40 аймактык бейөкмөт уюмдары жумушчу орундагы асылуу жана зомбулукту жоюу боюнча окуудан өтүштү

2022-ж., 12-January

Бишкек, 2022-жылдын 12-январы - 11-12-январда Бишкек шаарында ЕБ-БУУ “Тендик нуру” демилгеси “Гендердик маалымат борбору” ассоциациясы менен биргеликте KyWRAW тармагынын мүчөлөрүнө «Жумушчу орундагы асылуу жана зомбулуктун өзгөчө түрлөрү» деген темада тренинг өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты: аялдар кыймылынын күч-аракеттерин бириктирип, жалпы коомчулукка жумушчу орундагы зордук-зомбулуктун жана асылуунун терс кесепеттерин жана бул маселелерди мыйзамдык деңгээлде жөнгө салуу зарылдыгын жеткирүү.

«Тендик нуру демилгесинин өзөгүн гендердик зомбулук темасы түзөт. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулукка гана эмес, биздин коомдук мейкиндикте анчалык жакшы чагылдырылбаган зомбулуктун башка түрлөрүнө да көңүл бурулуп жатканы абдан маанилүү. Тармактын мүчөлөрүнүн ар кандай маселелер боюнча коомдук кысым көрсөтүүнүн потенциалы жана практикалык тажрыйбасы мурунтан эле бар. Бизде ошондой эле бул адвокациялык иш-чараларды өркүндөтө турган ресурстук платформасы болот. Тренингдин алкагында пландаштырылган маалымат сессиялары билим берүү чөйрөсүндө, саламаттыкты сактоо тармагында, студенттердин, журналисттердин жана укук коргоо органдарынын арасында өткөрүлөт деп ишенебиз, анткени бул түзүмдөр биринчилерден болуп, системанын бөлүгү болгону менен, сексуалдык асылуу фактыларына жооп кайтарышы керек», тренер Анара Ниязова деп айтты.

Эки күндүк тренингдин алкагында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 40 KyWRAW тармагынын мүчөлөрү асылуу маселеси, анын ичинде жумуш орундагы зомбулукту жана асылууну жоюу боюнча мыйзам долбоору боюнча өз билимдерин көтөрүштү. Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар тарабынан асылуу көйгөйү тууралуу коомчулукка маалымдоо боюнча бирдиктүү иш-чаралар планы түзүлүп, кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.

«Бүгүн биз теориялык бөлүгүндө билимге ээ болдук. Биз азыр бул теорияны пландаштырылган иш-чараларыбызга жана уюмубуздун ишмердүүлүгүнө киргизишибиз керек. KyWRAW тармагынын мүчөлөрү катары, окуудан өткөндөн кийин азыр өзүбүздүн ролубузду, эмнеден башташыбыз керектигин жана жумушчу орундагы асылууга кантип каршы туруу керектигин так түшүндүбүз. Мыйзамды гана өзгөртүү менен чектелбестен, калк менен иштешибиз керек, алар асылуу көйгөйүн моюнуна алып, аны чечүүнүн жолдорун табышы керек”, - деп бөлүштү Авазкан Ормонова, тренингдин катышуучусу, «ДИА» Коомчулук Фондунун жетекчиси.

Маалымат үчүн:

KyWRAW тармагы (Кыргыз Республикасындагы аялдардын укуктарынын мониторинги боюнча жарандык сектор уюмдарынын тармагы) 2011-жылы Кыргыз Республикасындагы аялдардын саясий жана экономикалык укуктарына мониторинг жүргүзүү жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Тармакка Кыргызстандын бардык аймактарындагы укук коргоочу бейөкмөт уюмдар кирет.

Евробиримдик менен БУУнун Тендик нуру" биргелешкен демилгеси жөнүндө

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык Spotlight демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасын ишке киргизди. Программанын максаты - Кыргызстандын бардык аялдары жана кыздары, өзгөчө аялуу катмары зордук-зомбулуксуз жана зыяндуу адаттарсыз, анын ичинде жашы жете элек никеге туруу жана ала качуусуз жашаган чөйрөнү түзүү. Программа интеграцияланган саясаттын жана мыйзамдардын комплексин, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктан аман калгандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоону камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ Аялдар, ЮНФПА, ПРООН, ЮНИСЕФ жана UNODC) тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы жетекчилиги астында ишке ашырылат.

 

Медиа байланыштар

Айнагул Абдрахманова

БУУӨтүн коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы

ainagul.abdrakhmanova@undp.org

+996 770 755 776