Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен «Өнүгүүнү башкаруу: өсүү борборунун башкы планын даярдоо» деген темада квалификацияны жогорулатуу курстарын баштады
Кыргыз Республикасы өсүү борборлорун башкы пландаштыруу боюнча адистерди даярдоону баштады
2026-ж., 9-June
Бишкек, 2026-жылдын 9-июну - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен «Өнүгүүнү башкаруу: өсүү борборунун башкы планын даярдоо» деген темада квалификацияны жогорулатуу курстарын баштады. Окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймактарында өсүү борборлорун түзүү жана өнүктүрүүнүн 2025–2030-жылдарга карата программасын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.
Курстар сегиз шаардын — Манас, Талас, Нарын, Өзгөн, Ош, Каракол, Баткен жана Кант шаарларынын мэрияларынын адистерин камтыйт. Окутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар башкы пландаштыруу жаатында — аймакты талдоодон жана стратегиялык көз карашты иштеп чыгуудан баштап, долбоордук портфелдерди жана KPI тутумдарын түзүүгө чейинки практикалык көндүмдөргө ээ болушат жана алган билимдерин өз шаарларынын башкы пландарын иштеп чыгууда колдоно алышат. Министрлер Кабинетинин токтомунда облустук борборлордун мэриялары даяр башкы пландарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен 2026-жылдын 25-декабрына чейин бекитиши каралган.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги буйругу менен бекитилген Өсүү борборунун башкы планын иштеп чыгуу методологиясына негизделген. Бул методология стратегиялык, мейкиндик жана инвестициялык пландаштыруунун практикалык куралы катары түзүлгөн. Алты күндүк программа лекцияларды, практикалык сабактарды жана реалдуу аймактар менен топтук иш алып барууну айкалыштырат: маалыматтарды талдоодон жана стратегиялык көз карашты иштеп чыгуудан баштап долбоордук портфелдерди жана KPI тутумдарын түзүү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов курстун ачылышында мындай деп баса белгиледи: “Бул окуу курсу толугу менен БУУӨПтүн колдоосу менен даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 92 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өсүү борборунун башкы планын иштеп чыгуу методологиясынын негизинде түзүлгөн. Республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү жемиштүү кызматташтыгы жана көмөгү үчүн, ошондой эле 2025-2030-жылдарга карата өсүү борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын жана ушул Методологияны иштеп чыгууга көрсөткөн колдоосу үчүн БУУӨПкө терең ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер”.
БУУӨП аймактык өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууда, анын ичинде башкы пландаштыруу методологиясын иштеп чыгууда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин чыңдоодо Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүп келет.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Башкы план аймактын потенциалын көрүүгө, өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоого жана келечектин бирдиктүү көз карашын калыптандырууга жардам берет. Ал инвестицияларды, инфраструктураны жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү бирдиктүү өнүктүрүү стратегиясына байланыштырууга шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын концептуалдык мамилелерди иштеп чыгуудан аларды практикалык жүзүндө колдонууга өтүп жаткандыгы өзгөчө маанилүү. БУУӨПтүн колдоосу менен Экономика жана коммерция министрлиги биргеликте өсүү борборлорунун башкы пландарын даярдоо методологиясын иштеп чыккан. Эми негизги милдет — керектүү компетенцияларды калыптандыруу жана бул ыкманы жер-жерлерде ишке киргизүү болуп саналат”.
Маалымдама. 2025–2030-жылдарга карата өсүү борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы аймактарды туруктуу өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана жумуш орундарын түзүү куралы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылууда. Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип чыккан башкы пландаштыруу методологиясы учурда пилоттук шаарлар — Өзгөн жана Кант шаарларында колдонулууда.