык жолугушуулар мен үчүн маанилүү жана керектүү болду.”

"Мен азыркы мезгилде студент болгондуктан, мен үчүн ар кандай турмуштук тажрыйбасы бар айымдар менен иштөө абдан кызыктуу болду. Ата-энем менин келечегимди болочок жолдошум жана анын үй-бүлөсү менен гана байланыштырышымды каалашат. А мен турмушка шашкым келбейт. Ата-энемдин сөзүнөн күмөн санап жүргөнүм туура экен. Эми өз тагдырымды өзүм курам деп чечтим. Чет өлкөгө окууга тапшырайын деп жатам. Эл аралык мыкты адис болгум келет.”

Ош шаарындагы Жаратман айымдар жамааты ийгиликтүү ишке ашкандыгына байланыштуу, долбоор Баткен жана Жалал-Абад облустарында 200гө чейин айылдык айымдарды колдоо максатында ачылды. БУУнун Өнүктүрүү программасы айымдарды жумуш табууда жана чыгармачылык жөндөмдөрүн туруктуу киреше табууга багыттоо үчүн жаратман айымдар жамаатын түздү. Баткендеги жамааттын айымдары профессионалдык жана жеке көндүмдөрүн өрчүтүп, тигүү, тамак жасоо сыяктуу хоббилери аркылуу санариптик көндүмдөрдү колдонуу жана кызмат көрсөтүү менен кантип акча табууну үйрөнүп жатышат. Жалал-Абаддагы жамааттын айымдары жеке өнүгүү жана өзүн-өзү идентификациялоо боюнча семинарларга катышып, HoReCa (мейманкана, ресторан жана кейтеринг бизнестери) тармагында кардарларга кызмат көрсөтүүнү үйрөнүп, өз аймагындагы туристтерге мүмкүн болушунча мыкты кызмат тартуулоо үчүн турларды уюштурууну үйрөнүшүүдө. Жаратман айымдар жамааты катышуучулар үчүн гана эмес, ошондой эле коомчулук үчүн чыгармачылыктын жана эркиндиктин коопсуз платформаларына айланат деп күтүлүүдө. Бул жамаат креативдүү экономика аркылуу өнүгүүгө кызыкдар ар кандай жергиликтүү адамдарды бириктирет деген ойдобуз.

Эксперименттердин натыйжасында Жаратман айымдар жамааты уникалдуу парадигмага айланып, ал БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан кеңейтилип жана айымдардын укуктарын жогорулатуу жаатында иштеген коомдук уюмдар тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Бул ишке ашырылган ийгиликтүү "программалык пакет" жергиликтүү контекст менен ылайыкташтырылып, ар кандай институттар жана уюмдар тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. Жамааттын катышуучулары чыгармачылык жөндөмдөрүн монетицазиялоого мүмкүн болгондуктан жана бул концепциянын инновациялык болгондугуна байланыштуу, жамаат өз ишмердүүлүгүн улантууга жана каржылык, мазмундук жактан туруктуу болууга жөндөмдүү. 

Долбоордун катышуучулары мастер-класста

Биздин оюбузча, Кыргызстандын бардык аймактарында Жаратман айымдар жамаатын түзүү "айымдар айымдарды колдойт" чөйрөсүн табигый түрдө өркүндөтүп, жамааттардын таасирин күчөтүп, кеңейтилиши мүмкүн. Катышуучулар өз максаттарына жетип, кыялдарын тезирээк жана жеңилирээк ишке ашыра алышат. Жаратман айымдар жамааты ресурстарды мобилизациялоо көз карашынан жагымдуу интеграцияланган парадигма болуп калышы мүмкүн. Анткени ал экономикалык күчтөндүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ыйгарым укукка ээ болгон айымдарды бириктирип, чыгармачыл тармакка көбүрөөк өнөктөштөрдү тартат. Жамаат ошондой эле, көп профилдүү санариптик билим берүүнү илгерилетүү, гендердик теңчиликке карата деструктивдүү гендердик стереотиптерди жана инновацияларды алып салуу үчүн мыкты "курал" болуп саналат". Ошону менен бирге айымдар - “өзгөрүүнүн агенттери” боло алышат. 


Эгерде сиз Жаратман айымдар жамааты жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана анын андан аркы өнүгүүсүндө кызматташууга кызыкдар болсоңуз, анда мага кайрылыңыз viktoriia.petrova@undp.org.