Жергиликтүү коомчулуктар жана НКОлор үчүн долбоордук сунуштар сынагы

ГЭФ БУУӨП Чакан Гранттар Программасы Жергиликтүү коомдордун жана НКОлордун долбоордук сунуштары үчүн сынак жарыялайт

2025-ж., 22-May
A young man and woman sit on wooden stairs, smiling at a smartphone together.
БУУӨП / Кыргызстан

Конкурстун аталышы: «Ысык-Көл облусундагы жээк ландшафтын туруктуу башкаруу жана био ар-түрдүүлүктү коргоо»

Мөөнөттөр:

  • Арыздарды кабыл алуу: 2025-жылдын 12-июнуна чейин, саат 17:00

  • Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 12 айга чейин

  • Гранттык келишим 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин кол коюуга пландаштырылууда

Кимдер катыша алат?

  • Жергиликтүү НКОлор (коммерциялык эмес уюмдар);

  • Жамааттар;

  • Кыргызстанда катталган демилгелүү топтор.

Катышуу үчүн эмне керек?

  1. Долбоордук сунуш формасын толтуруу (тиркемеде).

  2. Төмөнкү документтерди кошуу:

    • Уюмуңуздун уставынын жана каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

    • Уюмдун профили (2 беттен ашпоо);

    • Долбоор командасынын тизмеси жана команда мүчөлөрүнүн резюмелери;

    • Эсептин реквизиттери бар банк справкасы (сом);

    • Өнөктөштөрдүн кепилдик каттары;

    • Долбоордук арызды колдоого башка документтер.

Арызды кайда жана кантип жөнөтсө болот?

Арызды төмөнкү жолдор менен жөнөтсөңүз болот:

  1. Электрондук почта аркылуу (бардык документтердин сканы бир файлда): irinat@unops.org

  2. Жеке же почта аркылуу: Бишкек шаары, Киевская көчөсү 195, 6-кабат, БУУӨП Кичи Гранттар Программасы (мөөрдөлгөн конвертте).

Кошумча маалымат:

  1. Жарыянын толук тексти (тиркемеде);

  2. Ысык-Көл облусу үчүн COMDEKS өлкөлүк жээк-ландшафттык стратегиясы (тиркемеде).