"STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун 571 STEMдеги аялдар лидерлигин түзүп жатышат

2024-ж., 29-January

 

"STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун 571 катышуучусу

STEMдеги аялдар лидерлигин түзүп жатышат.

 

"STEM4ALL x Mentoring Her" долбооруна 320 шакирт жана 251 устат катышты. Долбоор STEM (илим, технология, инженерия жана математика) тармактарында кыздардын жана аялдардын катышуусун өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун катышуучулары убакытты башкаруу (тайм менеджмент), лидерлик, эмоционалдык интеллект, сынчыл ой-жүгүртүү жана финансылык сабаттуулук жаатында тажрыйбалуу адистерден билим алышты.Ошондой эле катышуучулар кесиптик максаттарына жетүүнүн негизги кадамдарын аныктап, өнүгүү жол карталарын иштеп чыгышты.

"STEM4ALL x Mentoring Her" насаатчылык программасы катышуучуларга Stem4allmentoring Her санариптик эксперименталдык аянтчага кирүү мүмкүнчүлүгүн берди. Бул платформа кыздар үчүн билим алуу жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аймактык менторлордун керектүү билимин жана колдоосун камсыз кылат. 

КР Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билим берүү системасында STEM багыты активдүү өнүгүп жатканын белгиледи."Бүгүнкү ааламдашуу доорунда дүйнөдө STEM багытты өнүктүрүүгө өзгөчө көнүл бурулууда, бул тенденциядан Кыргызстан да артта калган жок. Билим берүү сапатын жогорулатууда STEM предметтер боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жаңы муундагы окуу китептерди ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Жакын арада миңдеген мугалимдерди жеке компьютер менен камсыздоо алдында турабыз, натыйжада STEM сабактарды жүктөө менен анын жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана окуучулар менен кайтарым байланышка чыгуу шарты түзүлөт», - деди Догдуркүл Кендирбаева."

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) КРдагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева БУУӨПдун “STEM4ALL x Mentoring Her” жана “Бүгүн биз Кыргызстандагы Digital X "STEM4ALL x Mentoring Her" демилгебизди жыйынтыктадык. Биз Кыргызстандагы санариптик ажырымды жоюу үчүн алардын колун бириктирдик. STEM көндүмдөрү жашыл жана санариптик трансформациянын драйвери боло алат жана биз аялдар менен жаштардын артта калбашын камсыз кылышыбыз керек.”

"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын аткаруучу директору Роза Кайыкова STEMде кыз-келиндерди колдогон долбоорлордун маанисин жана зарылдыгын белгилеп өттү. “Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду 2013-жылдан бери ар кандай долбоорлордун жана демилгелердин алкагында аялдарды STEM чөйрөсүнө тартуу боюнча чоң иштерди жүргүзүп келет. STEM4ALL x Mentoring Her насаатчылык программасы кыздарды жана аялдарды STEM багыттарында колдоонун жана алга жылдыруунун натыйжалуу формасы экендигин далилдеди. Фонд кыздарга дүйнө жүзүндөгү/региондогу мыкты адистердин насаатчылык программасынан англис тилинде өтүүгө мүмкүнчүлүк берген, ийгиликтин дагы бир зарыл фактору болгон Stem4allmentoringHer платформасы менен иш алып барууну улантат”.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ГОДА Хидеки белгилегендей, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.  "Эркектер менен аялдардын тең укуктуулук коомун түзүү Япониянын 21-кылымдагы багытын аныктоодо эң маанилүү маселе болуп саналат жана Япония кырдаалды жакшыртуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Япония өкмөтү жогорку кызматтагы аялдардын үлүшүн 30% га чейин мүмкүн болушунча эртерээк көбөйтүү боюнча чараларды көрүүнү максат кылды"

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоорунун катышуучусу Бактыгүл Жолдошева уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, долбоор шакирттерге устат табууга гана эмес, баалуу турмуштук тажрыйба алмашууга да уникалдуу мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи."Мен өзүмдүн ментим менен байланышты улантууну көздөп жатам жана мындан ары биргелешип өнүгүү максатында үзгүлтүксүз жолугушуулар үчүн клуб түзүү идеясын карап жатабыз"

Долбоорго Нарын облусунун Ат-Башы районунан катышкан Жанайым Абдрахманова өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды гана албастан, өзү үчүн өнүгүүнүн жол картасын иштеп чыккандыгын белгиледи. Ал онлайн окутууга кошулуу мүмкүнчүлүгү долбоордун көптөгөн катышуучулары үчүн горизонтту кыйла кеңейткенин баса белгиледи.

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленип,Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен, "Роза Отунбаеванын демилгеси " эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.

2024-жылдын 27-январында Novotel отелинде "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун катышуучуларын жана "STEM4ALL Коомчулугун" сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чара "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун аякташына арналып, анда программанын алкагында мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар белгиленди.

 

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоорунун алкагындагы номинациялар:

🏆Мыкты ментор-Нурайым Турусбекова 

🏆Мыкты менти-Камила Алишерова

🏆Мыкты аймактык ментор-Айжан Сулайманова

🏆Мыкты аймактык менти - Кызжибек Анарбаева

🏆Мыкты ментор мотиватор - Улан Мамбетакунов 

“STEM4ALL коомчулугунун” номинациялары:

🏆 STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөшү-Борбордук Шайлоо Комитетинин жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору 

🏆 STEM илгерилетүүдөгү мыкты тажрыйба- "Programmer Ayimdar" долбоору 

🏆 Мыкты билим берүү өнөктөш- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жеңүүчүлөрдү аныктоо процессине көз карандысыз эксперттер, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин өкүлдөрү, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, КРдагы БУУӨПтүн өкүлдөрү жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышышты.

Сыйлык тапшыруу аземи жаш муундарды келечектеги кесиптерге даярдоодо мыкты тажрыйбаларды жана жеке салымдарды чагылдырган аянтча болуп калды.

Иш-чаранын жазуусун шилтеме аркылуу көрсөңүз болот, код Xtn*d$x3

Иш-чарадан сүрөттөр бул шилтемеде 

Насаатчылык программасы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн:

📧ainagul.abdrakhmanova@undp.org

📞Телефон: 0770 755776

📧saltanat.adylbek@gmail.com

📞Телефон:0555850707